Сокулукта Советтер Союзунун Баатыры Сергей Гущиндин маалымат тактасы ачылды
20.06.20229-июнь күнү Сокулук районуна караштуу Алымкул Жакшылыков атындагы №1 мектеп-гимназиясында кош майрам болуп өттү. Биринчиден, бүтүрүүчүлөр үчүн акыркы коңгуроо кагылса, экинчи майрам Советтер Союзунун Баатыры, Ооган согушунун катышуучусу Сергей Николаевич Гущиндин мектептеги маалымат тактасынын ачылышы болду. Мындай демилгени Жогорку Кеңештин экс-спикери Канатбек Исаев көтөрүп чыгып, маалымат такта анын колдоосу менен орнотулду. Салтанатка Канатбек Исаев катышып «Сергей Гущин бир кезде ушул мектепте окуган, ошондуктан анын эрдиги өсүп келе жаткан муунга үлгү болсо туура болот деп чечтик», — деп түшүндүрдү.
Эске сала кетсек, Советтер Союзунун баатыры наамын эки гана мекендешибиз алган. Алар — сержант Юрий Исламов (көзү өткөндөн кийин сыйланган) жана капитан Сергей Николаевич Гущин. Кыргыз баатырлары унутта калбасын!