Сойку болушума апам күнөөлүү…

Сыртта суук, кыш өз өкүмүн жүргүзүп чыкыроон бетти аймалайт. Айлананы ак кар, көк муз каптаганы качан.

Жумуштан кечигип келе жатып,сыртта бүрүшүп олтурган Наташаны көзүм чалды. Наташа биздин коңшу кемпирдин, каза болгон уулунан калган небереси эле. Кичинекийинде чачтарын саксаңдатып, чоң энесинин жанында эрбеңдеп кошо жүрчү кийинчерээк, бой тарткандан кийин апасына кетип, чоң энесине аз каттап калган жайы бар. Наташа бүрүшүп, бурчта олтурганын көрүп боорум ачып, кепке тарттым.

  • Наташ, бул жерде эмнеге олтурасың?
  • Жөн эле деп, кирпиктери суулана түштү.
  • Жүрү үйгө кир, үшүп калыпсың го.
  • Ии деген болду.
  • Чоң энең жок бекен?
  • Ооба, деп көзүн ала качты.

 Мен астыга озунуп, каалганы ачтым да Наташаны үйгө баштап кирдим. Дароо эле, ашканага өтүп чай коюп конок камын көрө баштадым. Чай астыбызга келгенде, сууктан киргенгеби Наташанын бети, анардай кызарып чыкты. Наташа көзүмө жүдөп калгандай көрүнүп турду.

  • Бурма эже неге жалгыз жашайсыз? Адилет менен Айбарчын кайда деп суроо узатып калды Наташа.
  • Сен аларды унута элексиңби? Мен таң кала сурадым.
  • Кайдан унутмак элем. Биз короону башыбызга кийип ойногон күндөр дале эсимден кетпейт. Ал күндөр башкача, кез экен го деп оор улутунуп алды. Мен чочуй, астырттан Наташага көз жүгүрттүм. Анын өңү бузула түшкөнүн байкап, сөздү башка нукка бургум келди.
  • Адилет армияда кызмат өтөп жатат. Айбарчын турмушка чыгып уулду болгон. Жолдошум болсо айылга кеткен деп кошумчаладым.
  • О-ой Айбарчын чын эле балалуу болдубу, кол чаап чын дилинен кубанып турду. Көлдүн өңүндөй туптунук көгүш көздөрү бактылуу, күлүмсүрөдү.
  • Ооба чын.
  • Оо, браво!

  Экөөбүз тең күлүп калдык. Жакшы маанайда тамактандык. Жатууга кезек келгенде, Наташага конок бөлмөгө жай салып, жанына өзүм кошо жаттым.

   Кечке чарчагангабы бат эле уктап кетипмин. Ойгонсом Наташа балкондо тамеки тартып туруптур. Кимдир бирөө менен телефондо урушуп жатканын кулагым чалды.

  • Жок! эми мен сенин айтканыңды эч качан аткарбаймын! деп кыйкырып телефонду коюп салды да ыйлап жатты. Байкасам көпкө чейин ыйы токтогон жок. Акырын чыгып, чачынан сыладым да жанына олтурдум.
  • Сиз баарын уктуңузбу?- деди ый аралаш.
  • Жок. Эмнени угушум керек?.. Дедим.
  • Эже арак ичким келип жатат. Кызымдай кыз ошондой сөз айтса, денем калтырап кетти да акырын ашканага барып, коноктордон калган коньяктан куюп келдим.

Рюмканы дем албастан жутуп жиберип, кайрадан тамеки күйгүздү.

  • Жүрү ашканага эле баралычы дедим.
  • Макул деп артымдан ээрчиди. Чай койдум, чай жаңы астыбызга келгенде телефону кайрадан чырылдады.
  • Барбайм, дедим го деп Наташа жиндене телефонду өчүрүп салып, чайдан уурттады.
  • Эже, Наташа ыйлачуудай үн катты.
  • Ии дедим.
  • Мен сойку болуп иштейм деди.

Ишенкиребей карадым.

  • Таң калбай эле коюңуз, чын эле мен сойкулук мектебинен билим алдым деп койду кайдигер. Менин мугалимим, “апам”,  мага көңүл бөлбөй кеп учугун улады. “Өзүңүз билесиз атамды эстей албай калдым. Мен жаңы төрөлгөн жылы каза тапкан экен. Апам мени чоң энеме калтырып, башкага турмушка чыгып кетиптир.

       Каникулда эле апама барганым болбосо башка учурда барууну, эсиме деле алчу эмесмин. Ар жылы барганымда апамдын жанында ар башка эркек болор эле.  Алардын кимдер экенине деле маани бөлбөсөм керек. Көрсө апам турмушка чыкпай эле ойнош ойноп жүргөн тура.

   Мен тогузунчу класты аяктаган жылым, апам ооруп эрте эле каникулга чыгып, кол-кабыш кылганы барып калдым.

    Эшиктен кирип босогону аттай бергенимде, апамдын шишимик тарткан көздөрүн байкадым. Суз учураштык, көп өтпөй бир эркек колуна баштык көтөрүп кирип, жакшы болдуңбу деп койду.

   Апам, жан алы калбай калды. Тасмал жайып, шамды айланган көпөлөктөй ал эркекти айланчыктаганы мага жаккан жок. Ал апама көңүл бөлбөй эле сугалактана мени карайт. Тамак менен кошо менин келишимди белгилеп экөө арак ичишти.

   Мен ал күнү эрте жаттым. Бир кезде бирөө денемди сыйпалагандан чочуп ойгонсом, жанагы биз менен чогуу чай ичкен Миша байке.

  • Эмне кылып жатасыз дедим.
  • Акырын, үнүңдү чыгарсаң жайлап саламын. Жалаңдаган бычакты моюнума такады.

  Колу-бутумду кайрып, жан талаша мени чечинтип кирди. Колумдан келишинче каршылык көрсөтүп, өкүрүп-бакырып апамды жардамга чакырдым. Бирок апам басып келген жок.

     Алышып жатып шайым ооп акыры анын, калоосуна баш ийүүгө мажбур болдум.

  Ич кийимимди жыртып, жан жериме катуу нерсени киргизип жиберди.

  • Апа деп бир кыйкырып, серпилип алдым. Түнү бою мени уйпалап, жанынан чыгарган жок. Эртең менен таң ата ойгонсом экөө эч нерсе болбогон өңдүү чай ичип олтурушуптур. Жүгүрүп барып, Мишаны бетке чаптым.
  • Ой кантет деген болду.
  • Ай эмне болуп кетти апам мени урушуп кирди.
  • Кечинде мени зордоп салды десем апам эч нерсе болбогондой, кол шилтеп койду.
  • Чоң энеме кетем дедим.
  • Апам мени карап анан сүйлөшөбүз, деп койду кайдигер.

Чай ичип бүтүп, Миша бир жакка кетти. Апам менин чачымдан сылап, мени кечир! Миша киши өлтүргүч. Мен андан корком деди. Милицияга кабар берели десем, бат эле чыгып келет тааныш-тамыры көп деген болду.

  • Кеч да кирди. Миша эки эркекти ээрчитип келди. Тамак ичип, аракка тойгондон кийин экөө мени түнү менен уйпалашты.

  Уйпаланып ызаланган мен таң эрте качып кетүүнү ойлоп сыртка чыксам, Миша кармап алып,

  • Эгер кетчү болсоң, апаңды андан кийин, чоң энеңди мууздап салам деди.
  • Кетпейм деп жооткоттум. Ошол күндөн бери сойкумун. Акчасын апам алат экен. Аны кечээ жакында билип качып кеттим. Мен Мишаны калп эле жаман көрүп жүрүпмүн деп көзүндөгү салаалап аккан жаштарды аарчыды.

Мен болсо, уккан кулагыма ишенбей, оозума кеп кирбей, элтейип тура бердим.

Асылкан Бишкек шаары

Булак: Bulut.kg