Сойкулук кесибим эмес…

Сойкулук кесибим эмес…

13.07.2019 Выкл. Автор bulut.kg

Жумуштук сапар менен борборго бет алдым. Мен жайгашкан мейманкана өтө элиталык болбогону менен адам аз, таза тыкан көрүндү. Жактырып жайгашып алдым. Күндүз келгендигим үчүн эки адамдык бөлмөдө азырынча жалгызмын.Тоо жакты карап турган терезени ачып коюп, сыртка тигилем. Айлана кооз студент кезим өткөн борбор калаа көзүмө сүйкүм көрүнөт. Бирок, менин студент кездеги жашыл шаар аталган борбордон дайын жок.

 Күн уясына кылкылдап батып, асманда бирин серин жылдыздар чыкканына кубана терезени жаптым. Кызык бүгүн бул бөлмөдө жалгыз түнөсөм керек деген ойго жетелене муздаткычка салып койгон тамак ашымды алып чыгып, тамактандым. Жалгыз олтуруп ээригип, телевизорду жандырып, индия каналынан кино көрө баштадым. Индия кинолорун бала кезимден бери сүйүп көрөм. Эргүү менен көрүп атып уктап кетипмин. Кечке ысыкта жол жүрүп чарчап келгенгеби, катуу уктапмын. Телевизордо кино эчак бүтүп, башка кино ортолоп калгандай. Чочуп ойгондум. Тим эле согуш болуп, кимдир бирөөнү өлтүрүп жаткандай ызы чуу. Мен жайланышкан бөлмөдөн кийинки бөлмөдө кыйкырык болуп жатыптыр. Тыңшап калдым. Аял кишинин жардам сураган үнү чыгат.

  • Коё бериңизчи, суранам?
  • Ээ, айтканды аткар! Эркектин күрүлдөгөн добушу. Кызбы, аялбы айтор катуу кордолуп жатты. Өпкөлөп ыйлады жалынды. Бир кезде ачуу чаңырып барып, үнү чыкпай калды. Ким болсо деле боорум ачып чыдабадым, сыртка чыгып. Эшигин такылдаттым.
  • Ким керек?
  • Тынчтык керек дедим.
  • Бара бер тынч элебиз мас эркектин кыжырданган добушу чыкты. Кайра келип бөлмөмө жаттым. Кайдагы уйку. Тигил “зөөкүр” өлтүрүп салды көрүнөт тигил байкуштун үнү чыкпай калды деп, кыжаалат да болуп алдым. Көп өтпөй дүпүлдөгөн добуш чыгып, баягы аял колидорго качып чыкты өңдөнөт. Артынан чыккан эркектин сабап жаткан добушу угулду.
  • Жардаам. Мени өлтүрүп жатат! Аял кыйкырып жатты. Эч ким жардамга кол созбоду. Чыдабай сыртка чыктым. Аял дегеним эне сүтү оозунан кете элек жаш кыз экен. Көрүп алып оозум ачылды. Күлтүйгөн эркек чачынан сүйрөп бөлмөгө алып кирүүгө тырышып жатты. Тигил кыз каршылык көрсөттү эле жаака чаап жиберди.
  • Эй токтот! деп кыйкырдым.
  • Сен кимсиң? Ишиң эмне деп тиги “топоз” мага опурулду.
  • Сени милиция берем дедим.
  • Мениби, “топоз” каткырды. Аңгыча, мейманкананын күзөтчүсү көрүндү. Мени карап, “эже жардам керекпи”- деди.
  • Ооба, тигилер уйку бербей тажатышты дедим кейий.
  • Эй, киргиле бөлмөңөргө! Тигилерге карай кол жаңсады.
  • Мен кирбейм. Кыз каяша айтты.
  • Эмнеге кирбейсиң, сени мен сатып алгам. Бет талаштыра уруп калды.
  • Эй токтот урганыңды жанына жетип бардым.
  • Сен эмне эле ушул “сойкуну” аяп калдың, же энеси болсуңбу  деди топоз мени карай кыйкырып. Ток ургандай бүт денем зыркырап этти. Тиги кишини жаак талаштыра чаап жибердим. Мага жулунду эле күзөтчө кармай калды. Күзөтчүгө бурулуп, тиги зөөкүрдү чыгаргыла болбосо, азыр мен тийиштүү жерге чалып, чара көрөм дедим.
  • Эже бизде акчасын төлөгөн кишини сыртка чыгарууга акыбыз жок дейт.
  • Ии акча төлөп коюп адам өлтүрүп жатса делеби?
  • Чакыр администраторуўду?
  • Азыр күзөтчү шашып кетти. Аңгыча жаш эле жигит жаныма келип,
  • Эже кызмат?..
  • Мындай иним. Тигил кишини башы менен жер сүзгөн масты көрсөттүм. Көзүмө көрсөтпөй жогот. Болбосо, жаман болот.
  • Жүрү. Тигил топозду жетеледи.
  • Барбайм, тиги сойкуну кошо ала кетем. Тигилер кызды жүрү дешти. Кыз байкуш менин артыма жашынды.
  • Буга тийбей тигиге чара көргүлөчү деп жибердим. Кишини алып кетишти. Колидордо кыз экөөбүз эле калдык. Жүрү бөлмөгө. Кыз ишенкиребей артымдан ээрчиди. Артыбыздан жете келген күзөтчү эже,
  • Бул сойку да деди.
  • Эмне болуптур дедим жекире карап,
  • Эгер бир нерсеңиз жоголсо. Биз жооп бербейбиз?
  • Ал жагынан кыжаалат болбой бара берчи. Күзөтчү унчукпай жоголду. Бөлмөнүн эшигин ачып, кир дедим.
  • Кыз кирип, ваннага кирсем болобу?-деди
  • Болот. Жуунуп чык. Кыз көпкө жоголду. Ваннада сууну агызып коюп, ыйлап жатканы угулуп турду. Ыйлап алсын, өзүнө келет деп тим койдум. Кєпкє барып, сыртка чыкты.
  • Кел чай ич…
  • Жоок, рахмат! Ичтим.
  • Тартынбай иче бер. Айласыз жаныма олтурду. Бул кесипти таштасаңчы? Кыз мени жалт карады.
  • Сизда мени сойку деп ойлоп атсаңыз керек. Мен сойку эмесмин ыйлап жиберди. Эмне деп сооротуунун амалын таппай мостойдум.
  • Туура атамдай киши менен мейманканада көрсөңүз “сойку” дебей эмне демексиз. Көзүнүн жашын сүртүп ыйлап жатты. “Апам жаштайымда каза болуп, беш жашка чыкканым да өгөй энелүү болдум. Атам жумушка кеткенде кулдай жумшачу. Ошентип, кордук көрүп жүрүп, чоңойдум. Атама айтсам барыбир ишенбейт. Себеби, атам барда башкача көзүмдү карап калат. Мектепти бүтүп жогорку окуу жайга тапшырдым, бир күнү атам алыска кызматтык сапарга кетип жатканын айтып, үйгө барып туруумду өтүндү. Сабактан соң барсам эшик бек. Такылдаттым, эч ким жооп бербеди атам берген ачкыч менен ачып кирип бардым. Атамдардын уктоочу бөлмөсүнөн үн чыгат. Оюмда жамандык жок эле ача салсам, көзүң жамандыкты көрбөсүн өгөй энем менен чоочун киши дырдай жылаңач иш кылып жатышыптыр, эшикти шарт жаба салдым. Жүгүрүп сыртка чыгып, подьездин астындагы олтургучка олтура кеттим. Артымдан өгөй энем чыкты.
  • Жүрү үйгө.
  • Кирбейм дедим. Аны муну айтып мени алдап алып кирди. Тиги киши кетсе керек көрүнбөйт. Кечирим сурады. Жалынды атама айтпашымды өтүндү. Мен барыбир бир күнү жиниме тийсе айтарымды эскерттим. Экинчи мени капа кылбашка сөз берди. Атам сапардан  келди. Мен жатаканага кеттим. Тамак ашты мол кылып,акчадан кенен берип узатты өгөй энем. Ошентип, өгөй энем мага жакшы карап калды. Арадан алты ай өткөндө атам дагы командировкага кетти. Сабактан чыгып бардым. Өгөй энем тасмал жазып жатыптыр.
  • Бирөө келеби?
  • Ооба, курбуларым келет. Сен балдарды бакчадан, мектептен алып келе калчы деди. Макул болдум. Эки иним бар эле экөөнү алып келдим. Үй ичи бака шака. Төрт аял майрамдап жыргап жатышыптыр. Мени көрө сала өгөй энем,
  • Бул биздин периште кызыбыз аты Айдай.
  • Оо, жакшы Айдай кел. Биз менен олтур. Жандарына олтурдум. Шыкап атып, вино ичиришти. Мас болуп башым айланып баратканын билем ойгонсом, бир кишинин койнунда жатыпмын. Тура калдым ыйладым, кыйкырдым. Ошол кезде өгөй энем кирип келди
  • Ии кызыке, кандай анан астыма акча ыргытты. Мындан ары тамак ашка. Контракка өзүң акча табасың, болбосо бул сүрөттөрдү атаңа көрсөтөм. Менин эркектер менен кошулган сүрөтүм. Эмне болгонуна башым жетпей башымды мыкчыдым. Ошол окуядан бери контрак төлөөрдө өгөй энем мени “сойку” катары сатат. Каршы чыга албайм. Айыбым атамдын астында ачылбасын деп корком” деди көзүнүн жашын жамгырдай төгүп. Кантип соороторду билбей, жан дүйнєм жанчылып олтурам. Түбүң түшкүр  дүйнө ай…

Булак: Bulut.kg