Сен менин сүйүүмдү уурдап кеттиң!..
31.10.2020Менден качкан качанкы бир сүйүүмдү өчүрбөй көкүрөгүмө сактап, ошону менен жашап келем. Ооба, ал адам эчак эле жүрөгүмдүн түпкүрүнөн орун алып алган. Ойлосом оюман, уктасам түшүмөн кетпей кыйнайт. Деле көр муну! Анын эмнесине арбалып, эмнесине байландым экен ай?!! Ошону менен таанышканымда бактылуу күнүм азапка айланаарын билсем, мындай күндөр башыма келбейт беле?!!
Алтынбек менен 2017-жылы таанышкам. Ооба, ошол күнү 8-март эле. Курбуларым менен борбор калаадагы кафелердин бирине барып калдым. Тамак-аш алып, кенен-кесир сүйлөшүп олтурдук. Арыдан бери болгуча тез эле күн батып кетти. Алар менен шарактап сыртка чыктык. Ар ким өз үйүнө сапар алды. Мен да 42-автобуска олтуруп, ойлуу бара жаттым. Маңдайымда бир жигит олтурган. Эмне кылып жатканын элес деле албапмын, бир саамда жаныма келип калды.
— Саламатсызбы?
— Саламатчылык!
— Мен… мен сиздин сүрөтүңүздү тарттым эле, жана тигинде олтуруп, — деп калды.
— О-уу, сүрөтчүсүзбү? – дегенимде “Ооба” дегендей башын ийкеди. – Көрсөм болобу?
— Албетте! Мынакей!
— Рахмат, мага абдан жакты. Эстеликке алсам болобу?
— Алыңыз… сизге жакканына кубанып турам. Баса, ысымым Алтынбек!
— Дарыя…
Ошентип, баягы жигит мени үйгө чейин узатмай болду. Автобустан түшүп калып, чоогу басып келе жаттык. Бир кезде тамашалай, кепке тартты.
— Дарыя?..
— Угуп жатам.
— Үйүңүздү көрүп алдым. Сизди ала качып кетсем кандай болот?
— Тамашаңыз жакты мага. Макул анда мен кирейин, кеч болуп кетти…
— Кош деп айтпайм! Көрүшкөнчө!
— Болуптур…
Алтынбек менен телефондон көп сүйлөшүп, тез-тез жолугуп жатып, ага да бат эле көнө түштүм. Бир азга эле жок болуп кетсе, андан чалуу же кат күтмөй деген бир адат пайда болду. Андайда кызганыч дагы күч алат экен. Кызыгы ал экөөбүз тең бири-бирибизге жактыруу сезимибизди ачыкка чыгарбадык. Жөн гана дос катары жүрө бердик. “Сен мага жагасың” деп андан биринчи озунуп айтуу мен үчүн ушунчалык оор турду. Кантсе да, кыздык намысым жол бербеди окшойт.
Ошентип, коёндой окшош күндөр өтүп жатты. 12-августь өздүк майрамым. Ошол жылы туугандардын, курбуларымдын сунушун четке кагып, ал күнүмдү
Алтынбек менен гана тосмой болдум. Экөөбүз Ысык-Көлгө сапар алдык. Ошол күн менин өмүрүмдөгү эң бактылуу күн болгонун билсе гана?!!
Көлгө бир түштүк, сейилдедик, бир жүрдүк… Аны менен чоогуу жүрүү, чогуу тамактануу жана чогуу уктоо мен үчүн ченебес бакыт болду. Албетте, бир бөлмөдө уктадык. Бирок, экөөбүз эки башка төшөктө. Балким, башка эркектер болсо, мени баса калмак болуш керек. Алтынбегимди чыныгы эркек деп баалап турдум. Ал ошол түнү 101 роза шакеги менен тартуу кылып, колумду сурады. А мен сүйүнгөнүмдөн эмне деп жооп кайтараарымды билбей турдум.
Ошол түнү жанында мемиреп уктагым келди. Бирок, буга чейин бир да эркектин кучагына баткан эмесмин. Бир чети абдан корктум. Анан ал — Кел уктагыча чоогу жатып туралы, — деп чакырды. Экөөбүз көп нерсени сүйлөшүп жаттык. Бир саамда – Мейли, эс алалы! Жакшы эс ал! – деп жүзүнөн өөп, өз керебетиме келип жаттым. А Алтынбегим жылмайган бойдон уйкуга кете бердиң. Ошентип көлдө үч күн болдук. Төртүнчү күн дегенде гана борбор калаага сапар алдык. Ошону менен жарым жылдай убакыт өтүп, биз баш кошмой болдук. Сүйүнгөнүмдөн солкулдап ыйлап турдум. Ата—энемди кучактап алып ыйлап жаттым. Жеңелерим мени жасантып жатышты. Бир саамда сыртта күпүлдөгөн үндөр угула баштады. Апам келип, мени төркү бөлмөгө жетелеп кирип кетти. Эмне болуп жатканын түшүнбөй, оюмда “Кайын журтум келишкен го” деп коём. Бир кезде жеңемдер келип, мени кармап, “Адилеттен айрылып калдык, сабыр кыл кызым” деди апам. Мен уккан кулагыма ишенбей, алка-шалка түшүп, ыйлап жаттым. Кең ааламга батпай, ботодой боздоп жаттым. Бир кезде кандай күч келди билбейм, жеңемдин колунан суурулуп чыгып, сыртка жөнөдүм. Үлпөт кийим менен жүргөн элем. Сыртта Адилеттин иниси туруптур, — Адилет кайда? – деп собол салсам, ал ыйлап жиберди да, — Ооруканада. Үйгө чыгарып кетишти болуш керек? – деди. Борбордук ооруканага машинемди айдап алып жөнөдүм. Менин менен бир жеңем чуркап келип, артына олтуруп алды. Жол боюу – Кой сиңдим, уят болот. Жүрү, үйгө кетели, — деп жалбарып келе жатты.
— Жеңе, байкем өлүп калса, уят болот деп төркүнүңүзгө кетип каласызбы?
— Эми ал башка иш да?
— Түшүнөм, бирок мени түшүнүңүз, — дедим.
Жеңем унчукпай калды. Болбосо, ал да менден бетер ыйлап алган. Ошентип, бейтапканага кирип бардым. – Жаңы эле алып чыгып кетишти, — деп жооп узатышты. Мен токтоно албай, буркурап ыйлап жаттым. Түбүң түшкүр дүйнө! Ачуу сөздөрүм менен ажалды каргап-шилеп жибердим. Ошол күн 20-сентябрь болчу. Андан бери бир нече ай өттү. Азыр да андан бетер абалым оор. Мындан ары кантип жашаарымды билбейм? Туура, бул да болсо тагдыр деңизчи. Ага көнбөскө арга барбы?!! Бирок… Алтынбек түнү түшүмөн, күнү көз алдыман, бассам-турсам оюман кетпейт. Көрсө, мен болгон өмүрүмдү эрте эле ага арнап койгон экем… Эми эмне кылам? Кантип мындан аркы жашоомду улап кете алам?
Дарыя, Бишкек шаары.
Айбек НУР