Сен дегенде кыялдарым кыялдар…
12.08.2019Качан кай жерден таанышкандыгыбыз эсимде жок. Бирок экөөбүздүн таанышканыбызга көп болгон. .Жолуккан жерде саламыбыз түз эле. Карагаттай көздөрүң, кундуздай кара чачтарың, бир көргөн адамды кайдыгер калтырбайт. Бирок негедир ага катары мамиле жасачумун. Эркек катары эч кызыгып көрбөпмүн. Канча жоолу сыр чечише сүйлөшкөнүбүз менен кандайдыр бир сезим пайда болбогон. Же экөөбүз тең үй-бүлөлүү болгонубуз үчүн, кандайдыр жеңил ойлуулукка алдыргыбыз келбегендир, ким билсин. Биздин жакын мамиле кантип башталып кеткенин билбейм.
Жан дүйнөм жабыркап, жакшы сөз уккум келип жүргөнүмдө, сенин жылуу сөзүң аяган көз каршың мени жибитткендир. Ким билсин, айтор, ортодо бир жылт эткен жылуу мамиле пайда болгон.
Негедир колума калемсап алып сен жөнүндө жазгым келди. Бирок эмнени жазам, утурумдук мамилениби? Же болбосо бири-бирибизди аяп, көңүл калбасын дегенибиздиби? Ойлордун орошонунда калып барам.
Сени ойлогондо бир жылмайып алам, бат эле жиниң келип таарына түшкөнүң жана ууртуңдан жылмайганың абдан жагат.
Мен сени жанымда түбөлүк элестетпейм. Биздин жолдор эки айрылыш. А бирок жашоодо ушундай жан дүйнөсү таза эркектер бар экенин туйгандыгым үчүн, өзүмдү бактылуу сездим.
Кыйын кезеңде жанымда болуп, жакшы сөз жагымдуу кеч тартуулаганың үчүн асмандын жетинчи кабатында жүргөндөй сезгеним, бакыттын жылт эткен учкундары экенин тана албайм. Көп жылдар боюу кызганчаак ары жеме кор күйөө менен жашап, эркиндикке чыкканда сага жолуктум. Бирок дайыма жолдошума отчёт берип көнүп калган жаным, сурабасаң деле эмне жумуш жасаганымды айта берем.
Сен акылдуу жансың, акырына чейин унчукпай угасын да билген кеңешиңдин айтасын. Тообо, жашоодо ушундай тегиз адам болот экен ээ, дейм. Ааламды сел алса ашыгынан келбеген инсан. Убактылуу болсо да жакшы адам менен мамиле түзүп жатканыма ыраазы болуп кетем. Жакшынын жакшылыгы жукса экен дейм. Мурун бирөөлөр кучакташуу же болбосо өбүшүү жөнүндө сөз козгосо итиркейим келип кетчү. Сага жолуккандан бери башкача пикирге ээ болдум. Кайра-кайра өпкүм келет.
Баягы китеп, гезиттерден окуган «эриниң бал» деген ырларга жооп тапкандай болом. Мурун өбүшкөндө думугуп кетчү жаным, бир өпкөнгө зар боло баштадым. Кызык дейм, башкасына деле ыразымын. Өбүшөп койсо болду. Мен жинди болуп баратамбы же чын эле өпкөн да өзүнчө искусствобу?
Түн бир оокум. Сыртта жамгыр дыбырап жатат. Сени ойлойм, жамгырда жолукканыңды эстейм, уктап жатса керек деп алып сагынып кетем.
Колум телефонго жабышат. Сүйлөшкүм келет. Кайра ал оюмдан кайтам. «Кой, уйкусун бузбайын, чарчаса керек» дейм. Болбой эле СМС жөнөтөм. Түн узаргандан узарып барат. Сага арнап ырлар жазам…
Булак: Bulut.kg