Сасык тумоого кабылгандар ооруканага батпай жатат

Сасык тумоого кабылгандар ооруканага батпай жатат

23.12.2019 Выкл. Автор bulut.kg

Кыргызстанда соңку жумада курч респиратордук вирустук инфекция (ОРВИ) менен ооругандардын саны көбөйүп, бейтаптар ооруканага батпай жатат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынын жетекчиси Гүлжигит Алиев билдиргендигин жазып чыкты.

Буга чейин аталган агенттиктин редакциягсына окурмандар кайрылып, аталган ооруканага кайрылган балдар батпай коридордо жатып калганын айтышкан. Ошондой эле убагында карабай жатат деп дарыгерлерге нааразы болушкан.

Гүлжигит Алиевдин айтымында, 400 кишиге ылайыкталган ооруканада 495 адам дарыланууда. Анын 400дөн ашыгы жаш балдар, бөбөктөрдү карап энелери да жатат. Жалпысынан 800гө жакын адам бар. Ал эми сыркоологон чоң кишилердин саны 74.

«Биз жугуштуу илдеттерди дарылаган жалгыз ооруканабыз. Кайрылгандарды эртең же бүрсүгүнү кел деп айта албайбыз. Себеби ооруларды тез арада дарылабаса өтүшүп кетет. Акыркы жумада сасык тумоого кабылгандардын саны өстү. Күнүнө 300-350 адам келип жатат. Биз коридорго, холлго болсо да жаткырганга аракет кылабыз. Бирок алар жерде жатпайт, керебет, шейшеп, жуурканын беребиз. Дарыгерлер күн-түн дебей иштеп, болгон аракетин көрүп жатат, — деди ал.

Алиев жыл сайын кыш мезгилинде мындай окуялар кайталанып турарын айтып, жаңы имарат салуу менен көйгөй чечилерин кошумчалады.

Ал эми Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору учурда курч респиратордук вирустук инфекция (ОРВИ) менен катталгандардын саны нормада экендигин билдиришти.

Дарыгерден сасык тумоону алдын алуу үчүн кеңештер:

  • ооруга кабылган адамдын жанына жолобоо;
  • эл көп чогулган жайларга барбоо;
  • витаминдүү тамактарды колдонуу;
  • жеке гигиенаны сактоо;
  • таза абада дем алуу;
  • уйкуну кандыруу;
  • тамакка пияз менен чеснокту колдонуу.

Булак: Bulut.kg