Сапар Исаков камерадан чыгуудан баш тартты

Сапар Исаков камерадан чыгуудан баш тартты

25.10.2019 Выкл. Автор bulut.kg

Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) жаңылоодогу жемкорлук боюнча айыпталып жаткан мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков убактылуу кармоочу жайдын камерасынан чыгуудан жана сот отурумуна катышуудан баш тарткандыгын анын адвокаты Замир Жоошев билдирди.

Жоошев мамлекеттик айыптоонун далилдери жетишсиз болгондуктан, буга чейин мыйзам бузганы үчүн сыртынан соттолуп, издөө жарыяланган адамдардын көрсөтмөсүн кошууга аракет кылып жатканын айтты.

2018-жылы кыш чилдеде, ЖЭБдеги авариядан кийин борбор калаа бир апта боюу жылуулуксуз калган. Териштирүүдөн соң, оңдоп-түзөө иштеринде коррупция бар экени аныкталып, кылмыш иши козголгон. Буга байланыштуу мурдагы өкмөт башчылар Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев баштаган жоон топ аткаминелер камалган. Аларга «Коррупция» жана «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренелери менен айып коюлган.

Учурда иш Свердлов райондук сотунда каралууда.

Булак: Bulut.kg