Самат Исманов Жогорку Кеңештин депутаты: “Апамдын жанында азыр да өзүмдү бала сеземин”
06.07.2021–“Баланын ойногонунан, казандын кайнаганынан” демекчи, бала кезде ким болом деп кыялданчу элеңиз?

–Апамдын айтуусунда, кичинекей кезимде мектептин директору болом деп кыялданчу экем. Эс тартып калганда милиция болом деп кыялданып, ал максаттар орундалып, милиция болуп иштеп жүрдүм. Ал эми Жогорку Кеңешке депутат болом деп ойлогон эмесмин, ушул күндү буйруган экен, эл кызматында иштеп жатабыз. Айылдык кеңеште, Токмок шаарында 4 жыл депутат болуп эмгектендим. Жогорку Кеңешке депутат болуп келгенче Токмок шаардык кеңешинин депутаты, социалдык тармактар боюнча комиссиянын төрагасы болуп иштедим.
–Мектепте алдыңкы окуучу болчу деп угуп калдык…

–Ооба, мектепте лицейге кеткенге чейин Ардак тактада сүрөтүм илинип турчу. Андан кийин Түрк лицейинде 4 жыл окуп, олимпиадаларга катышып, 18 жолу республикалык олимпиадада биринчиликти алдым. Ушунун баарында апамдын салымы зор. Атабызды кечинде гана бир убакта көрчүбүз, эртең менен турсак жумушуна кетип калган убак болоор эле. Атам Токмокто 10 жыл башкы врач болуп иштеди, иш сапары менен көп үйдө болчу эмес. Апам биздин билимибизге көп көңүл бурду. Күн сайын күндөлүгүбүздү текшерип, ар бир алган баабызга жооп берчүбүз. Кудайга шүгүр, апамдын мээнети, биздин аракетибиз текке кетпей, азыр 6 тилде эркин сүйлөп, ой жүгүртө алабыз.
–Канча тил билсең ошончо мадиниятты билгениң дешет…
–Түрк лицейин бүтүп, түркчө-англисче эркин сүйлөп калдым, Казакстанда 5 жыл окуп, жашап казакча, кытайлар менен 7 жыл иштеп кытайча пикир алышып калдым. Буга кыргыз, орус тилдерин кошсок болот. Тагдырдын буйругу менен ушундай мүмкүнчүлүккө ээ болдум. Иним экөөбүз карапайым үй-бүлөдө, дарыгерлердин үй-бүлөсүндө эл катары эле жашадык. Менин досторум жумасына 100-200 сом алып келсе, менде андай мүмкүнчүлүгүм жок болчу. Бала кезден акчага эмес акылга баш ийдирген ата-энеме ыраазымын. Чынында, байлык деле, мансап деле анчалык мааниге ээ эмес, баары убактылуу, учу көрүнбөгөн нерсе.
–Жашоодогу хоббиңиз эмне? Жан дүйнөңүз эмнеге жакын?
–Токмокто бокс федерациясынын төрагасымын. Өзүбүздүн спортзал бар. Бокска барганда да, спорт залга барганда да апам каршы болду. Олимпиада чемпиону Каныбек Осмоналиев менен бир атанын балдарыбыз. Каныбек атабыз үлгү болуп, мен да чемпион болом деген жакшы ниеттер менен спортко барганмын. 2-3 жолу катышып, менден жакшы профессионал чыкпай, билим алалы деп билим жолуна кеттим. Спорт менин хоббим болуп калды. Андан сырткары китеп окуу хоббим, күн сайын 1-2 чыгарма окуганды адатка айлантканмын.
–Жашооңузга таасир берип, жол көрсөткөн апаңыз тууралуу учкай маалымат берип кетсеңиз?
–Апанын ыраазычылыгы Алланын ыраазычылыгы дейт. Сага күйө турган, сени сатпай турган, сен кандай болсоң ошондой жакшы көрө турган — ЭНЕ!
Апам 1955-жылы Кемин районунун Кичи-Кемин айылында туулган. Малчынын кызы, өзү врач инфекционист, саламаттыкты сактоонун отличниги. Азыркы убакта Чүй райондук ооруканасында врач фтизиатр болуп иштейт. Атам раматылык да врач болчу. Атам бизди урушуп, жаман сөз да айтчу эмес. Апам бизди: 2 уул 1 кызды тарбиялады десем болот. Апам иним экөөбүздү жакшы окугула деп булгаары тапочка менен сабап, туура жолго үндөп, азыркы биз жеткен турмушка жетеледи. Баары үчүн апама тизе бүгө таазим кылып, ыраазычылыгымды билдирем.
–Апаңызга алгачкы берген белегиңиз эсиңиздеби?
–Апама алгачкы жолу сары-көк түстөгү жоолук белек кылгам. Менимче, туулган күнү болсо керек эле. Апамдын туулган күнү 13-май, келинчегимдин туулган күнү 12-май. Келинчегим экөөбүздүн үйлөнгөнүбүзгө 18 жыл болду, кызым 18 жашка чыгат буюрса. Төрт кыз 1 уулубуз бар. 3 жыл мурун атамдын көзү өтүп кетти, апам биз менен чогуу жашайт. Апамдын жанында азыр да өзүмдү бала сеземин. Апамдын өмүрүн, ден соолугун тилейм. Апаке, оорубаңыз, биздин төрүбүздүн көркү болуп, көп жашаңыз!
Ж. Калдарова