Самара Каримова: “Мен өзүмдү күчтүү айымдардын катарына кошом”
26.03.2019Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артистти, кыргыз элинин сыймыктуу ырчы, актриса, “КЕҢЕШ KG” журналынын тандоосу менен 2018-жылдын мыкты ырчы айымы Самара Каримова.
— Самара айым, чыгармачылыка аралашканыңызга аз болсо да, 20-30 жылдан бери эмгектенип келе жаткан кээ бир инсандарга караганда маданиятыбызга жакшы салым кошо алдыңыз. Маданияттын тузу оор дейт, кантип көтөрүп жүрөсүз?
— Дүйнөдөгү эң жакшы кесип – маданият адамы болуу деп айтсам жаңылышбайм. “Артисттин бир көргөнүн хан көрбөйт, бир көргөнүн ит көрбөйт” дегенге толук кошулам. Ооба, бир гана чыгармачылыкта эмес, пенденин турмушунда да өйдө-ылдый болуп турат. Айдын он беши ачык, он беши караңгы дегендей бул мыйзам ченемдүү көрүнүш.
Убактымды бош өткөргүм келбейт. Андай кезде ыр жазам, жаттайм, жаңы эмгектердин үстүнөн иштейм. Кийин улгайган кезде кадырлуу айымдардын катарын толуктагым келет. Менин элим, үй-бүлөм, жакындарым мени менен сыймыктанып турушса, жакшы атың калса кандай бакыт. Ошол себептен, маданиятты азап-тозогуна карабастан сүйүп, талбай эмгектенип, кызмат кылып келе жатам.
— “Таш ыргытсаң артисттин башына тиет” деген сөз бар. Эл көзүндө жүргөн инсандарды жаман-жакшы кептер ээрчийт дейт. Кээ бир терс пикирлерге көңүл ооруп калган учурлар болсо керек?
— Жаман адамдар, кылмышкерлер көбөйгөндөн көрө артисттер, маданият адамдары көбөйсүн да. Жерибизде дайым жакшылыктар болуп, шаңга бөлөнө берсин. Мага карата айтылган сын-пикирлерге туура эле караймын. Жакшыбы, жаманбы дайыма айтылып турушу керек. Кээ бири билип айтат, кээ бири билбей айтат. Андыктан, мен эч кимге капа эмесмин. Ооба, эч качан териккен эмесмин. Ар бир нерсени жакшылыкка жоруйм.
— Сахна артында бут тосуулар көп болоорун кээ бир жылдыздар жашырышбайт. Мындай учурга туш болгонсузбу?
— Анын баарын айтып отуруштун кереги жок. Бул жашоо өзү ушундай экен. Кастык, көрө албастык, жакшылыгыңа жамандык менен кайтаруу пендечиликте боло берет турбайбы. Туура, мындай көрүнүш эзелтеден болуп келген жана боло берет. Биз эч качан токтото албайбыз. Андайлар кайра адамды чыйралтып, дем-күч берет тура. Адам жан дүйнөсү менен күчтүү болуусу керек. Ага сынып, жок болуп кеткен адамдар да бар. Мен өзүмдү эрктүү, күчтүү айымдардын катарына кошом. Андай нерселерге көңүл бөлбөйм.
— Айтсаңыз, репертуарыңызда канча ыр, канча клип бар? Акындар менен иштешесизби?
— Репертуарымда жүздөн ашык ыр, жыйырмадан ашык клибим бар. Албетте, акындар менен иштешем. Дайыма ырдын сөзүнө, обонуна көңүл бурам. Сөз баккан кыздардын катарына кирем. Өзүмдү патриот деп эсептеймин.
— Ырчы, актрисалыктан башка биз билбеген дагы кандай өнөрүңүз бар?
— Бала кезимде ырларды жазып, сынактардан көп сыйлыктарды алгам. Акындык өнөрүм бар. Андан тышкары кыска чыгармаларды да жазып турам. Келечекте китеп жазып калышым мүмкүн. Анткени, менин ичимде ар кандай чыгармалар кайнап турат.
— Качандыр бир кезде ырчылыкты таштайм деген ойлор келгенби?
— Андай ойлор келген эмес. Чыгармачылык бир кыйынчылык болсо, аны таштап салгыдай оюнчук эмес да. Аны жан дүйнөм менен чындап сүйөм. Түбөлүктүү кыйынчылык болбойт, чыдап койсок баары жакшы болот.
— Өнөр адамы болбосоңуз, кайсы кесиптин ээси болмоксуз?
— Дагы деле чыгармачылыктан кетмек эмесмин. Эгер актриса же ырчы болбосом, журналист, диктор болоор элем.
— Атактуу болгондон кийин жашооңузда бир топ өзгөрүүлөр болсо керек?
— Албетте, көп өзгөрүүлөр болду. Эл сыйлап жаткан соң, элимдин алдында өзүмдү татыктуу алып жүрүүгө аракет кылам. Үй-бүлөлүү болгондуктан төркүндөрүм менен кошо кайын журтумду бирге алып, келиндик милдетти так аткаруу.
Ак сакал аталардан, апалардан дайыма бата алам. Алардын батасы менен агарып келе жатам.
— Чыгармачылыктын чыйыр жолуна жаңыдан түшкөн жаш муундарга берээр кеп-кеңешиңиз?
— Биздин инилерибиз, сиңдилерибизге айтаарым талыкбай эмгектенгиле. Ак эмгек менен гана баарына жетесиңер. Мен кээде жүрөгүм каалап турган нерсени акылым менен чечкен убактарым болот. Кээде акылым айтып турса да, жүрөгүм менен чечем. Жаш муундарга айтарым өз максатыңарды так коюп, эч кимдин ар кандай пикирин укпай, жакшы эмгек жасай бергиле дээр элем. Сахна өзү кичинекей болгону менен, ал океандай чоң. Ага кимдер гана келип-кетпейт. Ар бир инсан хан, ханыша болушуна чын жүрөгүмдөн тилектешмин.