Самара Каримова: Жолдошумдун мээнети чоң болду
05.11.2019Шоу бизнестеги кыргыз ырчыларынан алгачкылардан болуп Самара Каримова 23- октябрда Москва шаарындагы Кремль сарайында жеке концертин берди. Бул долбоорго ырчы узак убакыттан бери даярдык көрүп келген. Мээнети акталып, концерт аншлаг менен өттү.
Самара, даярдыктар оор болду дедиң. Канча убакыт даярдандың?
— Алла Пугачёва, Филипп Киркоров жана башка атактуу ырчылардын Кремль сарайында концерт бергенин көрүп абдан кыялданып, мен дагы Кремлде концерт берейин деп тиленчүмүн. Бардык нерсени жакшы ойлосоң, жакшы болот экен. Концерт берем деп сайтка афишаны бергенде деле эч ким ишенген эмес, “эми сен акча берип койдуң” да деп жаман жагына жорушкан. Идея эки жыл мурда келген. Бирок акыркы алты айдан бери тынбай, күн-түн дебей даярдандык. Кремлдин сарайына орустун алдыңкы мен деген ырчылары эле концерт бербесе, катардагылары бере албайт экен. Оңой менен имараттын жетекчилиги макулдук бербейт дешти. Биз сүйлөшүүлөрдү узак убакыт жүргүздүк. Алар макулдугун бергенде жүрөгүм бир толкуду эле. Элимдин алдында жоопкерчиликти сезип, ошол күндөн баштап даярдык көрүлдү. Жолдошум экөөбүздүн бир бутубуз Бишкекте, бир бутубуз Москвада болуп жатты. Мен жатып алып жардамчыларга тапшырма бергендерден эмесмин. Бүт өзүм чуркап, баш-көз болбосом мен каалагандай деңгээлге жетпей калышым мүмкүн. Жолдошумдун мээнети чоң болду. Мыкты идеяга бай менеджер десем жаңылбайм. Концерттин көп жерине ал көрк берди.
Концертти гимн менен баштоо кимдин идеясы болду?
— Өзүбүзгө эле таандык. Биз мекенибизде гимн ырдалса же башка көп нерсеге маани бере бербейбиз да, бөтөн элде жүргөндө баркын билет экенсиң. Мен ырдап баштаганда эле элдер боорун колуна алып ордунан турушту. Гимн ырдалганда мен эле эмес, алты миңден ашык адам ордунан туруп ыйлап, мени менен кошо ырдап жатканын көрүп, өзүмдүн үнүм калтырап турду. Көмөкөйүмө бир нерсе тыгылып калгандай болду. Алардын көздөрүнөн аккан жаш мекенге болгон сагыныч, кусалык экени көрүнүп турду, аларды карап абдан толкундандым. Кремлге концерт берүүнүн талаптары кандай экен? — Өтө катуу экен. Эң биринчи эреже – келген коноктор кечикпей келиш керек экен. Саат жетиге беш мүнөт калганда эшиктер жабылат экен. Кечигип келгендер отургандарга тоскоол болуп залды аралашпаганын байкадым. Колунда билети бар болсо да сырттка жүзгө жакын адам кечигип келгенинен улам кире албай калды. Ошондуктан мен кайра-кайра инстаграм баракчама кечикпей келиңиздер деп жазып жаткам. Дагы бир талабы, концерттин программасын башынан аягына чейин орус тилине которуп бердик. Ал жактын жетекчилиги концертке чейин программа менен таанышып чыгат экен.
Италиялык ырчы Ин-Грид Альберини кадырлуу коногуң болду окшойт…
— Ин-Гридди концертиме мурдатан эле чакыргам. Макулдугун берген. Эми мени Италияга кел деп чакырып, “кыргыз эли кыйын эл экенсиңер” деп каалоо-тилегин айтты. Абдан жөнөкөй, шаңдуу адам экен. “Кыргызстанга чакырсаңар барам” деди. Ингридге да кыргызча эки-үч күндө “мен сени сүйөм”, “саламатсыздарбы”, “чоң рахмат” деген сөздөрдү үйрөттүм, бул да мен үчүн чоң сыймык болду. Мен эми Кремлге концерт бердим деп чалкалап жатып албайм. Буга чейин Ташкентте аншлаг менен концерт бергем. Кыргыз элинин маданиятын дүйнө жүзүнө талыкпай тааныта берем.
Образдарың өзгөчө экен. Кайсы дизайнерлер менен иштештиң?
— Орто Азияга, Европага таанымал “Дилбар” мода үйү менен, дизайнер Айзада Кыдыралиева менен иштештим. Алты образымды мода үйү күнү-түнү иштеп жаратышты. Ар бири колго тигилген кылдат эмгек. Айзада айым эки образымды жаратты. Учурдан пайдаланып ыраазычылык билдирем. Баса, концертти жолдошум экөөбүз өзүбүз эле каржыладык.
Биздин ырчылар да жүрдү. Алар ырдаштыбы же колдоп барыштыбы?
— Кыргызстандан жалпысынан жетимиштей адам учуп келди. Арасында кайын журтум, төркүнүм, дос-туугандарым бар. Ата-энем, кайненем бара алган жок. Айнура Салахидинова менен үй-бүлөлүк катыштабыз. Атайын колдоп, залда отурушту. Концертте 80% өзүм ырдадым, программам жаңы болчу. Иним менен дуэт аткардым.
Айрымдардын “концерт клубдун деңгээлинде өттү, залда отургандар туруп кетип жатышты” деген пикирлерге эмне дейсиң?
— Зал 110% толду. Басымдуу бөлүгү биздин мекендештер болду. Көбү “концерт иш күнгө туура келип калды, бара албай калдык, дем алыш күндөрү дагы концерт бериңиз” деп жатышты. Бирок менин календарым 31-декабрга чейин тыгыз пландалган эле. Ал эми Кремль сарайынын эс алуу күндөрү 3-4 жылга бош эмес экен. Эгер концерт начар болсо, менден ушинтип суранышат беле? Концерт аяктап, көшөгө жабылганга чейин дүркүрөтүп кол чаап турушту. Бул колдоо менин алты ай кыйналган мээнетимди, убарамды актады десем болот. Кремль сарайынын жетекчилиги, жамааты: “Кыргыз маданияты ушундай ар тараптуу экенин билбептирбиз. Мамлекеттик концерттерге чакырып турабыз”,- деп жылуу узатышты. Ал эми камырдан кыл издегендерге көнүп деле калгам. Мага келип сени аябай жамандады деп сүйлөшөт. Бирок ошол жамандаган киши менен бет келсең сыйлап төрүнө отургузат. Мындай мамилеге көнүп деле калганбыз. Капа деле болбойбуз.
Концерт деп чуркап жүргөндө балдарың ким менен калды?
— Ушул күнгө чейин мага балдарды апам багышып келет. Сабагына узатат, тосуп алат. Балдарымдын түйшүгү апамда. Менден да артык карайт. Бир жагынан атамдын кирпигине чаң жугузбайт. Мени ушинтип колдоп жатканы үчүн ийгиликтерди багынтып жатсам керек. Жадагалса балдар менен чыга албай апам концертке бара алган жок. Көп учурда видеочалуу менен байланышып жаттык. Эми баш-аягымды жыйнап алып балдарыма болгон сагынычымды таратам.
Булак: Леди.кж