Салянова Батукаевдин иши боюнча кармалды

Салянова Батукаевдин иши боюнча кармалды

04.06.2019 Выкл. Автор bulut.kg

Бүгүн, 4-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Аида Салянованын бөгөт чарасы каралат.

Парламенттеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов аны үй камагына чыгаруу өтүнүчү келтирилерин айтты.

Анын белгилешинче, Саляновага каршы көрсөтмөнү мурдагы атайын прокурор берген. Ал да кармалып, бирок тергөө менен кызматташарын айткандан кийин үй камагына бошотулган.

Мурдагы башкы прокурор Аида Салянова кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн кандайча бошотулганы тууралуу Ички иштер министрлигинде (ИИМ) сурак бергенден кийин 48 саатка кармалды. Салянова суракка 3-июнда түшкү саат үчтө чакырылган.

ИИМдин алдында Салянованын кыркка жакын тууганы, Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясынын депутаттары Алмамбет Шыкмаматов, Наталья Никитенко жана эркин депутат Жанар Акаев келишти.

Бүгүн суракта Салянованы мурдагы аскер прокурору Майрамбек Акматалиев жана башкы прокурордун мурдагы орун басары Людмила Усманова менен беттештиришкен.

Буга чейин Салянова кримтөбөл Азиз Батукаевдин бошотулганын ал өлкөдөн чыгып кеткен соң гана билгенин «Азаттыкка» айткан болчу.

2013-жылы убактылуу түзүлгөн депутаттык комиссия Батукаевди мыйзамсыз эркиндикке чыгаруу мамлекеттик бийликтин беделине көлөкө түшүргөнү тууралуу тыянак чыгарып, ага катышы бар катары 28 кызмат адамынын тизмесин жарыялаган. Анын натыйжасында айрым жогорку кызмат адамдары ээлеген орундарынан бошотулса, айрымдары тескерисинче көтөрүлгөн.

Батукаев 2013-жылдын апрелинде «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошотулуп, Орусияга чыгып кетишине байланыштуу кылмыш иш кайра иликтене баштады. Анын алкагында алты жыл мурда кримтөбөлдүн «ак кан оорусуна чалдыкканы тууралуу аныктама берген» деген шек менен онколог-дарыгер Эмил Макимбетов, лаборант Ирина Цопова, дагы үч медицина кызматкери кармалган. Алардын экөө үй камагына чыгарылды.

Мындан тышкары мурдагы саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева да шектүү катары кармалып, 22-майда үй камагына бошотулган.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын мурдагы жетекчиси, учурдагы депутат Зарылбек Рысалиев сурак берүүдө. Анын кеңешчиси Калыбек Качкыналиев камакка алынган. Бул иш боюнча мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атаханов да кармалган.

Булак:azattyk.org