Саламат Мусаева врач терапевт: “Уулум бала кезинен мээнеткеч, ак көңүл”
22.04.2019«Ата аска тоо, эне боорундагы булак бала экөөнө шам чырак» деп айтылат, кадырман элибизде. Учурда канчалаган улан кыздарыбыз мекенибиздин жүгүн аркалап келет. Мекенчил уул кыздарыбыздын ата-энелири аларга кандай тарбия бергени ар бирибизге кызык болсо керек.
Эне тиреги рубрикабыздын бүгүнкү коногу “Кыргыз жылуулук энерго” ишканасынын башкы директору Нургазы Нишановдун апасы Саламат Мусаева болмокчу.
— Эже, Нургазы Нурлановчити жакындан билгендер улуу кичүүнү урматтаган, элим жерим деп күйгөн, айткан сөзүндө турган мырза катары баалашат. Мындай уулду тарбиялоо оңойго турбаса керек?..
— Эми “Жакшы уул көктөгү жылдыз” деп элибизде бекеринен айтылбаса керек. Нургазымдын эл жүгүн мойнуна артып, элдик уул болуп олтурганына чын дилден кубанычтамын. Башка балдарыма караганда негедир мага жакын. Ар күнү абалымды сурап турат. Эми тарбиясына келсек, мен элден өзгөчөлөп тарбия бердим деп айтуудан алысмын. Ата-энем мага берген тарбиянын негизинде тарбияладым десем болот. Кудайга шүгүр берген тарбиямдын акыбети кайтып, минтип менин уулум эмес жалпы элдин уулу болуп олтурушу бир чети мен үчүн сыймык болсо, бир чети жоопкерчилик деп билем.
— Бала кезинде тилиңизди албай же тентектик кылган учурлары болду беле?
— Эми ар бир бала жаш курукта ар кандай тентектиктерге жол берет эмеспи. Бирок негедир Нургазы башка балдарга окшоп ашынган тентек эмес эле. Эки жолку тентектиги менин эсимде калыптыр. Башталгыч класстарда окуса керек эле. Бир күнү Нургазы сабакка кеткен боюнча кечигип жатты. Күн болсо кечтеп барат, баламдын кечигүүсү мени ар кандай жаман жоромолдорго түртө баштады. Улам жол карап сыртта жүрөм. Бир топ убакыттан кийин классташ дос балдары менен келе жатат. Баарынын колунда “сникерс” шоколад. Барынын сумкалары толо болгондугунан сумкалары ачык экени көрүнүп турат.
— Бул кайдагы шоколддар дедим.
— Мама, (мени мама дешет) мен бердим досторума деди. Досторун узатып коюп экөөбүз үйгө кирдик.
— Сен кайдагы шоколадды алдын десем. Эч кебелбей үйдө турган каробкадагы шокаладдан досторума бердим досторумдун таттуу жеги
лери келиптир деди. Үйдө Казакстандан алынып келинген каробка сникерс бар эле.. Конокко койчу таттууга анча кейибедим. Кичинекей болсо да досторун ойлогонуна ыраазы болдум да ойлондум, уулум колу ачык, достору менен тапканын тең бөлүшкөн жигит болот тура деген чечимге келдим. Экинчи тентектик кылган окуясына келсек. Жумуштан Чолпон-Ата шаарына жолдомо менен эс алууга бардым. Ал кезде азыркы кездегидей жолдо жүрүү жеңил эмес эле. Чолпон-Ата шаарына күн кечтей жеттик. Кечке балдар менен жол жүрүп чарчап калган жаным катуу уктап калыпмын. Турсам таң эчак атыптыр. Биз жайгашкан бөлмөдө Нургазы жок. Туруп эле Көл жээктеп издеп жөнөдүм. Менин оюмдан эле ал сууга чөгүп кетти деген пикир кетпей койду. Чуркап баратам, бир кезде топ балдар менен астымдан чыкты. Уулумду көрүп кубандым. Көл жээктеп эрчишип келе жаттык. Мен сени сууга чөгүп кетти деп кыжаалат болдум десем.
— Мама мен сууга сүзгөндү унутпапмын дейт. Сүздүм деди кубана.
— Мени ушинтип эле капа кыла бересиңби деген суроомо…
— Жок мама мени кечир экинчи кайталанбайт. Эч качан жүрөгүңүздү оорутпайм деп сөз берди. Ошондон кийин жүрөгүмдү оорутууга жол бербеди.
— Нургазы мырзанын апам кээ бир эркектерге караганда күчтүү аял деген сөзүн уккан жайым бар……
— Эми мен Жалал-Абад шаарынын аялдар кеңешинин төрайымымын. Врачмын дегендей. Элге кылган кызматымды көрүп, кээ бир эркектер жасай албаган жумуштарды аткарасыз деп калат. Нургазым менин мээнетимди баалап айткан сөзү болсо керек..
— Уулуңуз мекен үчүн кызмат кылганы кеткенде капа болдуңуз беле?
— Учур талабына ылайык акыркы мезгилдерде мекенди коргогон жигиттердин саны азайып кетти. Азайышына жүрөктүн үшүн алган ар кандай окуялардын таасири тийип жаткандыр. Нургазым мага айтпай эле армияга жөнөп алыптыр. Мен жумушта олтуруп угуп калдым, шашып калдым. Антаңдап жетип барсам, балам башкаларга кошулуп, машинеге чыгып кетүүгө кам уруп жаткан экен.
— Барбай эле койбойсуңбу дедим ыйламсырай. Чындыгында уул баланы армияга узаткан ар бир эне мындай абалда ыйласа керек эле. Балким кечирээк барсаң болот беле дедим сөзүмдүн аягын бүтүрбөй.
— Мама, мен эркек баламын. Эр жигитти эне мекенди коргоо үчүн төрөйт. Ыйлабаңыз. Андан көрү аман-эсен жигиттик милдетин өтөп келсин деп ак батаңызды бериңиз деди. Шашкалактап, жакын жердеги дүкөндөн нан сатып келип чекесин тиштетип койдум. Мурун ага- инилерим армияга узап баратканда апамдын ушундай ырым жасаганын көргөн жайым бар. Мен да уулума ошол ырымды колдондум. Уулумду жакшы узатып үйгө кайттым. Бирок, жан дүйнөм жабыркап жүрөк түпкүрүндө дил сыздаткан бир нерсе түпөйүл кылып туруп алды. Бир тууган агама, телефон чалып Нургазы армияга кетип калды деп ыйлап жибердим.
— Ай кантет ыйлап, жигит деген ошентип мекен коргойт. Мурун биз эки жыл бою башка мамлекетте кызмат өтөгөнбүз. Сенин уулуң эмне өз мекенинде деди. Агамдын сөзүнөн кийин чыйралдым. Ошентип уулум өзү кыялдангандай чек арада жигиттик милдетин өтөп келди.
— Бала кезде кандай эле?..
— Бала күнүндө ак көңүл, өжөр, мээнеткеч, боорукердиги анан өзүнүн оюндагысын тартынбай айткан бала эле. Ошол бала кездеги кыял жоруктарын азыр Нургазынын балдарынан көрүп күлүп калам.