Сайдулла Нышанов Жогорку Кеңештин депутаты: “Апам бүткүл өмүрүн бизге арнаптыр”

Сайдулла Нышанов Жогорку Кеңештин депутаты: “Апам бүткүл өмүрүн бизге арнаптыр”

17.09.2019 Выкл. Автор bulut.kg

Энени барктабаган инсандын өзү дүйнөдө аз болсо керек. “Бейиш эненин таманы астында” деп бекер жерден айтылбаган. Менин бүгүнкү маектешим да энелерди кадырлай билген инсандардын катарында турат. Анда маекти өз оозунан уксак…

  • Сайдулла мырза, апаңыз жөнүндө эмне айткыңыз келет
  • Апам жөнүндө айта берсе сөз жетпейт. Апамдын ар бир асыл сапатын сүрөттөп айтууга сааттар аздык кылса керек гоо. Эми ар бир инсандын энеси өзү үчүн кымбат болгондой эле. Менин да апам өзүм үчүн кол жеткис экенин баса белгилеп кетким келет. Апам, Нышанова Коён он баланы эрезеге жеткизип, бөпөлөп чоңойтту.
  • Кайсыл сапаты жакчу?..
  • Апамдын  кайталангыс асыл сапаты, балдарын тегиз көргөндүгүндө экен. Ар бир баласынын тагдыры үчүн. Жашоо шарты үчүн, колунан келген аракетин жумшап, көп нерсе жасоого далаттанганы эле канчалаган сыйга татыйт. Колунда бар, мүмкүнчүлүгү жетиштүү баласынан колунда жогуна алып берип, көрсө апам таразадай так болуп, тең салмактуулукту сактоо менен бизди бири-бирибизге карамдуу кылып тарбиялаган тура. Апам, биз үчүн көп жакшы нерселерди арнайм деп, азыр ойлоп көрсөм өзү үчүн, эч нерсе жасабаптыр. Өмүрүн, бүткүл жашоосун, балдары үчүн гана арнап, биз деп гана жашаптыр. Биздин курсагыбыз ачпаса, кийими бүтүн болсо, оорушпаса, үшүп калышпаса экен. Ушулар окуп, билим алып адам катарына кошулса деген гана изги тилек менен жашаптыр.

    Биз эр жетип, үй-бүлө шаарын курган соң, апам бир-туугандар арасындагы, ынтымакты ырыс кешикти бекем кармап, куттуу очоктун кунун учурбай, баарыбызды тегиз көрүп турганын экен. Апамдын көзү өткөнүнө он жылдан ашты. Эми ойлоп олтурсам апам, биз үчүн көп нерсе жасап жана бизге көптү үйрөтүп кетиптир. Мен минтип, Жогорку Кеңешке үчүнчү жолу депутат болуп олтурам. Менин карьералык өсүшүмө апамдын үйдө берген тарбиясы, мындайча айтканда куйган фундаменти түздүгүнөн болсо керек. Апамдын накыл кептери туура жүр. Бирөөгө кара санаба! Колуңдан келсе, ар бир муктажга жардам бер! Таза бол! Уйкуну аз укта, жумушту көп жаса деген кептери азырга чейин жадымда. Ошол кептери азырга чейин түрткү болуп келет. Үйдө берилген таасирдүү тарбия баланын келечегине сөзсүз түрткү болот экен.

  • Эненин баары эле бала деп жашаса керек…
  • Аның туура дечи. Бирок, мурунку муундун өкүлдөрү анын ичинде менин апам, балдары үчүн эч нерсесин аябай, өзү үчүн убактысын бөлбөй өтүптүр деп кетем. Азыркы муундагы энелер башка.  Өздөрү үчүн убакыт бөлөт. Балдарына берген тарбиясы башкача. Аз нерсе бергени менен баладан, көп нерсе талап кылыт.

   Менин апам тескерисинче, биз үчүн көп нерсе бергени менен эч нерсе талап кылбады. Жада калса, белек берсек  да бизди аяп турчу. Мага эч нерсе керек эмес. Силердин амандыгыңар, үй-бүлөңүрдүн бүтүндүгү менин бактым деп айтчу.

  • Кайсыл тамагын сүйүп жечү элеңиз?
  • Ал мезгилдеги тамактар даамдуу беле, же апам дээринен тамакты даамдуу жасачу беле айтор апамдын ар бир тамагын тамшанып жечүүбүз. Мага айрыкча жакканы тандырдан жаңы үзүп келген нанды туурап, сары майдан кошуп мычкып берген “мычкымайы” өтө жакчу. Ошону эч тажабай жечүмүн.
  • Балалыгыңызга көз чаптырсак…
  • Жакшы. Базар-Коргон районуна караштуу Көк-Алма  айылында төрөлгөм. Балалыгым башка тоолук балдардай эле, тоо боорунда өттү. Жаңгак, мисте токойлорун аралап, козу-улак кайтарып, ат үстүндө бой жеттим. Кериле кымыз ичкен күндөр артта калды.

      Менин туулуп өскөн айылым өлкөбүздөгү эң кооз аймактардын бири. Ар бир мезгилде түркүн кийим кийген өңдөнгөн тоолорубуз, туптунук ичсең суусунуң канган тиш какшаткан булактабыбыз, дартка-даба түркүн-түмөн дары чөптөрүбүз, алма алча, алмурут жаңгак, мисте деги койчу даамы тамшандырган мөмө жемиштерибиз менен сыймыктанабыз. Элибиз баё, куулук шумдукту билбеген, меймандос , кичи пейил, мээнеткеч. Мен ошондой берекеси төгүлгөн ак пейилдүү айылдын кулунумун.

  • Апаңызга берген алгачкы белегиңиз?
  • Жаш кезимде кандай белек бергеним эсимде жок. Эр жетип жигиттик милдетимди Монголияда өтөдүм. Биз ал жакта бир аздан маяна алчуубуз. Монголиянын дүкөндөрүндө, Советтер союзундагы дүкөндөрүндө жок аялдар үчүн буюмдар көп эле. Мен маяналарымдан чогултуп,  апама жоолуктарды, жемпирлерди белек катары алып келгем. Апам абдан сүйүнүп. Ыраазычылыгын билдирип, кийип жүрдү. Союз мезгилинде кээ бир кийимдер дефцит эле. Акчаң болгону менен магазиндерден таба алчу эмесиң. Апам ошого кубандыбы же менин акча таап, адам болгонумабы, айтор. Өтө кубанган.
  • Эр жигит апасынан окшош аял издейт дешет. Жеңенин апаңызга окшош сапаттары барбы.
  • Апама окшошсун деп деле издебедим. Борбор калаабызда окуп жүрүп, ымалабыз келишип баш коштук. Буйруса жакшы жашап жатабыз. Апама окшош сапаттары чындыгында бар. Апама окшоп, сарамжал өз колу менен балдарына тамак жасап бербесе ыраазы болбойт. Дайыма өз колу менен тамак жасайт. Көчөдөн тамактанууну жактырбайт.
  • Үй-бүлө күткөн жигиттин апасы экинчи планда калат дегенге кошуласызбы?
  • Жок. Эми турмуш ар кандай жолдорго алып барышы мүмкүн. Аял алган соң, апасына суз мамиле жасаган мырзалар арабызда бар. Аларга энелери өзү деле күнөөлүү болушу мүмкүн. Келинин жактырбай, уруш-талаш чыгарса же болбосом башка нерселерден кыйкым издеген апаларда кездешет. Ошондуктан бирөөлөрдүн турмушун билбей туруп бир жактуу сүйлөө кыйын. Ал эми менин апам бул жагынан өтө аяр эле. Келиндерине катуу айтпай. Жылуу жумшак сүйлөп, татыктуу тарбия бере алды. “Колдон келсе урушуп-талашпай, көңүл калтырышпай, ажырашпай жашагыла. Силер ажырашсаңар балдарыңар жетим калат. Экинчи турмуш башка болот. Сага жакшы аял, жакшы күйөө болушу мүмкүн бирок балдарыңа жакшы ата-эне болуп бербейт”- деп көп айтчу.

       Өз ордун өз сыйын билген мыкты апа, эң  жакшы кайынене боюнча ар биринин жүрөгүндө орун алып калды. Апамдын көзү өтсө дагы келиндеринин арасында даражасы жогору бойдон.

  • Апаңыз сизге берген тарбияны балдарыңызга бере алдым деп ойлойсузбу?..

Эми апамдан алган тарбиямды өздыр-көптүр берип жатам. Бирок, укмуш тарбия бердим деп азырынча айтышым кыйын. Эгер келечекте балдарым жакшы чыкса, анда бере алдым деп ойлойм. Аны менин оюмча убакыт таразалайт. Балдарым жакшы жашап, мамлекетке жардамы тийип, үй-бүлөсүн жакшы багып, эл керегине жараган уул-кыздардан болсо, менин берген тарбиям текке кетпеген болот.

Булак:Bulut.kg