Садыр Жапаровдун уулу каза болду…

Белгилүү саясатчы, учурда камакта жаткан Садыр Жапаровдун уулу Дастан автокырсыктан каза тапты. Бул тууралуу ишенимдүү булактар билдирди. Азырынча эмне себептен каза болду белгисиз.

Активист Мелим Аспеков, «Садыр Жапаровдун улуу баласы Дастан кырсыкка учурады. 22-август күнү түнкү саат 22:00 чамасында жумуштан чыгып, үйүнө кетип бараткан учурда С. Э. аттуу адам жол эрежесин бузуп, сүзүп кеткен. Дастан Садыр уулу мотоцикл менен бара жаткан. Мотоциклден кулап түшкөндө С. Э. машинасын токтотуп калбастан машинасы менен Дастандын үстүнөн тебелеп өтүп кеткен. Мунун баары видео байкоого түшүп калган. Видео байкоодо көрүнүп тургандай С. Э. артында келе жаткан бир машинаны өткөрүп, анын эле артында удаа келе жаткан мотоциклге капталын тосуп бергени көрүнүп турат. Бул жерде С. Э. Эки чийиндүү жерден «разворот» жасап, жол эрежесин одоно бузганы көрүнүп турат.  С. Э. бул кылмышын артка бурулуп кеткенге үлгүрүп калам го дегем, кечирим сурайм деп түшүндүрүүдө.
Бул саясий заказ эмесби?, -деген версиялар текшерилип жатат. Дастан Садыр уулу учурда номер 4-шаардык ооруканада жандандыруу бөлүмүндө жатып каза болду деп билдиришти жакындары. Дастан 14 август 1992 жылы туулган», деп билдирди.

Булак: NazarNews.kg