Садык Шер-Нияз: «Биз мыйзамды катырып жазган менен бюджетте эч нерсе жок»

Садык Шер-Нияз: «Биз мыйзамды катырып жазган менен бюджетте эч нерсе жок»

30.08.2019 Выкл. Автор bulut.kg

— Ар бир жаңы окуу жылы башталганда мектеп көйгөйлөрүн эске түшүрөбүз. Мектептердеги орун жетишсиздиги курч бойдон. Бир класска кырктан ашык бала окутан мындай көрүнүш, мындай система качанкыга чейин уланар экен? 

— Мектептерге орун жетишпей, кырктан ашык бала окуп жаткан маселе бар. Бир жакшы жагы, балдар окубай көчөдө калган жерлери жок. Кырктан ашык бала бир класста окуса да билим алып жатышат. Болгону жашаган жерине жакын окуй албай калган көйгөйлөр кездешет. Мамлекетте, бюджетте бул маселени дароо чече турган дарамет жок. Анткени биз кедей мамлекет болуп саналабыз. Мындай маселе бизге окшогон баардык мамлекеттерде бар болсо керек.

— Парламентте бул көйгөйдү чечүү боюнча кандайдыр бир мыйзамдар каралып, идеялар айтылып жатабы?

— Мыйзамдарды жазыл, идеяларды айтып койгон менен каражатка барып такалат да. Мыйзам бышкан. Конституцияда да «Кыргызстандагы ар бир жаран билим алууга укуктуу»деп жазылган. Билим алууга шарт түзүп беришибиз керек. Биз мыйзамды жазганыбыз менен толук кылып чече албай жатабыз. Орун жетишсиздиги эле эмес, алыскы айылдардагы кээ бир мектептердин дубалы кулайын деген кейиштүү абалда. Биз мыйзамды катырып жазган менен бюджет керек.

— Мугалимдердин эмгек акысы жогорулап жатат. Медицина кызматкерлеринин айлык акысы да көтөрүлүп, бирок бир топ чуу менен коштголуп келет. Мугалимдерге келгенде кандай болор экен?

— Бул жакшы саамалык. Айлык акы 30%га чейин көтөрүлүп, орто эсеп Менен 17 миң сомго чейин чыгары маалым болууда. Мунун баары эсептелип, чоттолду го деп ойлойм. Чечим кабыл аларда тийиштүү тармактар, экономика, финансы, билим берүү министрликтери тыкыр эсептейт. Абдан таразалап, баары жетиштүү деңгээлде эсептелип чыккан чечим деп ойлоп.

Булак: Азиянюс