Сагындарган агатайым…
17.07.2019Күздүн акыркы айы өз өкүмүн жүргүзүп, айлана кооз тартып, сары алтынга бөлөнгөндөй келбет тартуулайт. Айылга эс алууга барып, кайра мөөнөттөн эрте кайтуума туура келди. Шашылыш жолго чыктым. Айылдаш айдоочу агама мен шаарга кетем ала кетиңиз деп коюп үйдө олтурсам, агам шаарга барбай калганын билдирди.
Бир аздан соң… агам кайра телефон чалып, башка кесиптеши мени алып кетмек болгонун айтты. Эмнеси болсо дагы эптеп жумушума жетишип калуунун айласын кылып, макул болдум.
Көп өтпөй жолго чыктык. Тасмадай созулган жолдо, салондо жай ыргактагы музыканын үнү жаңырат. Негедир жаңырган ырлардан эч бири менин жүрөгүмө туура келген жок. Акыры чыдамым кете айдоочуга кайрылдым,
- Агай, ырларыңыз жеңил желпи экен. Жакшы ыр жокпу дедим, айдоочу мени көзүнүн төбөсү менен чолуй карады. Жактырбай баш чайкады. Жакшы музыка уккум келген жаным, колунан оюнчугун жулдурган жаш баладай томсоруп олтуруп калдым.
Ошондон соң, ичимден тынып, унчукпадым. Кайрадан жымжырттык. Сүйлөшүүнү салондогу жүргүнчүлөрдөн эч кимиси каалашпады көрүнөт. Бары өз ою менен алек. Айласыз сыртка тигилем. Ичимден кандайдыр бир ызалык, өксүк сыртка чыга албай буулугуп турдум. Жол узургандан узарат. Жолдун жарымын басып өтүп, тамактанууга токтодук. Ал жерде да айдоочу мени жактырган жок.
Кайрадан жолубузду уладык. Айсыз түн, жүргүнчүлөр уйкунун кучагына эбак сүңгүгөн. Менин болсо уйкум качып жолду тиктейм. Кыялым алда кайда чабыттайт. Машине кыбырап бараткандай сезип, түшүп алып жүгүрүп кетким келет. Негедир шаарга жетүү алыс, өтө эле ыраактай туюлду.
Акыры, арып чарчап борборго кирип келдик. Жүргүнчүлөрдүн барын жеткирген соң аягында мен калдым. Мени жеткирип, дарбазанын астына токтой берип,
- Чоң кыз балким бир жерден чай ичээрбиз, айдоочу мага кайрылды.
- Жок болбойт деп, эшикти ачып, чыгып кетеримде.
- Жаныңа бир аз олтуруп, турайынчы деп жообумду күтпөй эле мен олтурган жактын эшигин ачып, жаныма олтура калды.
Олтуруп мени кучагына кысып, уруксатсыз эле, көкүрөгүмдөн сыйпалай баштады. Денем бир башкача болуп каршылык көрсөтүүгө чамам келбей калды. Жагымдуу сезилип, менде каалоо пайда болду.
Бат эле машинени айдай коюп, жакын жердеги чоң суунун жээгине барып, буйтка жерге токтото коюп, көптөн бери көрүшпөй сагынышып калган ашыктардай, бат эле чечине салып, ишти баштадык. Мага укмуш жагып, өзүмдү жоготуп бараттым.
Көптөн бери эркектин жытын сагынып калганмынбы же ошончолук жагымдуу болдубу айтор бир көргөн кишиге этегимди ачканыма өкүнгөн жокмун. Кайра жаным рахат алык жыргай түштүм
— Башка жерге барып, улунтсак кантет деди айдоочу.
- Макул дедим жылмая. Атын билбей туруп эле койнуна кирип кеткениме ичимден жаман болуп турсам да сыр бербедим.
Эми эле жол ката бири-бирибизди жактырбай келген сезим кана деп, күлкүм келди. Бат эле мейманкалардын бирине жетип бардык. Ала келген тамак ашты, коё салып, эшикти ичинен иле коюп эле мени басып жыгылды.
Көптөн бери мындай рахатты унутуп калгангабы мага башкача туюлуп, жерде эмес асманда каалгып учуп жүргөндөй туюулду. Мен да кошо жардамдашып, эзели болуп көрбөгөндөй жагымдуу нерсе жан дүйнөмдү аралады. Ал сезим бүтпөшүн тиледим. Махабат майданында, алка-шалка тердеп бир топко алыштык.
Туруп чайканып, тамактанып олтуруп, жакшылап тааныштык. Үй-бүлөлүү беш баланын атасы экен. Негедир үй-бүлөсү бар экени деле мени кызыктырган жок.
Кайрадан таттуу өбүшүү, онтоо, эңсөө махабат оюнуна чакырган сезимдер. Оттой жанган оюнубузду кайра баштадык. Өзүмө өзүм, мурун бул жагымдуу онтоо, кылыктуу акыш кайда катылып жүргөн деп таң калып жаттым.
Же мурун ичкич күйөөм келип алып, ары бери уйпалап, ишин бүтүрө салып тескери бурулуп жатып алган үчүн, мындай жагымдуу сезимдерди байкабаган окшоймун. Аял болуп жаралгандан бери махабат оюнундагы эң алгачкы эстен кеткис оюнум ушул экенин моюнума алып турдум. Бул оюн эч качан бүтпөшүн каалап, таңдын атпашын тиледим.
Биз каалабасак деле таң атып, айланага жашоо кыймылын киргизди. Биздин коштошуу мезгилибиз улум жакындаган сайын, ичимди бир кыйбас сезим, өрттөп турду.
Мени үйгө жеткирип келип, кучактак бетимден өөп эми унутпай келип турам жаным деди. Калп эле жылмайган болуп узаттым.
Машине жылып кеткенден кийин ичимдин атышканын айтпа. Ошентип үй-бүлөлүү кишиге көңүлдөш болуп чыга келдим. Мен ага өкүнбөйм деле, көңүлдөш болуп калдым деп кейибейм. Муну тагдырдын жазмышы деп гана кабыл алам.
Шаарга келген сайын мага жолугуп турат. Аябай сагынышып калабыз. Жол карап кадимкидей сүйгөнүн күткөн жаш селкидей агамды күтөмүн. Атынан айтпайм жөн гана сиз деп кайрылам. Арадан канча убакыт өтсө деле мамилебиз баягыдай эле. Сагыныч. Эңсөө кумар дегендей… Бүгүн да агамды айылына узатып кала бердим. Аман эсен бат келишин кудайдан тилеп, олтурам. Бат келсе экен…бат..
Айганыш
Булак: Bulut.kg