Сабыр Жумабеков авиакырсыктан жабыркагандарга операция жасоо үчүн Алматыга кетти

Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун жетекчиси, академик Сабырбек Жумабеков авиакырсыктан жабыркагандарга операция жасоо үчүн Алматы шаарына чыгып кетти. Бул тууралуу дарыгердин жардамчысы кабарлады.

Анын айтымында, хирургга учактын кулашынан жабыр тарткандардын жакындары кайрылган.

Жумабеков Sputnik агенттигинин кабарчылары менен сүйлөшүп жатып, бир нече хирургдан турган команда менен шалышыш Алматыга жөнөп кеткенин айтты.

«Жабыркагандардын көбүнүн буту-колу, омурткасы сынган экен. Иш оор болот, ошентсе да биздин команда жапа чеккендердин баарына жардам берет деп ойлойм. Колубуздан келген аракеттин баарын жасайбыз», — деди Жумабеков.

Каргашанын чоо-жайы

27-декабрь күнү Алматы шаарынан Нур-Султанды көздөй багыт алган учак абага көтөрүлгөндөн кийин эки кабаттуу бетон курулушту сүзүп кырсыктаган. Анын кесепетинен 12 киши каза тапты, арасында экипаждын командири да бар.

Буга чейин КР президенти Сооронбай Жээнбеков адам өмүрүн алган каргашага байланыштуу Казакстандын өлкө башчысы Касым-Жомарт Токаевге көңүл айткан телеграмма жолдогону маалым.

Ал эми 28-декабрь Казакстанда аза күтүү күнү деп жарыяланды.

Булак: Спутник Кыргызстан