Руслан Жакышов, Жогорку Кеңештин депутаты: “Элимдин ишеничин актагам келет”

Руслан Жакышов, Жогорку Кеңештин депутаты: “Элимдин ишеничин актагам келет”

06.08.2023 0 Автор bulut.kg

Качан, кайсыл маселе менен кайрылба ар дайым эшиги ачык жана назарыңды сындырбай мүмкүн болушунча  жылуу мамиле жасай билген Руслан Шергазиевичти маекке тарттык…

—      Убакытты бир азга артка түрдүрөлү… Руслан мырза, айтсаңыз, эл өкүлү катары парламенттик шайлоого аттанып жатканыңызда алдыңызга кандай максаттарды койдуңуз эле…

—      Кичи мекеним Талас облусунун Бакай-Ата районуна барып, жердештерим менен жолугуп, депутат болууга талапкерлигимди коюп барганымда эч кандай сөз бере алган жокмун. Элүү жылда эл жаңы, жүз жылда жер жаңы дегендей,  отуз жылда өзүмдүн кичи мекенимден алыстап кеткем. 1991-жылы мектепти бүтүп эле борбор шаарга кеткенмин. Бишкек шаарында жөнөкөй кызматтан баштап, Бишкек шаардык кеңешинин эки чакырылышынын депутаты болдум, үч жыл вице-спикер болдум. Үчүнчү жолу да Бишкек шаардык кеңешке аттанып, эң жогорку добуш менен өтүп, андан соң Жогорку Кеңешке күздө шайлоо болуп калганына байланыштуу ЖКга талапкерлигимди койдум. Жердештериме бир нерсе деп сөз берүүдөн да кооптонуу менен айттым,  Кудай буйруп депутат болуп калсам, Бишкек шаарына кандай кызмат кылсам силерге да ошондой кызмат кылам дедим. Ошондо өзүмө бир максат койгом —   Жогорку Кеңешке депутат болуп калсам күч-аракетимдин барынча Бакай-Атада чоң ийгиликтерди жаратам дедим.

—      Бүгүнкү күндө шайлоочуларыңызга берген убадаларыңыз канчалык деңгээлде аткарылып жатат…

—      Жогорку Кеңешке аттанып жатканда башка талапкерлерден айырмаланып, мен бул ишти кыйратып жиберем деп сөз берген жокмун. Себебин жогоруда айтып өттүм. Ал эми аткарып жаткан иштерибизге кайрылсам, кыска убакыттын ичинде Талас облусунун Бакай-Ата районунун борборунда чет элдик инвесторлор менен беш тилде (кыргызча, орусча, англисче, түркчө жана арабча) окута турган лицей ачтык. Учурда улан-кыздар билим алып жатышат. Ошол эле чет элдик инвесторлор менен иштешүүдө Бакай-Атанын Маматбек деген айылында ФАП салдык. Мындан тышкары ошол эле чет элдик инвесторлор менен Бакай-Ата районунун беш айыл өкмөтүнө беш жүз аз камсыз болгон үй-бүлөгө кычыраган суукта жарым тоннадан көмүрдү бекер тараттык. Жакында чет элдик инвесторлор менен Шадыкан айыл өкмөтүндө Түйтө деген айылдарга сегиз жарым миллион сомго бааланган ички жолдун баарын жасаттырдык. Колумдан келишинче Бакай- Ата районуна жардам берип жатам. Акыркы отуз жылдын эсебинен мамлекет тарабынан бир да жаңы мектеп курулбаптыр. Мына эми азыркы президентибиздин колдоосу менен 2013-14-15-жылдардан бери токтоп турган мектептерди толук бүтүрүп, эксплуатацияга берүү максатында иштер азыр жүрүп жатат.

—      Буга чейин кандай мыйзамдардын үстүндө иш алып бардыңыз?..

—      Мен жаңы  Жогорку Кеңешке депутат болуп келгенде эле өзүм буга чейин деле Бишкек шаардык кеңеште депутат болуп жүргөндүгүмө байланыштуу Бишкек шаарын курчап турган кырк жети жаңы конуш бар жана макамсыз жети конуштун ал- абалы менен тааныш элем. Анан ошол конуштардагы эң көйгөйлүү маселе —  жерлердин транформацияланып, кызыл китеп алуусу боюнча эле. Мен ЖКга келерим менен эки-үч кесиптешим менен биргеликте демилгелеп ошол мыйзам долбоорун алып чыгып жатканда президентибиздин жерлерди мыйзамдаштыруу мунапысы тууралуу жарлыгы чыгып калган. Ошону менен биргеликте мына азыр кудайым буйруса четинен кызыл китептерди алып башташты. Андан сырткары өзүбүздүн өндүрүшчүлөрдү колдоо максатында мыйзамдар спортчуларды колдоо максатындагы мыйзамдар. Жалпы 8.9 мыйзамды биргеликте иштеп жатабыз. Авторлордун бири менмин.

—      Депутат болгондон кийин өзүңүздөн кандай өзгөрүүлөрдү байкадыңыз…

—      Мага мурункудай эле сезилет. Болгону жоопкерчиликти талап кылган жумуш көп болуп ушул баягы элдин жоопкерчилигин эл алдында мандатымды кудайдан келген аманат катары пайдаланып ушул элиме бир беш жылдык мандатты так болгон күч-аракет менен пайдалансам деген ниет менен бир күнүм дагы бош өткөрбөгөнгө аракет кылам. Ал эми элдин көйгөйүн бийликтин бутагына кандай көйгөй болсо да түз жеткизгенге аракет кылып жатам.

—      Суроо өңүтүн эркин темаларга бурсак. «Адамдын улуулугу  анын жөнөкөйлүгүндө» деген сөздүн маанисин кантип чечмелеп берер элеңиз?..

—      Адамдын улуулугу анын жөнөкөйлүгүндө деп апам ыраматылык айтчу. «Балам, улук болсоң кичик бол» дечү. Кудайым сага канчалык кызмат даражаны бийик кылса, сен мөмөлүү дарактай ийилсең сага ошончолук кудайым ырыскыны кең берет деген.  Мен ушул адамдын улуулугун дайыма жүрөгүмө бекем сактап жүрөм. Эми бул жөнөкөйлүк адамдын даражасындагы, ички дүйнөсүндөгү бир тазалыгына карайт деп айтар элем.

—      Бош убакта эмне менен алектенесиз?

—      Негизи Жогорку Кеңеште  бош убакыт деле болбойт экен. Бош убактымда мыйзамдар, элден келген каттар менен таанышам. Мага  дайыма жардамчыларым аркылуу андан сырткары телефон жана интернет булактарынан жеке кайрылган жарандарыбыздын көйгөйлөрүн жазып алып, сессиялардан комитеттерден көтөрүп турам. Андан сырткары бош убакытта көп учурларда спорт менен машыгам, бир айда бир жолу Ала-Арча паркына үй-бүлөм менен барып, суу жээктеп эс алып кайтабыз. Мен өзүм  айыл жеринде төрөлгөн жигит болгондуктан, жаратылыш койнуна чыгып эс алууну жактырам.

—      Үй-бүлө чакан мамлекет деп айтылат. Чакан мамлекетиңиз тууралуу кеп салсаңыз…

—      Туура айтасыз, үй- ьүлө чакан мамлекет. Жубайымдын аты Назира. Үч кыз бир уулдун бактылуу ата энесибиз. Эки кыз бир уулум жогорку окуу жайда студент. Кенже кызым мектепте үчүнчү класста. Балдар биздин бактыбыз, буйруса окууларын бүтсө өлкөбүзгө өз салымдарын кошсо деген тилегибиз бар. Ал эми келинчегим жеке бизнес менен алектенет.

      Өлкөбүздүн келечеги бар экенине ишенесизби…

—      Албетте, ишенем! Чынымды айтсам, көп мамлекеттерде болдум. Башка мамлекеттер канчалык кооз болгону менен бары бир өз мекениңе жетпейт. Кудай буйруса келечекте кыргыз мамлекетибиз эң алдынкы дүйнө эли суктанарлык мамлекеттердин катарын толуктайт. Учурда дүйнөнүн төрт бурчунда биздин улан — кыздарыбыз илим- билимдин артында жүрүшөт. Алар сөзсүз мамлекетибизге өз салымын кошот. Эң башкысы, элибиз тынч болсун! Бөөдө кырсыктан тышкары бололу!

 

А.Шадыбекова