Руслан Джумаев, Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы: “Тазабек бала кезинен лидер эле”
12.09.2019“Жакшы адам жаныңызда” рубрикабыздын бүгүнкү коногу Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов болмокчу. Тазабек мырза тууралуу жердештеринин пикири назарыңыздарда.

— Тазабек Икрамов менен бир класста он бир жыл бирге окудум. Балалыгыбыз, Кызыл-Туу айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Сеңир айылында өттү. Мектепке чейин эле Тазабекти таанычумун себеби коңшулаш жашар элек. Кийин мектеп босогосун бирге аттап бир класста окудук. Бала кезинен эле зирек, тынып тынчыбаган бала болчу. Ошол кезде спортко кызыгуусу өзгөчө эле. Шаардагы спорт залга барып машыгып турчу. Айылда жаштар арасында спорттук мелдештерди уюштурчу. Айылыбызда гана эмес, коңшу айылдардын балдарын чакырып футбол, волейбол, күрөш оюндарын уюштурганы эсимде. Биздин бала чагыбыз союз өз күчүндө турган мезгилге тушташ. Жаштардын көз карашы, билимге болгон умтулуусу анда башкача эле. Эми мактагандай болбоюн, бирок, класста жакшы окуучулардын катарын толуктады. Кайсыл жерде: окуудабы, коомдук иштердеби уюштуруучулук жагы өзгөчө эле. Лидерлик сапат бала күнүнөн калыптанды. Бала кезинен эле лидер болчу.
Жаштыктын жалындуу күндөрүндө электроника магнитофондорду көтөрүп, чачты суулап тарап далай жолу чогуу отуруштарга барып калды. Музыкага болгон жөндөмү да өтө күчтүү болчу. Ысык-суукту бирге көрдүк. Мени сыймыктанткан Тазабектин сапаты бала кезден бери кандай болсо, өзгөрбөй жөнөкөй бойдон калганы. Учурда Жогорку Кеңештин депутаты болсо да, бизге мамилеси бала кездегидей.
Аскатбек Бекташов, Икрам ажы Стамкулов атындагы балдарды жана өспүрүмдөрдү дене тарбияга даярдоо клубунун директору: “Клубдун келечеги алдыда”

— Биздин клубда жалпысынан он бир машыктыруучу жети техникалык персонал иштейт. Клубдун ачылганына он беш жылга аяк басты. Бул клубда күрөштүн эркин, грек-рим, волейбол, футбол, жеңил атлетика, бокс түрлөрү боюнча машыгышат. Жалпы машыктыруучулардын саны он бир, ал эми клубда машыгып жаткан балдардын саны беш жүз отуз. Машыгуулар негизинен сабактан кийинки мезгилде өткөрүлөт.
Биздин база болуп эсептелген Икрам ажы Стамкулов атындагы спорт клубунун спорттук залы Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамовдун зор көмөгү астында былтыр ишке берилди.
Быйыл экинчи жолу эл аралык Икрам ажы Стамкулов атабыздын жаркын элесине арналган өспүрүмдөр арасындагы грек рим күрөшү боюнча турнирди өткөрдүк. Турнирге коңшулаш Азия мамлекеттеринен Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Россия катышты. Былтыр катышуучулардын саны1200 болсо, быйыл 800дөй өспүрүм болду. Жакшы уюшкандыкта өткөрүп алдык
Биздин клубдан Кыргызстандын, Азиянын, дүйнөнүн чемпиондору чыкса деген максатта талыкпастан эмгектенип жатабыз. Балдарды кылмыштуулукка, мектептеги рэкетчиликке берилбей, бош убактысында спорт менен алек болуусуна шарт түзүүдөбүз.
Клубдун окуучуларынын жетишкендиктерин айта кетчү болсом,
2018-2019-окуу жылында биринчи октябрдан башталган Чыңгыз Айтматовдун заманыбыздын залкар жазуучусунун токсон жылдыгына арналган волейбол боюнча, балдарыбыз райондо биринчи орунга жетишишти. Кыздарыбыз экинчи орунду алышты. Футбол боюнча экинчи орунду алышты. Грек-рим күрөшү боюнча райондук мелдеш биздин спорттук залда өттү. Он бир окуучубуз байгелүү орундарды багынтышты. Эми окуучуларыбыздын жетишкендиктерин санай берсем бир топ. Өзүмдүн спорт тармагында иштеп келе жатканыма жыйырма беш жыл болду. Ал эми клубдун директору болгонума бир жылдан ашты. Буйруса клубдун астыга койгон мактаттары арбын. Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов клубубузду ар тараптан колдоп келет.
Аширбай Сулайманов, Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн социалдык коргоо боюнча башкы адиси: “Тазабек Икрамов көп муктаждыктарды чече алды”

Сузак районуна караштуу Кызыл-Туу айыл өкмөтү дотацияда турган айыл өкмөт. Көптөгөн социалдык обьектилерге муктаж болуп келген. Жогорку Кеңешке Тазабек Икрамов депутат болуп шайланып келген ден бери биздин айыл өкмөттөгү муктаждыктарыбызды чечип, зарыл болгон обьектилерди курдуруп берип келет.
Эми айыл жериндеги эң башкы көйгөйлөрдүн бири жол болуп эсептелет. Ачы өрөөнү деп коёбуз, беш-алты айылдан турат, Кыз-Көл айыл өкмөтү жана өзүбүздүн Кызыл-Сеңирди бириктирген жол оңдоого муктаж болуп, жүргүнчүлөр кыйналып келген, ошол жол маселесин чечип, 7миллиондон ашык акчага жолубузду оңдотуп берди. Андан кийин көчкү коркунучунан көчүрүлүп келген Жашасын айылында Жаңы-Орток деген участкабыз бар. Ал жерде бир дагы социалдык обьекти курула элек болучу. Ал жерге ФАП менен мечит салдырып берди. Бүгүнкү күндө пайдаланууга берилип, Жаңы-Ортоктун тургундарына медициналак жардам көрсөтүлүүдө. Андан кийин, Кызыл-Сеңир айылыбыздагы каркасы бүтүп, көп жылдан бери курулбай турган спорт залыбызды заманбап спорт залга айлантып, бүтүрүп берди. Учурда спорт залыбызда Кызыл-Туу айыл өкмөтү боюнча 420 спортчу спорттун ар кандай түрү боюнча машыгып келишет. Спорт жагынан көрсөткүчтөр жакшы. Эми Тазабек Икрамовичтин муктаждыктарды чечкенин санай берсе өтө эле көп. Жогорку Кеңешке биринчи жолу депутат болгонуна карабастан көптөгөн муктаждыктарды чечип берди. Дале балсо, чечүүгө умтулуп жатат. Бул да болсо, мекенди сүйгөндүгү, шайлоочуларына берген убадасын аткарып, үмүтүн актап, убадага бек экендигин далилдей алды деп эсептейм.
Асылбек Маканбаев, Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн айылдык кеңешинин төрагасы:
“Шайлоочуларынын ишеничин актады”

Эгемендик алган жылдардан бери алтынчы чакырылыштын депутаттары элге кызмат кылып олтурат. Биз беш чакырылышта кимдерди гана депутат кылып шайлабадык. Депутат болгонго чейин кат-кат убадаларды берип, депутат болуп шайлангандан кийин мөөнөтү бүткөнчө караанын деле көрсөтпөгөн инсандардын эчени биздин добуш менен Жогорку Кеңеште депутат болуп олтурду. Буларды айтып жатканымдын себеби, Тазабек Икрамовду Жогорку Кеңешке депутат кылып шайлаганыбызда мурунку эле депутаттардай шайланып алып караанын таптырбайт деп ишенбеген жердештер деле болду. Бирок, ошол кезде ишенбегендер азыр өздөрү уялып жаткан чагы. Тазабек депутаттыкка аттанып жаткандагы берген убадаларын ашыгы менен аткарып жатат. Жалаң гана өзүбүздүн Кызыл-Туу айыл өкмөтүнө гана эмес, Кыз-Көл айыл өкмөтүнө, кыскасы жалпы ишеним артып, шайлаган шайлоочуларынын дээрлик баарынын ишеничин актап олтурат десем аша чаппасмын.
Чындыгын айтуу керек, мынчалык эч ким социалдык обьектилерди курууга жардам берген эмес. Мектеп, бала бакча, ФАП, мечит, жол. Кыскасы айылдагы көйгөйлүү маселелердин баарын чечүүдө колунан келишинче аракет көрүүдө.
Көчкү коркунучунан көчүп келген жаңы айылга мамлекет тарабынан мектеп салынып берилген. Жакында эле, Араб мамлекетинен келген донорлордун эсебинен ФАП, мечит салдырып берүү үчүн, капсула салынды. Кудай буйруса иш алдыга жылууда. Мындан сырткары муктаждарга материалдык жардамдарды да берип келет. Кыскасын айтканда шайлоочулары үчүн кайсыл убак болсо байланышып, тийиштүү жардамдарын аябайт.
Булак:Bulut.kg