Рахмат сизге, эжейим!
03.01.2021Ар бир адамдын окуучулук курагы кол жеткис мезгил болсо керек. Ак бантик тагынган мектеп курагым эске түшкөндө жүрөгүм элжиреп, тээ балалыктын кайрып алгыс күндөрүнө саякаттап кетким келет. Балалык деген учурунда кадырын билбей, кийин өмүр бою сагындырган жаштыктын жылт эткен кубанычтуу учуру болот тура.

Балалык менен коштошуп, мектепти аяктаганыма жыйырма жылдан ашты. Антсе да мени мектепте окуткан агай-эжейлериме миң мертебе таазим этем. Мени ушунчалык билим деңгээли жогору, балдарга билим берүүнүн ар кандай ыкмасын ойлоп тапкан жаңычыл мугалимдер окуттубу же ошол учурда башка аймактарда деле ошондой кесибин сүйгөн мугалимдер көп беле, кыскасы, эң жакшы мугалимдерден тарбия алдым.

Бүгүн мен сыймыктанып жазып жаткан каарманым — кыргыз тили жана адабияты мугалими Ырысбү Абдыкалыкова! Сегиз баланын сүйүктүү апасы, Шайдулла мугалимимдин байбичеси, көптөгөн сыйлыктардын ээси, бактылуу таене, чоң эне Ырысбү Абдыкалыкованы баары макташат, жакшы көрүшөт, ошондой тагдыр күткүсү келишет. Көптөн бери өзүмдү окуткан мугалимдер жөнүндө жазгым келип жүрөт. Бирок, чолоом тийбейт. Адам пендесинин түйшүгү түгөнбөйт тура. Туулган айылыма кызмат сапары менен барып, эжейиме жолуга келдим.

Мени аябай жылуу кабыл алды. Дасторконду жайната салды. Анчалык убаракерчиликтин эмне кереги бар дегениме көнгөн жок. Сен күндө эле келип жаттың беле дейт жетине албай. Мектепте окуткан айылдаш ар бир баланын кылык-жоругун айтып жарым күндү өткөрдүк. Сөз арасында сен мага таарынып жүрсөң керек деген пикирин билдире кетти. Сен таарынба, ал учурда мен жаман оюм жок эле айткам деди. Күлүп калдым. Жылуу жакшы коштоштук.

Негизи Ырысбү эжейиме таарынган деле жерим жок. Тескерисинче, миң мертебе рахмат айтам. Сөзүм түшүнүктүү болуш үчүн башынан баяндагым келип турат. Ырысбү Абдыкалыкова мектебибиздеги эң алдыңкы, тажрыйбага бай мугалимдердин бири эле. Эжей сабак өтүп жатканда баарыбыз берилүү менен тыңдачубуз. Сабактын көркүн ачып өтөр эле. Тогузунчу класста окуган учурубузда эжей классыбыздагы алдыңкы окуучулардын бири Динара Балтабаеваны кыргыз тили адабияты сабагынан райондук деңгээлдеги олимпиадага алып барды. Кийинки жылы Динара ооруп калгандыгына байланыштуу мен бармак болдум. Бардык окуучуларды мугалимдери ээрчитип барды, а мен болсо, мектептеги башка сабактан берген мугалим менен бардым. Жаштык курчтугум мененби эртеси сабакка келгенде Ырысбү эжейге «сиз былтыры Динараны өзүңүз ээрчитип бардыңыз, а эмне үчүн мени башка мугалимге коштуңуз» дедим. Балким эжейдин иши чыгып калган үчүн башка мугалимге дайындагандыр… Ырысбү эжей менден андай кепти күтпөгөнбү же мектеп окуучусу болуп туруп ошентип сүйлөп жатканыма жини келдиби же болбосо маанайы жок беле, айтор мага карай бурулду да: «Динара кыргыз тили мугалими болом деп даярданып жүргөн кыз, журналист болушу да мүмкүн. А сенде журналист болуу шансы жок»,- деди. Ошондо биринчи жолу балалык жан дүйнөмө чагылган түштү. Жүрөгүм зырп этти, эмне үчүн менден журналист чыкпайт деген өжөр кашгөй сезим жан дүйнөмдү ээлеп алды. Ошол күндөн баштап журналист болууну эңсеп калдым.
Менин балалык жан дүйнөмө бурулуш жасаган, суунун агымына каршы сүзүүнү үйрөткөн Ырысбү эжейге миң рахмат. Учурда журналисттик кесипти аркалап, чыгармачылыктын тегирменинде айланып жүрөм. Жеке менчик “Кеңеш KG” көп тармактуу журналынын жана “BULUT KG” маалымат агенттигинин ээсимин. Журналистикада дэңгээлим канча экенин билгендер сөз кылар. Ал эми мен Ырысбү эжейиме алкыштан башка нерсе айта албайм…
Альбина Шадыбекова