Рахман Өмүрзаков: “Айылдаштарга жакшы шарт түзүү милдетибиз”
05.08.2020Кеңеш айыл өкмөтү Базар-Коргон районундагы алдыңкы айыл өкмөттөрдүн бири болуп саналат. Айыл өкмөттүн ар тараптуу өсүүсүнө мээнеткеч, өз ишин жакшы билген, мекенчил, айыл өкмөт башчысы Рахман Өмүрзаковдун салымы чоң экенин баса белгилеп кетким келет. Кеңеш айыл өкмөтү менен жакындан таанышуу үчүн Рахман Өмүрзаковду маектешүүгө чакырдым.
— Рахман мырза, айтсаңыз, Кеңеш айыл өкмөтү качан түзүлгөн?
— Кенеш айыл аймагынын Кенеш айыл өкмөтү 1997-жылы өз алдынча юридикалык тарап болуп каттоодон өтүп сериясы ГПЮ № 0011173 сандуу күбөлүк алган
— Айылыңардын аянты канча, канча кожолук жашайт?
— Биздин Кеңеш айыл өкмөтүнүн жалпы аянты 38 000 км. кв. Ал эми жашоочуларыбыздын саны 35319 адам, 6567 кожолук.
— Айыл өкмөттө отуз миңден ашык калк жашаса, айыл өкмөттүн карамагында канча айыл бар?
— Кенеш айыл аймагы өзүнө 9 айылды камтыйт.
1. Совет айылында 2435 кожолук 12879 адам
2. Аук айылында 819 кожолук 4308 адам
3. Шыдыр айылында 361 кожолук 2500 адам
4. Коткор айылында 468 кожолук 2224 адам
5. 1-Май айылында 994 кожолук 5394 адам
6. Кызыл-Октябрь айылында 676 кожолук 3551 адам
7. Сеитказы айылында 219 кожолук 1190 адам
8. Кара-Жыгач айылында 352 кожолук 1840 адам
9. Могол-Коргон айылында 243 кожолук 1433 адам жашайт.
— 2020-жылга карата инфраструктураны жакшыртуу пландалганбы?
— Айыл өкмөтүнүн 2020-жылга карата бекитилген бюджети 33 млн.670 миң 200 сом. Бюджеттен бөлүнгөн бул акча менен Кеңеш айыл өкмөтүнүн социалдык объектилерин утурумдук ремонттон өткөрүү жана айыл аймагынын инфраструктурасын жакшыртууга каралган иш-пландар аткарылмакчы.
— Жалпы канча социалдык объект бар?
— Биздин айыл аймакка тиешелүү 14 мектеп, 8 бала бакча, 2-УДТ, 9 ФАП, 1 кургак учукту дарылоо ооруканасы бар. Андан сырткары 2019-2020- жылдар аралыгында Суубашы айылына 50 орундуу бала бакча курулуп пайдаланууга берилди. Совет айылынын Кыргызстан көчөсүндө 100 орундуу балдар бакчасына акча каражаты бөлүнүп курулуш иштери жүрүп жатат. Кызыл айылынын Аттокуров көчөсүндө Жалал-Абад өнүктүрүү фондунан 50 орундуу балдар бакчасына акча каражаты бөлүнүп, буйруса жакында курулуш иштери аяктоо алдында турат.
— Калктын турмуш-шартын жакшыртууга кандай көңүл буруп жатасыздар?
— Колдон келишинче калкыбыздын турмуш шартын жакшыртууга аракеттенип жатабыз. «Ассалам” кайрымдуулук фонду аркылуу Совет айылында мурдагы МТСтин жерине беш квартиралуу турак жай курулуп, багаар-көрөрү жок беш үй-бүлөгө берилди. Азырынча беш үй-бүлө турак жай менен камсыз болушту.
Андан сырткары, айта кетчү нерсе, Аук айылына тигүүчү цех курулуп, 20 адам жумушчу орун менен камсыз болду.
— Калкты таза суу менен камсыздоо кандай өңүттө жүрүүдө?
— Айыл аймакта калкка таза суу жеткирүү үчүн жердин алдынан ичүүчү таза сууну тартуучу 5 скважина, 2 суу кампасы иштейт жана 68,5 км аралыкта суу түтүктөрү тартылып, 412 даана суу түтүктөрүнөн суу чыгарылып, калкка жеткирилип турат. Айыл өкмөттүн калкы таза ичүүчү суу менен 70% камсыздалган.
Калкка таза ичүүчү сууну жеткирүүнү жакшыртуу максатында Кыргыз Республикасынын Президентинин калкты таза суу менен камсыздоо программасына ылайык, учурда Ислам өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланып АРИС уюму аркылуу 223 000 000 сомдук таза ичүүчү суу түтүктөрүн реабилитациялоо жумуштары жүрүп жатат. Бул долбоор аркылуу Коткор, Шыдыр, Аук, Генгоо, 1-Май, Кызыл айылдары камтылат. Андан сырткары республикалык бюджеттен Сеитказы айылын таза суу менен толук камсыздоо үчүн 40 млн сомдук долбоор ишке ашууда.
— Негизи элет жеринде маданият тармагы көңүл сыртында калып келет. Сиздерде бул маселе кандай жагдайда…
— Башка тармактар менен катар эле маданият тармагына деле колдон келишинче көңүл бурууга аракет жасап келебиз. Жакында эле жергиликтүү бюджеттин эсебинен 2 млн. 400 миң сомдук акча каражатын бөлүп, “Мундуз” маданият үйүн толук капиталдык ремонттон өткөрүп жатабыз. Баса белгилеп кетчү дагы бир жагдай, Кеңеш айыл аймагынын тургундарына окуп, билимин өстүрүүгө ыңгайлуу шарт түзүү үчүн үч китепкана кызмат көрсөтүүдө. Кандай шартта болбосун, айылдаштарга жакшы шарт түзүү милдетибиз.