Рамзан Кадыров Россиянын рекорддор китебине кирди
23.10.2019Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров эң көп сандагы атчандарды чогултуп, Россиянын рекорддор китебине киргендиги туурасында РИА Новости жазып чыкты.
Кабарга ылайык, сертификат кечээ, 22-октябрда, аталган китептин 7 жылдыгына карата өткөн иш-чарада Чеченстандын спорт министри Муса Ханариковго тапшырылган.
Ушул жылдын апрель айында Россиянын рекорддор китеби Рамзан Кадыров жол баштаган 1200дөн ашуун чабандестин атчан жүрүшкө улуттук кийимчен чыгып рекорд койгонун каттаган.