Раим-миллиондун сыры жана чыры…

Раим-миллиондун сыры жана чыры…

08.06.2019 Выкл. Автор bulut.kg

Кыргызстан бажы тармагы республика эгемендүүлүк алгандан бери  эң бир коррупциялашкан орган катары сыпатталып келет. Ага негиз берген жагдайлар абдан эле арбын. Ал Бажы кызматкерлеринин бат эле ченемсиз байып кетишинен тартып, ишкерлердин бажыда берген паралары, коррупциялык схемалар менен тастыкталып келет.

Бажы системасындагы коррупциялык схемаларды аткарган же жүзөгө ашырган “баатырлардын” атактары да атпай журтка белгилүү. Биринчи кездерде, Акаев доорунда бажы тармагында Ташкул Керексизовсуз маселе чечилбейт деп, аны кыргыз олигархтарынын бири катары айтылчу. Керексизов бул атактан бат эле тажадыбы же башка себеп болдубу, бул орунга ал “Кошелек” деген каймана аты бар Малабековду алып келди. Баары ошол аркылуу чечилип калды.

Ошого жараша “Кошелек” доорунда бардык ишкер, чиновниктер анын көмүскө кеңсесинде кезек күтүп турганы элдин оозунда кеңири айтылган сөз болчу. “Калк айтса калп айтпайт” деген сөздүн чындыгы коомчулукка бара-бара дайын болду.

2010-жылдагы Бекназаров менен Атамбаевдин телефон аркылуу “сөгүшүүсү” бажы тармагында жаңы “жылдыз” пайда болушунан кабар берди.Бекназаров менен Атамбаев ыңкылаптан кийин майлуу-сүттүү жерлерди талашып, бири-биринин быкыйын чукуган сүйлөшүүлөрдү телефон аркылуу жүргүзгөн. Ал сүйлөшүүнү кайсы бир атайын кызматтар жаздырып алып, жарыя кылып жиберген. Мына ошол сүйлөшүүдө Бекназаров Атамбаевге  “сенин балдарың 400 миң долларын алып, “крохоборду” бажыга кайра дайындаптыр. Силердин жүзүңөрдү ачам. Кулматовдуңду камаймын” деп ызырынган…

Бекназаров сөз кылган адам, ал кезде  элге кеңири белгилүү боло элек Раимбек Матраимов экени кийин маалым болгон. Бекназаров өзү да аны ырастаган.

“Устаттан шакирт өтүптүр” дегендей,  Раим кийинчерээк Раим-миллион деген каймана атка ээ болду. Бүтүндөй кыргыз журтчулугуна бажыдагы бардык күңүрт иштерди жасаган адам катары даңазасы чыкты. “Кошелекту”  артка калтыргандай болду.

Атамбаев “Раим-миллионду” колдонду, пайдаланды. Кызматы жагып,  Бажы кызматынын төрагасынын орун басары кызматына чейин көтөрдү. Иш жүзүндө бажы тармагын “Раим миллион” чечип калганы баарына белгилүү эле.

“Раим миллион” менен Атамбаевдин мамилеси 2017-жылдагы президенттик шайлоого чейин май менен сүттөй же ата-баладай болуп келди. Раим Матраимов өзү айткандай, Атамбаев аны кызматтан кызматка көтөрдү. Ортодо “шоопур досу” Икрам Илмиянов болду.

2017-жылдагы президенттик шайлоодо Раимбек Матраимов Атамбаевдин командасындагы бардык чиновниктердей эле Жээнбековду колдоп чыкты. Айрым маалыматтар боюнча, ал оозеки эмес, бараандуу финансы, олутту адам ресурсу менен Жээнбековду колдоду. Анын жеңишине чечкиндүү салым кошту.

Президенттик шайлоодо Жээнбеков жеңишке жетишти. Мына ушул жерде Раим-миллиондун проблемасы башталды. Кыязы, Раимбек Матраимов “кожоюн” алмашты деп, Атамбаевге “белектерин” алып барбай калды. Жинденген Атамбаев “кол баласы” Сапар Исаковго (анда өкмөт башчы) Раимбек Матраимовду кызматтан алууну буйруйт.

Сапар Исаков Раимбек Матраимовду жөн эле кызматтан албай, “ишенимден чыкты” деп 2017-жылы ноябрда чечимин чыгарат. Чын эле ал “Атамбаев-Исаковдун ишениминен чыккан” эле.

Жээнбеков менен Атамбевдин чоң касташуусунун башаты ошондон эле башталат. Анткени Атамбаев Жээнбековго кадр саясатын өз алдынча жүргүзүүгө, финансылык  агымдарды көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк бербөөнү көздөгөн. Жээнбековду куурчак катары башкарууну ойлогон. Атамбаевдин мына ушул оюн, планын биринчилерден болуп Раимбек Матраимов буза баштаган.

Сапар Исаков “ишенимден чыккан” Матраимовду кызматынан айдап, бажы тармагындагы финансылык агымдарды көзөмөлгө алуу максатында  бул тармакка “ишенимдүү” Кубанычбек Кулматовду кайра алып келет. Аны  менен жолугушууда “бизге болбосо, силерге да болбойт” дегендей сенсациялуу маалыматтарды ачыкка чыгарат.

Сапар Исаков 2017-жылы болгон мына ошол жыйында “Раимбек Матраимов кеткени, Кулматов келгени Оштогу бажыдан мурда күн сайын 1-2 миллион сом түшүп жатса, азыр 15 миллион сом түшө баштады, Бишкектеги бажыдан 30 миллион түшүп келсе, азыр эми 60 миллион түшө баштады” деп чуу жараткан. Бул бажы тармагындагы коррупциянын масштабын, ал жерде уурдалып жатканын акчалардын суммасын ачыктаган сенсациялуу маалымат эле.

Сапар Исаков менен Кулматов жолугушуусунда айтылган суммалардын бир айлык топтому 1 млрд. 290 миллион сом, жылдыгы 15 млрд. 480 миллион сом болот. Бери дегенде мына ушунча акча уурдалып жатат дегенди билдирет.

Бул сенсациялуу мааалымат саясатчылар ичиндеги бажы кызматынан эле жогорку кызматтагыларга ай сайын 13-14 миллион доллар пара берилет деген күбүр-шыбыр сөздөрдү абдан эле ырастайт…

Президенттик шайлоодо Сооронбай Жээнбековго ар тараптан колдоо көрсөткөн Раимбек Матраимовду Атамбаев коррупциянын символу катары көрсөтүп, ал аркылуу эң бир келишкис душманга айланган Жээнбековго сокку урууга киришти. Атамбаевдин бул аракети натыйжа берди. Ага Раим-миллиондун бузулган репутациясы негиз болду.

Коомчулукта нааразычылык көбөйдү. Терс пикирлер арбыды. Анын терс таасири президент Жээнбековго катуу тие баштады. Мына ушундай жагдайда Жээнбеков Матраимовдордон кантип арылуунун жолун издей баштады.

Матраимовдор жарга барып калганда, аларды жардан ары түртүп жиберип, алар ээлеп келген майлуу-сүттүү жерди ээлеп алууга башка күчтөр, топтор жанталаша аракет жасай баштады.

Матраимовдорго байланышкан компроматтарга да мына ошол топтордун айрымдарынын тиешеси бардыгы байкалат. Бул күрөш учурда абдан күчтүү фазасында турат…

Булак:ring.kg