Оңой жана зыянсыз арыктоонун жолу
22.08.2019Эгерде сиз ден соолугуңузга зыян келтирбей арыктагыңыз келсе, майлуу, таттуу, ундан жасалган даамдарды колдонуудан алыс болуңуз.
Ошол эле учурда түрдүү көнүгүүлөрдү жасап, жөө басууну адатка айлантыңыз. Тамакты ар бир 2-3 саат сайын жеген жакшы. Сууну көп ичкенди унутпаңыз! Тамактанган соң, дароо жатып албаңыз.
Кечки тамакты уктаар алдында 3-4 саат мурун ичкен жакшы. Бул ыкма ден соолугуңузга да пайдалуу жана семирип кетүүнүн алдын алат.
Албетте, төмөнкү кеңештер дароо натыйжасын бербеши мүмкүн. А бирок убакыттын өтүшү менен жеңилдеп калганыңызды байкай аласыз.
Булак: zaman.kg