Организмди эмне үчүн тазалап туруу керек?

Организмди эмне үчүн тазалап туруу керек?

08.06.2019 Выкл. Автор bulut.kg

Адам баласынын организми ар дайым сырткы айлана-чөйрөнүн терс таасирлерине кабылып тургандыктан аны менен күрөшүү үчүн кошумча жардамга муктаж. Буга байланыштуу биз ден соолугубузду чыңдап, узак өмүр сүргүбүз келсе, организм баардык терс таасирлерди, жагымсыз жагдайларга каршы тургандай кылып шарт түзүшүбүз керек.

Ууланган организмди тазалоо

Организмди улуу заттардан тазалап турган дары –дармектердин түрлөрү абдан көп. Бирок, алардын бардыгы эле биз каалагандай жыйынтык бербейт. Ошондуктан ооруп калганда, эч кандай дары-дармектер таасир бере албай калат. Ал эми организмин дайыма тазалап турган адамдар ар кандай ооруларга чалдыкканда, дарыланып, бат жана ийгиликтүү айыгып кетээри да белгилүү. Ошондуктан организмди ар кандай оорулардан, жагымсыз көрүнүштөрдөн сактап, аларды алдын алыш үчүн же бат айыгып кетиш үчүн олуттуу шарттардын талабына ылайык.

Иммунитет түшкөндө…..

Иммунитет алсыз болуп, ар кандай жагымсыз оорулардын түрүнө кабылышы — ар кандай уулардын, уулуу заттардын, чирип жана бузулуп калган азыктардын, зыяндуу заттардын айынан органдардын булганып калышынын натыйжасы болуп саналат. Мындай булгоолордун жыйынтыгы бөйрөктө, өттө таштардын пайда болуп калышына, ичеги карындардын бузулушуна жана башка өтө олуттуу маселелердин келип чыгышына алып келет. Ошондуктан ар дайыи дарыгердин көзөмөлүндө болуп, кеп- кеңеш алып туруу маанилүү.

Организмди үй шартында тазалоо ыкмалары:

Бал менен дарылоо

Ичегилерге суук тийгенде бал  дарылоосу абдан жакшы натыйжа берет.

Бир стакан муздак сууга бир чоң кашык балды эритип, тамактын алдында ичүү керек. Бир күндө жок дегенде үч эритилген бал суусун колдонуу зарыл. Дарылануу бир жарым же эки ай созулат. Бал таасирин бергенде ичегилер тазаланат жана бал тамак сиңирүүгө жакшы жардамын берет.

Өнөкөт суук тийген оорусунда балды алма уксусу менен колдонуу абдан пайдалуу. 1 чоң кашык алманын уксусун бир стакан сууга эритип, ага 1 кашык балды кошуңуз. 1-1,5 айдын ичинде күнүнө 3-4 стакандан ичип туруу шартталат. Бир жылдын ичинде 3-4 жолу дарылоонун курсун кайталаш керек.

Бир стакан сүттү кайнатып, бир түн бою жылуу жерде калтырыңыз. Ал бир сутка турушу шартталат жана ошол эле учурда сүттө каймак же быштак пайда болбошу керек. Бул ачыган сүткө бир чоң кашык өсүмдүк майын кошуп, аралаштырып, анан ичиш керек. Мындай ыкманы жатаарга эки саат калганда ичкен жакшы. Ошондо таасири күчтүү болот.

Эртең менен ачкарын бир тишче сарымсакты жеп, 1-2 алма же кызылчадан жасалган салаттан жеңиз. Салатты даярдоо: өтө чоң эмес бир кызылчаны кыргычтан өткөрүп, ага майда тууралган сарымсак, туз жана өсүмдүк майын кошуп аралаштырыңыз. Ошондой эле эртең менен сулу боткосун же жаңы капустадан жасалган салатты жесе жакшы. Ар бир адам өзүнүн табитине жараша ылайыктап тамактарды жасап алса болот.

Ар түрдүү ботколордун жардамы менен организмди тазаласак болот. Мисалы, жарым стакан күрүч жана сулуну тең үлүштө алып, жууп, тазалап, коюу абалга келгенче кайнатыңыз. Бул аралашманын бир стаканына 2,5 стакан суу куюп, май кошпой, бирок табитиңизге карап туз кошуп, эртең мененки жана кечки тамакта бир нече күн катарынан жесеңиз болот.

Бул ботко организмде иштетилбей калган калдыктарды, кереги жок бактерияларды, иши кылып ашыкча заттардын баарын сыртка алып чыгат. Ошондуктан жок дегенде кээде бул боткону эртең менен же кечки тамакка кошсоңуз пайдасын көрөсүз.

Маанилүү органдардын бири боор болуп эсептелет

Боордун абалына көп нерсе көз каранды. Маселен, маанайдын көтөрүңкү болушу, теринин сулуулугу, эмоция, энергия, көңүл жана кайгы – мунун баары түздөн түз боордун абалына байланыштуу. Ошондуктан териңиз бузулуп, маанайыңыз чөгүп, шалдырап, бетиңизге тактар чыгып, эң негизгиси кычышчу болсо, анда бооруңуздун начарлап же кыйналып жатканынан кабардар болсоңуз болот. Ошондуктан аны тазалоо канчалык зарыл жана керек экенини айттырбай түшүнүшүбүз керек.

Организмди тазалоого даярдоо

Алгач, боорду тазалоодон мурда бир нече милдеттүү эрежелерди эске тутуп алыңыз.

Уулуу заттардан спирт ичимдиктеринен, ышталган азыктардан, медикаменттерден, синтетикалык азыктардан кола, чипсы жана башкалардан баш тартуу керек. Боорду тазалаганга эки жума калганда башташ керек. Эттен жана эт азыктарынан (колбасалар, рулеттер, паштеттер), балыктан, сүттөн, каймактан, жумурткадан, нандан, ун жана ундан жасалган азыктардан баш тартыш керек болот. Негизги тизмени чийки жер-жемиштер, кайнатылган же бууда бышкан азыктар түзүш керек. Ошондой эле дан азыктарын, картөшкөнү, күрүч жана гречка боткосун кошсок болот.

Даярданып жатканда лимон кошулган көк чайды ичүү да сунушталат. Бир күндүн ичинде жок дегенде 6 стакан көк чай ичип таасирин көрөсүз.

Ысык көк чай зыяндуу жана уулуу заттардын өттөн жан боордон бөлүнүп чыгышын шарттайт. Эки жумалык тазалануудан кийин акырындан мурдагы көнүп калган тамактанууга өтсө болот.

1- Боорду тазалагандан кийин биринчи күнү: эртең мененки тамактанууда кургатылган эки ак нанга жылуу көк чайды куюп даярдайсыз. Түшкү тамак: сууда кайнатылган жарым стакан күрүч. Кечки тамак: эки кургатылган нан көк чай менен. Бир күн бою жүзүмдөн жасалган ширени(колдон келсе кызыл түстүүсүнөн ) ичүү абдан пайдалуу.

2- Кечки тамакка кайнатылган жашылчаларды (картөшкө, капуста, кичинекей ашкабактар, сабиз) кошсо болот.

3- Түшкү тамакка кайнатылган жашылчаларды жана тооктун этин (чоң эмес бөлүгүн) кошсо болот. Эртең мененки жана кечки тамак мурунку күндөрдөгүдөй эле болот.

 Спирт ичимдиктерин таптакыр унутуңуз

Диетадан кийин көнүп калган тамактарыңызды жей берсеңиз болот. Ошондой эле уулуу заттарды көп колдонуп боорду кыйнаштын кереги жок экенин эстеп алыңыз. Сөзсүз түрдө спирт ичимдиктерин унутуңуз. Эт жана эт азыктарын, синтетикалык жана жибитилген, консерва азыктарын көп колдонгондон алыс болуңуз.

Бул жол менен  тазалануунун жыйынтыгы сизге сулуулукту, чың ден  соолукту жана оптимизмди тартуулайт.

Булак:www.dilbarai.kg