Нурмагомедов Порье менен таң атканча мушташууга даяр
05.09.2019Америкалык таймаштын аралаш түрү боюнча мушкери Дастин Порье жеңил салмактагы UFCнын орусиялык чемпиону Хабиб Нурмагомедов менен октагонго ушул аптанын ишемби күнү чыгат. Бүйүрдү кызыткан бул мелдештин алдында Хабиб Нурмагомедов 1-каналга маек курган.
Хабиб Нурмагомедов “Диета кармап, күн сайын өзүмдү жакшы сезүүдөмүн. Абдан тыкыр даярдануудамын. Мен Порье менен 25 мүнөт эмес, таң атканча мушташууга даярмын”?-деди
Мушкерлердин абсолюттук чемпионаты (UFC) спорттук уюмунун жеңил салмактагы чемпиондук наамы үчүн таймаш Бишкек убактысы боюнча 7-сентябрдан 8-сентябрга караган түнү саат 2:00дө башталат.
Эсиңиздерге сала кетсек, орусиялык чемпион Хабиб Нурмагомедовдун эсеп куржунунда 27 мелдешке чыгып, бир да жолу жеңилген эмес. Ал эми америкалык мушкер Дастин Порье 31 таймашка чыгып 25 жолу утушка ээ болгон. Анын 13дө нокаут жеңген.
Булак:zaman.kg