Нурлан Насип Асел экөөнүн ортосунда эмне болуп жатканын ачык айтты…
05.09.2019Эстрада ырчысы Нурлан Насип кечээ белгилүү бир телеканалдардын бирине таңкы көрсөтүүгө барып, чыгармачылыгы, өзү жана үй-бүлөсү, алар тууралуу айтылып жаткан имиш кептерге чекит койду.
Нурлан Насиптин чыгармачылыгы, бала-чагын сурагандан кийин эле анын жеке жашоосу, азыркы тапта келинчеги Асел Кадырбекова экөө ажырым жолго түшкөнү тууралуу кеп козголду.
Анда Нурлан Насип: “Ар бир адамдын жеке жашоосу болот. Биздин жеке жашообуз дагы өзүнчө кулпуланган. Бизде ар кандай ушак сөздөр болуп турат. Мен биз тууралуу айтылып жаткан сөздөрдүн баары жалган деп айтам” ,- деп жооп берди. Ал эми алып баруучунун “Ушактар кайдан чыкты?” деген суроосуна Нурлан Насип: “ Азыр интернет деген көбөйүп кетти. Азыр Ютубда деле ар кандай адамдар бизге түшүнбөгөн сөздөрдү жазып коюп, хайп кылып атышат. Рейтинг үчүн. Мен аларга теңелген да, жооп берген да жокмун. Аларга жооп бергим да келбейт, анткени андай сөздөр боло берет. Биз чыгармачыл эл адамдары болгондуктан бизди чогуу жургөнүбузду баары эле билишет. Биз андайбыз, биз мындайбыз деп да жооп бергим келбейт. Бул жөн гана ушак сөздөр”,- деди.
Эскерте кетсек, ырчылар Нурлан Насип менен жубайы Асел Кадырбекова ажырым жолго түштүбу деп эки айдан бери талкуу болуп жаткан эле. Бул туурасында экөө тең ажыраштык же чогуубуз деп айтышкан эмес.
Булак: заман. кж