Нургазы Нишанов:  “Кыргыз жылуулук энерго” ишканасынын башкы директору Мекенди коргоо ар бир атуулдун милдети”

Нургазы Нишанов: “Кыргыз жылуулук энерго” ишканасынын башкы директору Мекенди коргоо ар бир атуулдун милдети”

11.05.2019 Выкл. Автор bulut.kg

Учурда мезгил талабына ылайык жаш-

тарыбыздын көбү, жакшы кызматтарды

аркалап келгени анык. Бирок, чокчоюп

кресло кучактагандын баары эле, кыргыз

салтын анчейин биле бербегени мени

өкүндүрөт. Бүгүнкү менин каарманым

башкалардан өзгөчөлөнүп, өзүн чинов-

ник сезбей, адамгерчилигин көрсөтүп, ар

бир узаткан суроомо чын жүрөктөн жооп

узатты. Айрыкча апасы жөнүндө айткан

жылуу сөздөрү мени таасирлентти. Анда

кеп оролун маекке бурсак.

— Нургазы Нурланович, кыргыздын каада-

салтына кандай карайсыз?

— Ар бир улуттун өзүнө таандык нарк насили

каада-салты бар эмеспи, мен да кыргыз элимдин

байыртадан бери укумдан тукумга мурас катары кал-

тырып келе жаткан салт санаасына көз карашым түз.

Каада-салтты, үрп адатты, мен байыркы түпкү атала-

рыбыздан калган аздек катары сезем. Бабалардан

калган баалуулуктарды балдарыбызга үйрөтүүбүз

зарыл.

— Мисалы ала качуу жолу менен үйлөнгөн

жаштарга көз карашыңыз кандай?

— Көз карашым жакшы. Көп жылдардан бери

кыз ала качууну салтыбыздын бир бөлүгү катары

эсептеп келгенбиз. Учурда азыркы жаштардын пси-

хологиясы башкача болуп калбадыбы, ала качууну

жапайычылык деп. Мурунку кездерде ала качууну

салт катары эсептеп, “Таш түшкөн жеринде оор” же

болбосо, босогону аттап чыгып кетүү уят иш катары

каралчу

— Кудалашуу жолу менен кыз узатып, ке-

лин алгандарга пикириңиз кандай?

— Жылуу пикирдемин. Азыркы мезгилдин та-

лабына ылайык, ала качканча эки жактын макулдугу

менен эки жаш баш кошсо. Жакшы эле болот го де-

ген ойго токтолом. Кудалашуу жолу менен бактылуу

болгондорду билем.

  • Өзүңүз кандай жол менен үйлөнгөнсүз?

— Ала качуу жолу менен. Бирок мен келинчегимдин макулдугу

менен ала качкам. Кудай-

га шүгүр жакшы жашап

жатабыз, үч уул бир кы-

зым бар. Келинчегимдин

аты, Жазгүл. Кесиби бо-

юнча финансист. Бирок,

азырынча балдар менен

үйдө. үй кожейкеси. Жу-

байым түшүнүктүү, мени

ар дайым колдоп турат.

— Балалыгыңызга

бир кылчайсак?

— Балалыгым Жа-

лал-Абад шаарында өттү.

Ошол жерде төрөлүп, ба-

лалык бактылуу көз ир-

мемдерим ошол шаарда калды. Балалыктын ар бир

күнү кызыктарга бай, эч нерсе менен ишиң жок баё

дүйнө болот тура. Кир кол менен кармагыс, жашо-

онун барын жомок катары сезген, кыялкеч күндөр

өткөн экен. Мен жети бир туугандын эң улуусумун.

— Апаңыз жөнүндө эмне айткыңыз келип

турат?

— Эми апам жөнүндө китеп жазсак деле аз бол-

со керек го…

Апам, Мусаева Саламат Аскаровна кесиби боюн-

ча врач. Атам экөө жети баланы тарбиялап, эрезеге

жеткиришти. Биздин эл керегине жараган инсан бо-

лушубузга ата-энемдин мээнети күч. Апамда, аялза-

тына тиешелүү болгон асыл сапаттын баары катыл-

ган. Жароокер, мээримдүү, боорукер ар бир ишке

көзөмөл. Өзү дарыгер болгону үчүнбү, сезимтал. Ар

бир кишиден жардамын аябайт. Бизге болсо кам-

кор. “Жаман сөздөн, жаман көздөн” бизди калкалап

тургандай сезиле берет. Биздин ар бирибиздин ий-

гилигибизге кубанат. Ооруп калсак, кыжаалат болот.

Жигиттик милдетиңизди өтөдүңүз беле?

— Ооба. Кытай менен Кыргызстандын чека-

расында, Эркеч-Там деген жерде кызмат өтөгөм.

Мекенди коргоо ар бир эркектин милдети экенин

моюнубузга алышыбыз керек. Армия тарбия демек-

чи, кызмат учурунда көптөгөн тарбияга ээ болоруң

анык. Ата-энеге, элге жерге болгон сүйүү, мээрим

ойгонот.

Кой сойгонду билесизби?

— Албетте билем. Кыргыздын баласы болгон

соң, кой сойгонду ар бир уул бала билүүгө мил-

деттүү. Конок келгенде кандай сыйлоо, кимге кай-

сыл жиликти тартуу керек баарын жайгара алам.

Жалал-Абад облусунун күрөш федера-

циясынын президентисиз, жаштарга демөөрчү

болуп жүргөнүңүздү да билем, максатыңыз

— Туура айттыңыз, бизде спорт тармагы аксап

жаткан тармактардын бири экени талашсыз. Өзүм,

федерациянын президенти катары айтсам, шарттар

түзүлө элек. Мамлекет эми гана спорт

жаатына көңүл буруп жатат. Менин

өсүп келе жаткан жаш спортсмендер-

ге демєөрчүү болгонумдун себеби,

кыргыз спорту өнүксө дейм. Биздин

кылган демөөрчүлүгүбүздүн натый-

жасында, жаштар алдыга умтулса,

бийиктиктерди багынтса деген изги

тилектер менен, өз алдымча колдоо

көрсөтүп келем. Жаштарыбыздын,

келечегине кам көрүү ар бирибиздин

милдетибиз.

  • Өзүңүз спортко кандайсыз?

— Мен да спортту сүйгөн инсан-

дарданмын. Спорт бул ден соолуктун

булагы экени талашсыз. Спорт менен

алектенген адамдын ден соолугу чың

болот.

Акыркы жолу качан ат

миндиңиз эле?

— Мен өзү тоолук жигитмин.

Өзүм шаарда төрөлүп чоңойгонум ме-

нен, ата-тегим тоодо жашашкан. Тоолорго киндик-

теш болушкан. Айтылуу Арсланбаб, Кызыл-Үңкүр

тоолоруна канатташ айылдарда менин туугандарым

жашайт. Алар менен кол үзүшпөй катышып турам.

Атка бат-баттан минип турам. Кыргыздын улак тар-

тыш оюнун жактырам, чоң улак болгон жерлерге ба-

рам.

— Ата конуш дегенди кандай түшүнөсүз?

— Ата конушту элибиз мурун абдан барктаган,

душманга ата конушту тепсетпеген. Жадагалса ата

конушту сатпаган. Ата конушту саткан эркек мекен-

ди жөн эле сатат деген ишенимге ээ болушкан. Ата

конуш бул ата-бабаларыңдын сөөгү жаткан, алардын

киндик каны тамып, кир жууган жер деп эсептейм.

Мен жогоруда айтпадымбы, менин ата конушум тоо

койнунда. Ошол жерде ата-бабамдан калган жерлер

бар. Келечекте менин урпактарым жашаса деп ниет

кылам.

Бош убактыңызда эмне менен алектене-

сиз?

— Мен мамлекеттик кызматкер болгон соң,

бош убактым аз болот. Дем алыш күндөрү үй-бүлөм

менен бирге болууга тырышам. Балдарымдын тар-

биясына, окууларына аз да болсо көңүл бурууга ара-

кет жасайм.