Нургазы Нишанов, «Кыргыз жылуулук энерго» ишканасынын башкы директору: «Ийгиликтеримдин башаты апам”
07.07.2020Энени барктап сыйлаган мырзалардын сап башында Нургазы Нурланович турат. Мекенчил, бир сөздүү, апасын өтө жакшы көргөн Нургазы мырзаны кепке тарттым.
— Нургазы мырза, бүгүнкү маек эне жөнүндө болсо дегем. Сиздин оюңуз…
— Эң жакшы болот. Бейиш эненин таман алдында деген бекеринен айтылбаса керек. Апам жөнүндө маек берүү мен үчүн рахат.

— Энелүүлөр картайбайт деген кептин канча пайызы чындыкка дал келет деп ойлойсуз?…
— Энеси бар адам картайбайт деген сөздүн эң туура айтылганына жүз пайыз ишенем. Себеби мен үй-бүлөлүү, төрт баланын атасы болгонума карабай апам үчүн мен дале бала бойдонмун. Мен үчүн апам дайыма тынчсызданып, кам көрүп ар убак абалымды сурап турат.
— Апаңыз жөнүндө эмне айткыңыз келип жатат…
— Апам Саламат Мусаева врач-УЗИст. Жалал-Абад шаарынын аялдар кеңешинин төрайымы. Учурда ардактуу эс алууга чыккан. Бирок, эс алууда экенине карабай иштеп жүрөт. Апам өтө мээнеткеч, иштерман, өжөр, боорукер, ак көңүл, сулуу, акылдуу, назик, бирок, эркек мүнөз. Бир сөздүү, убадага, достукка бекем. Сүйлөгөн сөзүнүн аягына чыгат. Жөн жерден куру убада бергенди жаман көрөт. Эч качан жөн олтура албайт, бекерчиликти жаман көрөт. Өзүнө кайдан-жайдан кошумча жумуштарды таап алат. Кошумча жумуштары замандаштарыбызга акысыз жардам берүү. Кимдир бирөөлөргө ар тараптуу жардам бергенди жакшы көрөт. Кыскасы, эч кимге окшобогон, эч бир жандан жардамын аябаган апам бар.
— Убадага бек сапат эркектерге тиешелүү болсо керек…
— Айткан сөзүнө, жасаган иши дал келген аялзатынын бири апам экенине ишендирип кетем.
— Кайтарып алгыс балалыгыңыздын издери кайсыл чөлкөмдө калган?
— Жалал-Абад шаарында төрөлүп, ошол шаарда балалыктын бактылуу көз ирмемдери өттү. Жаштардын шаары Жалал-Абад деп бекер жерден айтылбаса керек. Кичинекей бирок кооз шаарда жаштыктын жалындуу жылдарын өткөрдүм. Ар бир адамдын өзү төрөлүп-өскөн жери Мисир дегендей, мен үчүн Жалал-Абад шаары ыйык, кол жеткис сезилет. Жумуштан бошой калган учурларда, кичи мекенимди көздөй сапар тартам.
— Апаңыз жасаган кайсыл тамагын сүйүп жейсиз?
— Жасаган бардык тамактарын тамшануу менен жейм. Кайсыл тамакты жасабасын, даамын чыгара жасайт. Ашканада мыкты кожейке.
— Сиз кайсыл сапатын алып жүрөсүз?
— Мен апамдын убадага бек сапатын алып жүрөт окшоймун. Бирөөгө убада берсем, уят болбой аткарууга тырышам.
— Эркектер апасына окшош аялзатын издешет деп коюшат…
— Апама окшошун издеген эмесмин. Себеби менин апам бирөө гана. Апам жасаган жумуштарды аялдар эмес, кээ бир эркектер да жасай албайт. Тагдыр экен келинчегим менен Жалал-Абад шаарында тааныштык, аты Жазгүл. Бир кыз, үч уулдун бактылуу ата-энесибиз. Чынымды айтсам, апама окшош сапаттарын салыштырып көрбөпмүн. Жубайым балдардын тарбиясын карап үйдө, ак көңүл, сарамжал, менин жумушума кирише бербеген жайы бар.
— Таарынбаңыз! Эл арасында уул бала үйлөнгөн соң, апасы экинчи планга “жылып” кетет деген кептер да айтылат…
— Ал болбогон кеп. Мен үчүн апам биринчи орунда турат. Кандай кишилер апанын ордун алмаштырышат билбейм. Бирок мен үчүн апам өмүр бою биринчи орунда болот.
— Апаңызга кандай белек бергенди жактырасыз?
— Апам, кандай белек берсең да кубануу менен кабыл алат. Бирок мен апамдын өзүнөн кандай белек берейин деп ачык эле сурайм. Өзү жактырган белегин сатып берем.
— Ийгиликтүү эркектин артында күчтүү аялзаты турат деген кеп ыраспы…
— Туура, ар бир ийгилик жарата алган эркектердин артында сөзсүз аялзаты турары белгилүү. Менин ийгиликтеримдин фундаментин куйган, элдик уул кылып тарбиялаган апам деп айткым келет. Жасаган жетишкендиктеримдин башаты апам десем туура болчудай.