Нурбек Мурашев КР Айыл чарба жана мелиорация министри: “Апам – өтө чыдамкай инсан”
11.05.2019
— Артта калган балалыгыңызга бир кылчаю
менен маегибизди баштасак?
— Жакшы болот. Балалык бул кол менен кармап
кала алгыс алтын доор болот экен. Менин балалыгым
кадимки айыл жеринде өттү. Мындайча айтканда
Жалал-Абад облусунун Ноокен районуна караштуу
Сакалды Айыл-ªкмөтүнүн Кыргызстан участкасын-
да төрөлгөм. Айылдын боз чаңдарына аралашып эле
чоңойдум. Ал учурдун мезгил талабына ылайык, жу-
муш өтө көп болчу. Жаздан күзгө чейин сабактан бо-
шой калган мезгилдерде талаа-түздө колхозго кол ка-
быш кылуу менен алек болчу элек. Жаштыктын деми
менен чарчоо чалыгууну сезчү эмеспиз?
— Апаңыз жөнүндө эмне айткыңыз келип турат?
— Апам жөнүндөбү?.. Апам жөнүндө канча айт-
сам да жарашат. Атам көп жылдар бою колхоздо
башкарма болуп иштеген. Атамдын жумушу көп бол-
гондуктан, бизге аз убакыт бөлөр эле. Ал эми апам му-
галимдик кесипти аркалачу. Атама караганда чынды-
гын айтуу керек апам бизге көбүрөк тарбия берди десем
болот. Мен 12 жашка чыкканда атам бул дүйнө менен
кош айтышып кете берди. Беш бала менен калган апам,
атамдын көзү өткөн соң, турмушка да чыкпай, калган
өмүрүн бизге арнады. “Бизди канаттууга кактырбай,
тумшуктууга чокутпай”, бөпөлөп эрезеге жеткирди.
Пахта тердик, тамеки тиздик, кыскасы кара жумуштун
барын калтырбай жасачубуз. Ал мезгилде жаштыгым
мененби, апам бизди кыйнап иштетип жаткандай се-
зилер эле. Азыр акыл калчап көрсөм, атабыз эрте өтүп
кеткендигине байланыштуу апам турмуш тиричиликке
бышык болсун деген тилек менен бош убакыт койбой
кандайдыр бир нерсе менен алектенчү экен да.
— Апаңыздын кайсыл сапатын баалайсыз?
— Апамдын чыдамкайлыгын баалайм. Атаман
соң, бешөөбүзгө ата да апа да болду. Беш бирдей бала менен калуунун өзү чоң түйшүктү жаратат эмеспи… Барыбызды атамдын жогун билдирбей жогорку билимге ээ кылды. Ар бирибиздин жашоодо өз ордубузду таап,
үй-бүлө очогун куруубузга шарт түздү. Биз деп жүрүп
карыды. Учурда төрүбүздүн көркү.
— Кайсыл тамагын сүйүп жечүсүз?
— Апамдын тамактары абдан даамдуу жасал-
чу. Жөнөкөй сууга күрүчтү кайнатып берсе деле жага
берчү. Палоо жасаганы же болбосо жөн эле нан менен
чай бергени да жакчу. Мурун эле эмес азыр айылга
барсам же болбосо апам, шаарга конокко келсе да та-
мак жасап бериңизчи дейм. Апамдын колунан тамак
жегим келе берет.
— Уул бала үйлөнгөн соң, апасы экинчи планда
калат дегендерге көз карашыңыз кандай?
— Эми мен андай сөздөргө кошулбайм. Ата-эне-
си менен чогуу чоңойгон уул балдар кийин кандай бой
жетет аны мен билбейм бирок, мен өзүм жөнүндө жооп
берчү болсом, жогоруда айтпадымбы атам эрте өтүп
кеткен деп. Апам ошондо отуз жети жашта болгон.
Бизди эч кимдин көзүн каратпаганга тырышып, канча
кыйынчылык тарткандары көз алдыма дале тартылат
да ошондуктан мен өз энемди эч кандай экинчи план-
га коё албайм. Азыркы күндө деле бизге туура багыт
бергенге аракет жасайт. Биз оорусак кошо ооруйт. Бе-
керинен “Бейиш эненин таман астында” деп айтылбаса
керек. Мен үчүн энем бейиш.
— ªз балдарыңызга кандай тарбия берүүдөсүз?
— Чындыгын айтыш керек, менин кечке балдар
менен олтурууга убактым тар. Иштеген киши ушундай
болот экен да. Мага караганда келинчегим көбүрөк
балдардын тарбиясы менен алектенет. Атага караган-
да эненин тарбиясы балдарга көбүрөөк берилет экен.
Мен жумушка эрте кетип, кеч келем. Атам да мен сыяктуу эле?
— Кандайча?..
— Атам акыркы учурларда колхоздо башкарма
болуп иштеп турганда ал кез Союз тарай элек кез бол-
чу, турмуш шарт да башкача эле да. Атамды бир жума
же болбосом он күндөп көрбөй калчубуз. Биз уктаган-
да келчү, биз ойгонсок жумушка эчак кеткен болор эле.
— Бала кездеги арзуу кыялдарыңызга
жеттиңизби?
— Эми кандай десем, негизи бактылуу балалык-
тын таттуу кыялдары болот эмеспи. Бала кезден кыял-
данган нерселериме жеттим десем да болот. А бирок,
бир арзуу тилегим орундалбады. Ал нерсе эч качан
орундалбасын билсем да, кичине кезимде таттуу кыялга батып элестетчүмүн.
Ал элесим атам арабызга
кайтып келсе деген куру үмүт, таттуу балалык арзуум
эле. Мен ал өзүм кыялданган жомогум менен көп жыл-
дар бою жашагам. Азыр ал жол караткан арзуу эмес,
өзөк өрттөгөн өкүнүчкө айланды. Атам биздин жак-
шылыгыбызды көрсө болбойт беле… Бой жеткенибиз-
ди, эл катарына кошулганыбызды, неберелерин деген
өкүнүчтөр көп учурда жан дүйнөмдү жанчып кетет.
— Эр тайын тартат деп коюшат экен, апаңыз
жакшы инсандардын кызы болсо керек…
— Туура айттыңыз, апам ошол эле Сакалды айылынын кызы.
Таятам отуз жыл колхоздо башкар-
ма болгон. ¯ч жолу Ленин ордени менен сыйланган.
Айыл чарба тармагынын баатыры деген наам алган.
Менин айыл чарбага жакын болушума таятамдын да,
өз атамдын да тиешеси бар деп ойлойм.
- Өз кесибиңиз…
— Менин негизги кесибим экономист. Бирок оку-
уну аяктаган жылдарымда, өз кесибим менен иштебей
дыйкан чарбага ыктап кеткем. Ошол күндөн тарта
айыл чарба тармагында эмгектенип келе жатам.