Нурбаев: Химия, физикадагы формулаларды жаттатыштын кереги жок

Нурбаев: Химия, физикадагы формулаларды жаттатыштын кереги жок

12.09.2019 Выкл. Автор bulut.kg

Азыркы убакта химия, физикадагы формулаларды жаттатыштын кереги жок. Мындай пикирин депутат Абдывахаб Нурбаев парламентте сүйлөп жатып бидирди.

“Балдарыбыз кесип тандоодо артта калып жатат. Эгер эртерээк тандоону киргизсек, ата-энеси менен чогуу олтуруп, келечектеги кесибине, бара турган университине карап сабак тандамак. Азыркы убакта химия, физикадагы формулаларды жаттатыштын кереги жок. Заман башка болуп жатат”, – деди Нурбаев.

Ал бүтүрүүчү класттарга тандоо мүмкүнчүлүгүн киргизүү сунушу бир жылдан бери парламентте айтылып жатканын билдирип, бирок ишке ашыруу процесси кечеңдеп жатканын айтты.

Бүгүн Жогорку Кеңеште Билим берүү жана илим министри кызматына көрсөтүлүп жаткан Каныбек Исаковдун талапкериги каралып жатат.

Булак:zaman.kg