Ноокен районун акими жарандарга жардам узатты
28.04.2020

Ноокен районунун акими Эркинбек Маматаев райондун аймагындагы мүмкүнчүлүгү чектелген 15 үй-бүлөгө өз каражатынын эсебинен 25 кг 15 кап ун, ал эми райондук мамлекеттик администрациясынын резервдик фондунан 16 665 сомдук күнүмдүк колдонууга керектелген буюмдар, шириндиктерди үйлөрүнө жеткирип берди. Рамазан айында, мүмкүнчүлүгү чектелген, жарандардын көңүлүн алып, аз да болсо, оорулуулардын жан дүйнөсүнө жылуулук тартуулап, сооп иш жасап жаткан акимди бали дейли! Элибиз кыйын кырдаалда турганда, ар бир райондун акими Эркинбек Маматаевдей болуп, жарандарга жардам колун созсо жакшы болот эле деген ой пайда болду. Эркинбек мырзанын бул демилгеси, кээ бир креслосуна таянган акимдерге, үлгү болчудай.
Булак: BULUT.KG