Ноокен районунда таажы вирусу катталган жок
10.04.2020
Эсил кайран СССР деген улуу держава өз өкүмүн жүргүзүп турган учурда. Ноокен району ак алтындын (пахтанын) мекени аталса, учурда кара алтындын мекени экени талашсыз. Мээнеткеч Ноокендиктер жаз алды менен жердин боорун тырмап, дыйканчылык менен жан багышат. Дүйнө элинин үшүн алган таажы вирусу ар тараптан тооруп турганына карабай, элеттиктер эгин талааларына жашылча эгүү 2050 га пландалып, 913 га аянтка эгилди. (пияз, капуста, балгар калемпири, помидор, бадыраң)

Бакча өсүмдүгүн эгүү (дарбыз, коон) 550 га пландалып, 117 га аянтка эгилген. Кечээки жааган кар, дыйкандар эккен айыл чарба өсүмдүктөрүнө зыян алып келди. Бүгүнкү күндө келтирилген чыгымдар боюнча тактоо иштери жүрүп жатат. Достук, Бүргөндү айыл өкмөттөрүнүн дыйкандары менен Ноокен районунун акими Эркинбек Маматаев жеринен барып таанышып келди деп ишенимдүү булактар билдирди.

Атың өчкүр таажы вирус өлкөбүзгө баш баккандан бери Ноокен районунда штаб түзүлүп, штабды райондун акими Эркинбек Маматаев өзү жетектеп жатат. “Ат башына күн түшсө, ооздугу менен суу ичет. Эр башына күн түшсө, өтүгү менен суу кечет” деп элибизде бекеринен айтылбаса керек. Мекенчил Эркинбек Маматаев учурда өтүгү менен суу кечкендердин катарында. Ноокен районунун айыл өкмөт жетекчилери, медицина кызматкерлери, милиция кызматкерлери жана аймактын мекенчил атуулдары менен кошо күн-түн тынымсыз, көзгө көрүнбөгөн душмандын( таажы вирустун) астын алуу, иштерин жүргүзүп жатат. Элибиз, кыйын кырдаалга кабылып турган учурда, аким Э. Маматаевдин жер-жерлерде район эли менен жолугушуп дем-күч берип, колдон келишинче жардамдарды таратуусун жакшы жөрөлгө дейли. Бул да болсо, жетекчинин иш билги экенинен кабар берет.

Ноокен районунун жашоочуларына демөөрчүлөр тарабынан келген жардамдарды муктаж үй бүлөлөргө так жеткирүү үчүн, айыл өкмөттөр жана Кочкор-Ата шаар мэриясы тарабынан үймө-үй кыдырып, жардамга муктаж үй бүлөлөрдү тактоо иштерин жүргүзүп жатышат.
2020-жылдын 22-мартынан бери райондун аймагындагы мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга, аз камсыз болгон үй бүлөлөргө, 100 жаштан ашкан карыяларга, Улуу Ата-Мекендик согуштун катышуучуларына, медицина тармагынын жана ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлерине, ата-энесинен толук ажыраган балдарга, Апрель окуясында курман болгон Осокеевдин үй бүлөсүнө жалпы эле жардамга муктаж 2061 үй бүлөгө демөөрчүлөр тарабынан 2 млн 440 миң 760 сомдук азык- түлүк иретинде жардамдар көрсөтүлдү.
Ал эми райондук билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ноокен райондук комитети райондук билим берүү бөлүмү менен биргеликте билим берүү тармагында эмгектенген аз камсыз болгон (мугалим, тарбиячы, тех.кызматкерлерге) 311 үй бүлөгө 121 290 сомдук азык-түлүк берилди.

Ошондой эле Масы айыл аймагынын тургуну М.Халматов тарабынан 10-марттан бүгүнкү күнгө чейин 110 тонна (2200 кап) ун райондун аймагындагы аз камсыз болгон үй бүлөлөргө жардам иретинде 1200 сомдон сатылды.

БУУнун Азык-түлүк программасынын негизинде 6 км лоток жасоо иштерин аткарган 67 үй бүлөгө (ар бир үй бүлөгө) 15 литрден май, 3 каптан ун берилди.
Азыркы учурда Бүргөндү айыл аймагындагы Маданият чек ара көзөмөл өткөрүү постунда саат 08-00 дөн саат 22-00 гө чейин медицина кызматкерлери Өзбекстан Республикасынан өткөн жарандарды көзөлдөө иштерин жүргүзүшүүдө.
Маданият чек ара пунктуна медицина кызматкерлеринин күнүмдүк 3 маал тамактануусу үчүн, айыл өкмөттөр, Кочкор-Ата шаар мэриясы жана Ноокен райондук администрациясы тарабынан акча каражаты которулуп берилген.
Медицина кызматкерлеринин коопсуздугун сактоо боюнча КР ССМ тарабынан чыгарылган 30.03.2020-ж. №208 буйругунун негизинде Ноокен аймактык ооруканасынын медициналык кызматкерлери арасында коргоонучу кийимдерди чечип кийүү ыкмасы, залалсыздандыруучу заттарды колдонуу, бейтаптарга жардам көрсөтүү боюнча практикалык окуу семинар өткөрүлдү.
Ошондой эле күзөттө турган медицина кызматкерлерин Масы айылынан Маданият чек ара пунктуна чейин алып барып, кайра алып келүү мекеме-ишканаларга графиктин негизинде тапшырмалар берилген.
Учурда жер-жерлерде группалар түзүлүп, көчөдө жүргөндөрдү үйгө киргизүү, бет кап кийбей жүргөндөргө оорунун алдын алуу боюнча түшүндүрүлүүдө жана дезинфекциялоо иштери жүргүзүлүп жатат.

Ноокендиктер таажы вирусунун алдын алуу, ар ыктымалга каршы, сырттан келген жарандарды катуу көзөмөлгө алууда.
Учурда үй көзөмөлүндө тургандар 842.
Анын ичинен чет өлкөдөн келгендер- 230, чет өлкөдөн келгендер менен байланышы барлар 612.
Жалпы карантинден чыкканы – 273 адам.
Райондун аймагынан жалпы лабораторияга 24 анализ жөнөтүлгөн, ал эми экспресс тест менен 414 анализ алынган, жалпы 438 анализ алынып, алынган анализдерден таажы вирус аныкталган жок деп жеке булактар билдирет.
Булак: BULUT.KG