Ноокен районунда жардам берүү уланууда

Ноокен районунда жардам берүү уланууда

23.04.2020 Выкл. Автор bulut.kg

Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында райондун прокурору З.Джумабековдун, КРнын Улуттук коопсуздук комитенинин Ноокен райондук бөлүмүнүн өкүлү Б.Ширгелдиевдин катышуусу менен таажы вирус оорусунун алдын алуу боюнча штабынын №17 отуруму өткөрүлдү. Штабдын жетекчиси, Ноокен районунун акими Эркинбек Маматаев  жыйында, медицина тармагынын жетекчилерине мындан ары да иш аракеттерди күчөтүүгө милдеттендирди. Райондук салык жана жыйымдар башкармалыгынын башчысына, салык төлөмдөрүнүн төлөнүүсү боюнча иш алып баруу жана азык-түлүк саткан базарларды, магазиндерди, дары-дармек саткан дарыканалардын бааларын көзөмөлдөөнү тапшырды. Райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысына, мугалимдердин онлайн режиминде сабак өтүүсү боюнча иш алып  баруу жана ата-энелер арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү  тапшырмасы берилди. Райондук ички иштер бөлүмүнө, жер-жерлерде уюштурулган постторго түшүндүрүү иштерди жүргүзүү, Масы айылынын борборунда элдин санын азайтуу боюнча ишти мындан ары да күчөтүү айтылды. Айыл өкмөт башчыларына, Кочкор-Ата шаар мэрине жана тиешелүү  мекеме-ишкана жетекчилерине: Үй көзөмөлүндөгү адамдардын жүрүм-турумуна көзөмөлдү күчөтүү, жардамга муктаж  үй-бүлөлөрдүн тизмелерин тактоо жана жардам көрсөтүүнү улантуу, салык төлөмдөрүнүн төлөнүүсүн көзөмөлдөө, ата-энелер арасында аралыктан окутуу жана жаш өспүрүмдөрдүн суицид, кылмыштуулуктун алдын алуу  боюнча аялдар жана аксакалдар кеңештери менен биргеликте түшүндүрүү иштерин жүргүзүү  тапшырмаларын берди.  Андан сырткары, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын жана тылда эмгектенгендердин үйлөрүнөн кабар алынып, Жеңиштин 75 жылдыгына карата Кыргыз Республикасынын Президенти жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан  бөлүнгөн акча каражаты  жеткирилип берилди. Учурда, таажы вирустун алдын алууга жардам колун созгондордун катары толукталууда. Райондун тургуну жеке ишкер А. Мырзабекова тарабынан медицина тармагына 50 медициналык атайын коргоочу кийим(125 000 сомдук) 700 бет кап (14 000 сомдук ) жана  аз камсыз болгон  29 үй-бүлөгө  29 000 сомдук жардам берди.   Райондун дагы бир тургуну тургуну М.Халматов өз эсебинен 75 000 сомдук  1 мал союп, 227  үй бүлөгө  эт таркатып берди. Ал эми, райондун аймагындагы аз камсыз болгон 24 үй-бүлөгө жергиликтүү бюджеттен  39 980 сомдук азык-түлүк жардам иретинде берилди. Учурдагы кырдаалга байланыштуу балдарды колдоо жылынын алкагында дистанттык формадагы окууну жүзөгө ашыруу максатында Шайдан айыл өкмөтү тарабынан 10 телефон алынып, айыл аймагындагы аз камсыз болгон 10  үй-бүлөдөн  кабар алынып тапшырылды. Окуучулардын ата-энелерине балдарынын окуусун үзгүлтүккө учуратпай  көзөмөлдөө түшүндүрүлдү. Телевизору жок үй-бүлөргө мектептин  базасында турган  жана мугалимдер жааматтарынын, айыл тургундарынын (ашыкчателевизору бар үй-бүлөлөрдөн) жеке телевизорлорун жеткирип берүү иштери уюштурулду.  Кочкор-Ата шаарынын көчөлөрү, базарлар, Ноокен райондук мамлекеттик администрациясы, Ноокен райондук ички иштер бөлүмү, Кочкор-Ата аймактык ооруканасында залалсыздандыруу иштери жүргүзүлдү. Кочкор-Ата аймактык ооруканасынын хирургия жана терапия бөлүмдөрү карантиндик режимге өткөрүлдү. Ноокен, Кочкор-Ата аймактык ооруканаларынын жана жер-жерлерде уюштурулган санитардык  көзөмөлдөө постторунун  иштерин  күчөтүү тапшырмасы берилди. Кочкор-Ата аймактык ооруканасы убактылуу чектелген жумуш тартибине өткөндүгүнө байланыштуу  Кочкор-Ата шаарынан, Достук, Бүргөндү, Момбеков айыл аймактарынан келген бейтаптарды, кош бойлууларды кабыл алуу жана дарылоо Ноокен аймактык ооруканасына милдеттендирилди.    Бүгүнкү күнгө, таажы вирустун алдын алуу максатында үй көзөмөлүндө тургандар  505. Обсервацияга 3 адам жаткырылды Учурда обсервацияда жаткан жарандардын ден соолугунун абалы жакшы, даттануулары жок. Оорунун алдын алуу боюнча эл арасында түшүндүрүү жана залалсыздандыруу иштери  жүргүзүлүп жатат. 1227.tunduk.kg сайтына 7275 адам киргизилди, анын ичинен гуманитардык жардам алган 1607 жаран, жардамга муктаж 5000 жарандын заявкалары сайттан кабыл алынды, сайтка киргендерден райондук эмгек жана социалдык өнүгүү тарабынан социалдык абалдары боюнча иликтөө жүргүзүлүп 303 жарандын заявкалары четке кагылды.