Ноокен районунда жардам берүүчүлөрдүн саны арбыды
05.05.2020


Ноокен райондук мамлекеттик администрациясы райондук ыкчам штабдын 19 отуруму райондун прокурору З. Джумабековдун, СНБнын райондук өкүлү Б. Ширгелдиевдин катышуусунда өткөрүлдү. Отурумду штабдын жетекчиси Эркинбек Маматаев жетекчилердин аткарган иштери боюнча маалыматтарын угуп, берилген тапшырмаларды өз деңгээлинде аткарууга милдеттендирди. Айыл өкмөттөр жана Кочкор-Ата шаар мэрине элдин коопсуздугун сактоо үчүн санитардык карантиндик посттордун ишин улантуу, мал базарлардын иштөөсүнө уруксат бербөө жана багар көрөрү жок жалгыз бой карыяларга, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө азык-түлүктөн жардам берүү, үй көзөмөлүндөгү адамдар арасында үйдөн чыкпай отуруу боюнча түшүндүрүү иштерин жана залалсыздандыруу жумуштарын улантууну тапшырды.
Ноокен райондун аймагындагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жардам берүү улантылууда. Чернобыль апаатынын жарылгандыгынын 34 жылдыгына карата ЧАЭСтин катышуучуларына жана жесирлерине моралдык жана материалдык жактан колдоо көрсөтүү максатында жергиликтүү бюджеттен акчалай жардамдар берилди. Райондун аймагындагы аз камсыз болгон жергиликтүү бюджеттин эсебинен 48 үй бүлөгө 52 мин сомдук, демөөрчүлөр тарабынан 36 үй бүлөгө 15825 сомдук азык-түлүк иретинде жардамдар жеткирилди. Жалпы кырдаал башталган учурдан бери бүгүнкү күнгө чейин райондун аймагындагы жардамга муктаж үй бүлөлөргө жергиликтүү бюджеттен 616 үй-бүлөгө 1 млн 13 миң 325 сомдук, демөөрчүлөр тарабынан 2 468 үй-бүлөгө 2 млн 914 миң 233 сомдук жардамдар көрсөтүлдү. Баары: 3084 үй-бүлөгө 3 млн 927 мин 558 сом. Андан сырткары Кочкор-Ата шаарында демөөрчүлөр тарабынан 123 аз камсыз болгон үй-бүлөгө жалпы 172 200 сомдук азык-түлүк иретинде жардам көрсөтүлдү. Масы айыл аймагынын тургуну Ж. Дубанаева кызы тубаса жүрөк кемтиги (порок сердца) оорусу менен ооруганы себептүү Бишкек шаарына алып барып дарыгерге көрсөтүү үчүн, учурдагы кырдаалга байланыштуу акча каражаты жетишсиз болуп жаткандыгын айтып, жардам сурап кайрылган. Ж. Дубанаевага райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан 3000 сом, демөөрчүлөр тарабынан 11 700 сом көмөк көрсөтүлдү. О! мобилдик байланыш түйүнүн Кочкор-Ата шаарындагы бөлүмүнүн демилгеси менен аз камсыз болгон 50 үй-бүлөгө 125 000 сомдук, Достук айыл аймагындагы аз камсыз болгон 15 үй-бүлөгө 32 963 сомдук азык-түлүк иретинде жардамдарды беришти. 1227.tunduk.kg сайтына 8895 адам киргизилди, анын ичинен гуманитардык жардам алган 1814 жаран, жардамга муктаж 6607 жарандын заявкалары сайттан кабыл алынды, сайтка киргендерден райондук эмгек жана социалдык өнүгүү тарабынан социалдык абалдары боюнча иликтөө жүргүзүлүп 474 жарандын заявкалары четке кагылды. Бүгүнкү күнгө үй көзөмөлүндө тургандар 367. Учурда обсервацияда жаткан жарандардын ден соолугунун абалдары жакшы, даттануулары жок. Көчөлөрдө жана Масы базарында тазалоо жана залалсыздандыруу жумуштары жүргүзүлдү. Оорунун алдын алуу боюнча эл арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат.