Ноокен районунда жазгы талаа иштери жүрүп жатат
16.04.2020
Таажы вирус өлкөбүзгө баш баккандан бери, көптөгөн жарандарыбыз бул оорунун азабын тартып, жалпы эле элибизге түшкөн түмөн түйшүк болду. Элет жеринде жерлер айдалбай жазгы талаа иштери кечеңдегени жашыруун эмес.
Ноокен районуна жаз эрте баш багат эмеспи, жаз менен жарышкан Ноокендик дыйкандар жазгы талаа иштерин үзгүлтүккө учуратпай, өз маалында айдап себүү иштерин жүргүзүшүүдө.
Дыйкандарды суу менен камсыз кылуучу Кара-Үңкүр дарыясы Ноокен районунун жалпысынан 21 чакырым аралыгын басып өтөт, учурда жаап жаткан жамгырдын натыйжасында Кара-Үңкүр дарыясында суунун көлөмү 100 кубду түзөт. Райондун акими Эркинбек Маматаев, өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери жана Арал айыл өкмөтүнүн өкүлдөрү менен биргеликте жеринде барып таанышып, тийешелүү жетекчиликке тапшырмаларды берди.

Бул аймакта, таажы вирусу жок. Бирок, ар ыктымалга каршы район жетекчилери бар күчүн жумшап, жарандардын коопсуздугу үчүн аракеттенүүдө. Таажы вируска каршы туруу иш чаралардын алкагында дезинфекциялоо иштери кайрадан күчөтүлүп, мекеме-ишканаларды залалсыздандыруу иштери башталды.
Масы айылынын борборундагы элдин санын азайтуу боюнча МАИсынын райондук бөлүмүнүн 2 машинасы авто унаалардын кыймылын көзөмөлгө алышты, банктарга бөлүнгөн райондук жетекчилер элдин санитардык талаптарды сактоосун көзөмөлдөп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

“Көп түкүрсө көл болот” дегендей, райондун эли колунан келишинче бири-бирин ар тараптуу колдоп жаткандары көңүл кубантарлык иш. Момбеков айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлери бир күндүк айлык акысынан аз камсыз болгон 100 үй бүлөгө 20 600 сомдук жардам беришти. Кочкор-Ата шаарындагы аз камсыз болгон 120 үй бүлөгө демөөрчү тарабынан 150 000 сомдук жардам берилди.
Дагы бир кубанычтуу жаңылык учурдагы кырдаалга байланыштуу дистанттык окуунун жүрүшүнө Достук айыл өкмөтүнүн башчысы Замирбек Мамасадыков айыл аймагындагы аз камсыз болгон 6 үй бүлөнүн балдарынын окуусу үзгүлтүккө учурабашы үчүн, алты смартфон алып берди, ошондой эле 8 үй бүлөгө ушул кырдаалда убактылуу колдонуп туруу үчүн, сыналгы берди. Аталган иш чарага райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы катышты.

Ал эми райондун Шайдан айыл аймагынын Тоскоол айылындагы кооптуу аймакта жашаган жарандарды көчүрүү маселеси боюнча 17.03.2020-ж. райондук комиссия, айыл өкмөтүнүн башчысы жана айыл башчылар менен биргеликте барып жеринде түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, көчүрүлүшү керек болгон 14 үй бүлөдөн, ошол жерде учурда 8 үй бүлө кооптуу жайда жашап жаткандыктары аныкталган. Аларга райондун соту тарабынан көчүрүү боюнча чечим чыгарылган, бирок соттун чечимине баш ийбей жашап жатышат, аларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү деп билдирет ишенимдүү булактар.
Атың өчкүр таажы вирустун алдын алуу үчүн, бүгүнкү күнгө үй көзөмөлүндө тургандар 636. Райондун аймагынан жалпы лабораторияга 34 анализ жөнөтүлгөн, ал эми экспресс тест менен 576 анализ алынган, жалпы 610 анализ алынып, 10 анализ лабораторияда.
1227.tunduk.kg сайтына 4365 адам киргизилди, анын ичинен гуманитардык жардам алган 1298 жаран, жардамга муктаж 2182 жарандын заявкалары сайттан кабыл алынды, сайтка киргендерден райондук эмгек жана социалдык өнүгүү тарабынан социалдык абалдары боюнча иликтөө жүргүзүлүп 746 жарандын заявкалары четке кагылды. Учурда райондун аймагында азык-түлүк, ун жетиштүү, эл арасында түшүндүрүү иштер улантылууда. Жазгы талаа жумуштары кызуу жүрүп жатат деп билдирет ишенимдүү булактар