Ноокен районунда бирдиктүү терезе ачылды.

Ноокен районунда бирдиктүү терезе ачылды.

21.05.2020 Выкл. Автор bulut.kg

Ноокен районуна Улуттук энергохолдинг башкармалыгынын төрагасы  Айтмамат Назаров  келип, райондук электр тармактар  мекемесинде кардарларга кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу максатында уюштурулган бирдиктүү терезе бөлүмүн ачты.  Бул бөлүм жарандардын электр кубатына байланыштуу кайрылууларын, көйгөйлөрүн ыкчам жана жеринде чечүү мүмкүнчүлүгүн түзүү, жардам көрсөтүү үчүн ачылды. Ошондой эле ОАО Керемет Банктын жана MegaComдун терминалдары коюлду.

Учурдагы кырдаалга байланыштуу Энелердин майрамында 100 жашка чыккан  жана көп балалуу энелерди майрамы менен куттуктап, энелердин  үйлөрүнө майрамдык белек жана азык-түлүктөрдү райондун акими Эркинбек Маматаев өзү баштаган топ жеткирип беришти. Ал эми аймактык оорукананын жетекчилиги, төрөт бөлүмүндө жаткан энелерге  белектерди тартуулашты.  Энелер күнүндөгү белек берүү иш чаралары  айыл аймактарда жана  Кочкор-Ата шаарында улантылды.

Дагы бир айта кетчү жагдай, райондук администрациясы тарабынан ыкчам штабдын отуруму өткөрүлдү. Отурумда 25-май акыркы коңгуроо аземине карата окуучулардын коопсуздугун сактоо боюнча райондун жетекчилери мектептерге бөлүнгөндүгү боюнча көзөмөлдөө иштерин жүргүзүү, иштеп жаткан мекемелердин, базарлардын, мал базарлардын, май куюучу жайлардын санитардык-гигиеналык эрежелерди жана социалдык аралыкты сактоо талаптарын аткаруу, ар бир мекеме-ишкана өз ишмердүүлүгүн жүргүзүү жана берилген план тапшырмаларды толук аткаруу тапшырылды.  Ошондой эле 1-июнь Эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата ата-энесинен толук жана жарым жартылай ажыраган, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына майрамдык маанай тартуулап, белектерди таркатуу тапшырмасы берилди. Масы айыл өкмөтү тарабынан турмуш шарты оор 13 үй-бүлөнүн балдарына онлайн сабак окуусу үчүн телефон  жана 2  телевизор алынып берилди.

Ноокен  районунун аймагындагы Масы, Кочкор-Ата, Ак-Бата мал базарлар иштеп баштады. Райондук мамлекеттик администрация тарабынан түзүлгөн комиссия мал базарлардагы санитардык-гигиеналык эрежелерди жана социалдык аралыкты сактоону көзөмөлгө алуу менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.                 Залалсыздандыруу иштери жүргүзүлүп жатат

Булак: BULUT. KG