Ноокенде эгин талаа чыгымдары аныкталды
20.04.2020
Апрель айындагы аба ырайынын кескин өзгөрүп, кар жаагандыгына байланыштуу, Ноокен районундагы айыл чарба өсүмдүктөрүнө келтирилген зыяндарды аныктоо максатында райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан райондук комиссия түзүлүп, жеринде аныктоо иштери жүргүзүлүп, бүгүнкү күндө зыян тарткан айыл чарба өсүмдүктөрүнүн болжолдуу аянты 419,68 гектар, чыгымдардын суммасы 25 млн 56 миң 907 сом экендиги аныкталды. Ноокен, Достук, Бүргөндү айыл аймактарынын жайыттарына таркалган зыянкеч чегирткелерге каршы күрөшүүнү уюштуруу боюнча райондук мамлекеттик администрациясынын райондук штаб түзүлүп, Достук айыл аймагынын жайыт аянттарында зыянкечтин очогу аныкталды. Бүгүнкү күндө зыянкечтерди тактоо иштери жүрүүдө.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик резервдер фондунан районго бөлүнгөн 63,95 тонна ун толугу менен Ноокен районуна жеткирилип, жардамга муктаж 1279 үй-бүлөгө таратылып берилди. Жалпы район боюнча 6 583 аз камсыз болгон үй-бүлөлөр, жалгыз бой карыялар, тоголок жетим балдар жана мүмкүнчүлүгү чектелгендер бар. Учурда 2559 аз камсыз болгон үй-бүлөгө тоголок жетим, жалгыз бой карыялар жана мүмкүнчүлүгү чектелгендерге айыл өкмөттөр, Кочкор-Ата шаар мэриясы, жеке ишкерлер жана жаштар, демөөрчүлөр менен биргеликте (мат.резервден- 1279 үй бүлөгө ун берилди) жардамдар берилген. Учурда 2745 жардамга муктаж үй-бүлө бар. Аларга жардам берүү боюнча иш аракеттер жүргүзүлүп жатат. Ал эми кечээ күнү райондун аймагындагы аз камсыз болгон 167 үй-бүлөгө жергиликтүү бюджеттен 351 410 сомдук жардамдар берилди.

Таажы вирустун алдын алуу иш аракеттерин көрүп жаткан медицина кызматкерлеринин коопсуздугун сактоо боюнча КР ССМ тарабынан чыгарылган 30. 03. 2020-жыл. №208 буйругунун негизинде Кочкор-Ата аймактык ооруканасынын жана Кочкор-Ата санаториясынын медициналык кызматкерлери арасында коргонуучу кийимдерди чечип кийүү ыкмасы, залалсыздандыруучу заттарды колдонуу, бейтаптарга жардам көрсөтүү боюнча практикалык окуу семинар өткөрүлдү. Ошондой эле Ноокен аймактык ооруканасы оорунун алдын алуу жана аны жайылтпоо максатында кызматкерлерди, ооруканада жаткан оорулууларды коргоо үчүн, кире беришинде атайын медициналык коргоочу кийим менен келген жарандардын температурасы өлчөнүп, андан соң кабыл алуу бөлүмүнө жөнөтүлөт. Кабыл алуу бөлүмүнүн мед айымдары атайын медициналык коргоочу кийим менен оорулууларды көзөмөлдөп, ден соолугун текшерип аныктагандан кийин гана, башка бөлүмдөргө жөнөтүү иштери күчөтүлдү. Бүгүнкү күнгө, ар ыктымалга каршы үй көзөмөлүндө тургандар жарандардын саны 504. Күнүгө текшерүү иштери жүрүп анализдер тапшырылып көзөмөлдөнүп турат. Азырынча таажы вирус илдети жок.

Жарандарга жардам берүү иретинде ачылган, 1227.tunduk.kg сайтына 6025 адам киргизилди, анын ичинен гуманитардык жардам алган 1388 жаран, жардамга муктаж 3473 жарандын заявкалары сайттан кабыл алынды, сайтка киргендерден райондук эмгек жана социалдык өнүгүү тарабынан социалдык абалдары боюнча иликтөө жүргүзүлүп 781 жарандын заявкалары четке кагылды. Учурда райондун аймагында азык-түлүк, ун жетиштүү. Райондук түзүлгөн комиссия тарабынан азык-түлүктүн баасы көзөмөлгө алынууда. Таажы вирус ооруусун алдын алуу боюнча эл арасында түшүндүрүү иштери улантылууда. Жазгы талаа жумуштары, кызуу жүрүп жатат.
Булак:BULUT.KG