Ноокенде таажы вирустун алдын алууга даярдыктар күч
13.04.2020
Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын кичи жыйындар залында таажы вирус оорусунун алдын алуу боюнча түзүлгөн штабынын №15 отуруму өткөрүлдү. Штабдын жетекчиси райондун акими Эркинбек Маматаев, отурумда айыл өкмөттөрдү, Кочкор-Ата шаар мэриясын жана мекеме-ишкана жетекчилерин кырдаалга жараша ар бирин өзүнө тиешелүү иштерди аткаруу милдеттендирди.
Ошондой эле жеке менчик 10 банктын райондук филиалдарынын бөлүм башчылары штабдын отурумуна чакырылды. Ар биринен жүргүзүп жаткан иш абалдары боюнча суралды. Банктын кызматкерлери, башка райондордун жашоочулары да акча алууга жана кредит төлөөгө, Ноокен районуна келип жатышканын. Район Ош-Бишкек жолунун жээгинде жайгашкандыгы үчүн, жолдон өткөн жүргүнчүлөр да акча алуу жана алмаштырууга кайрылып жаткандыктарын, бүгүнкү күнгө пенсия, пособия алуучуларда көп келгендигин билдиришти. Ар бир банктын бөлүм башчысына келген атуулдардын канчасы райондун ичинен, канчасы башка райондордон келип жаткандыктарын тактап маалымат берүүнү тапшырды.
Саламаттыкты сактоо тармагынын жетекчилерине ар бир жаранга өзгөчө көңүл бөлүүгө, бөлүмдөрдө жаткан оорулууларды тыкыр көзөмөлгө алуу тапшырылды.
Учурда, таажы вирустун алдын алуу үчүн, үй көзөмөлүндө тургандар 817.
Анын ичинен чет өлкөдөн келгендер-214, чет олкодон келгендердин контактныйлары 603.
Жалпы карантинден чыкканы – 316 адам, алардын контактныйлары- 730.

Райондун аймагынан жалпы лабораторияга 34 анализ жөнөтүлгөн, ал эми экспресс тест менен 495 анализ алынган, жалпы 529 анализ алынып, 10 анализ лабораторияда. Азырынча таажы вирусу катталган жок.
Таажы вирустун алдын алуу боюнча түшүндүрүү жана дезинфекциялоо иштери жүргүзүлүп жатат. Масы айылынын борбордук азык түлүк базары жабылып, МЧСтин өрт өчүрүүчүмашинасы жана СЭСтин кызматкерлери тарабынан залалсыздандыруу иштери жүргүзүлдү.

Жеке булактардын билдиришинче, Э. Маматаев, таажы вирустун алдын алуу, ар ыктымалга каршы даяр турууга, райондук деңгээлдеги мамлекеттик кызматкерлердин жанын койбой тапшырма берип жаткан имиш.
Таажы вирус мамлекетибизге баш баккандан бери Ноокен районунун аз камсыз болгон, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарына жергиликтүү бюджеттен жана демөөрчүлөр тарабынан жардамдар көрсөтүлүп келет. Райондун аймагындагы аз камсыз болгон үй бүлөлөргө жергиликтүү бюджеттен 50 үй бүлөгө 50 кап ун берилди.

Момбеков айыл аймагынын 2 атуулу 72 үй бүлөгө 144 кг эт, Масы айыл аймагынын тургундары Т.Абдыкеримов жана М.Халматов өз эсептеринен 1 жылкы союп 200 жардамга муктаж үй бүлөгө таратып берилди. Жалпы район боюнча 412 үй бүлөгө эт жана азык түлүктөн жардам берилди.
Дагы бир кубантчу жаңылык, райондун тургуну жеке ишкер Абласанов Эмил өз эсебинен медицина кызматкерлерине 90 даана вирустан кооргоочу кийимдерди тапшырды.
1227.tunduk.kg сайтына 1824 адамдын билдирмелери (заявкалары) киргизилди, анын ичинен гуманитардык жардам алган 1010 жаран, жардамга муктаж 416 жарандын билдирмелери сайттан кабыл алынды, сайтка киргендерден райондук эмгек жана социалдык өнүгүү тарабынан социалдык абалдары боюнча иликтөө жүргүзүлүп 398 жарандын билдирмелери четке кагылды.
Жана кошумчалай кетчү жагдай, РМА тарабынан райондук комиссия түзүлүп, өткөндө жааган кардан улам, дыйкандардын эккен эгиндери тарткан зыяндарды тактоо иштери жүргүзүлө баштады деп билдирет ишенимдүү булактар.
Булак: BULUT.KG