Ноокаттык жигит кош бойлуу экенин сүйүнчүлөгөн аялын сабап таштаган
13.07.2019Ноокат райондук соту өзүнүн аялын сабаган жигитке карата соттук материалдарды карады.
Аталган иштин материалдарына таянсак, Ноокат районундагы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 1994-жылы туулган тургуну Кайратка (аты өзгөртүлдү) адам ден соолугуна жеңил залал келтирүү боюнча айып тагылды.
Тергөөнүн материалдарында айтылгандай, үстүбүздөгү жылы 16-майда болжол менен саат 10:30да Кайрат аялы Гүлмира экөө (аты-жөнү өзгөртүлдү) жүгөрү отуругузуп жүрүшкөн. Аял кош бойлуу экенин айтып сүйүнчүлөмөк болгон. Кайрат сөгүнүп аны бир нече ирет чаап жиберген.
Сотто ал аялынын ден соолугуна жеңил зыян келтирди деп табылды. Экөө жарашып алганын сотко билдиришип, ошону менен сот өндүрүшү аяктады.
8-июлда соттун чечими менен Кайрат жоопкерчиликтен бошотулду.
Булак:barometr.kg