Ниязбек Арзыбаев ЖК депутаты: “Максатым – эл мүдөөсүн ишке ашыруу”
08.05.2021Акчаны эмес абийирди, кызматты эмес ыйманды, байлыкты эмес бакытты бийик койгон эл өкүлүнүн депутаттык креслосунан мурда элине жасаган эмгеги, кичи мекени, балалык чагы, максаттары, жашоо-турмуш тууралуу ой толгоолорун билүүгө кызыктык.

- Ниязбек Ирашевич, ар бир адамдын жүрөгүндө кичи мекенинин сүрөтү жашайт. Маегибизди сиз туулуп-өскөн жер, адамдыктын пайдубалы түптөлгөн балалыктын карегинде калган кайталангыс, бактылуу күндөрдөн баштасак …
- Жыл өткөн сайын артка кылчайып туулган жер, чоңойгон үй, көчө чаңытып ойногон чыт курсак кезди көп эстейт экенсиң. Мен Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Шыдыр айылында туулуп-өстүм. Союздун тамагын жеп, бактылуу балалыкты баштан өткөрдүк. Окуучулук кезде жайкы каникулда лагерлерге барчубуз, жайдын күндөрү тоолорго чыкчубуз. Чоң атамдын колунда өскөн үчүн малга жакын чоңойдум. Чөп чаап, мал кайтарып, саратан кууп ойногон көз ирмемдер али да көз алдымда. Дүйнөң тегиз, бейкапар мезгилди, айылды сагынам, ошол учурга болгон сагынычым, кусалыгым чексиз.
- Рим императору, философ Марк Аврелийдин «Улуу кыялдар гана адамдын жан дүйнөсүн ойгото алат» деп айтканы бар. Бала чагыңызда кайсы кесип идеал эле. Балалык кыялдарыңыздын канчасы ишке ашты?
- Ар бир адам бала чагында канат бүтсө эле учуп кетчүдөй болгон балалык сезимдер менен жашайт. Мектепте математиканы жакшы окуган үчүн экономист болом деп кыялданчумун. Чоң атам колхоздо активист болуп иштесе, апам бухгалтер эле. Ал убакта колхозго текшерүүлөр көп келчү, ревизорлордон чарчаганбы же ушул кызматты баалаганбы айтор, чоң атам чоңойгондо финансист кесибин алып, ревизор бол деп көп айтчу.
- Чоң атаңыздын тилегин орундаттыңызбы? Кызматтык карьераныз кантип башталды?
- Жалал-Абад коммерциялык институтун бүтүп, Базар-Коргондогу “Шыдыр” автобазада эмгек жолумду баштадым. Жалал-Абад “Бажы инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча дирекциянын” бажы терминалында 2-3 жыл инспектор болуп эмгектендим. Андан кийин ишкерлик менен алектенип, Базар-Коргонго чет өлкөдөн инвестор алып келип, кардон, коробка чыгарчу, тапочка чыгарчу, идиш жуучу каражаттарын чыгарчу завод курдук. 2015-жылы Парламенттик шайлоого катышып, насип экен Жогорку Кеңеште эл өкүлү болуп иштеп жаткан учурум.
- Депутаттык кызматка кандай максатта келдиңиз? Кандай идеяларды ишке ашыруунун жолундасыз?
- Депутаттык кызматка элдин үнүн жеткирип, көйгөйүн чечели, калкыбызга кызмат кылалы деген максатта келдим. Өзүңүздөргө белгилүү болгондой байлар, акчасы көптөр өзүнүн маселесин көтөрүп, элдин маселеси кийинки планга калып жатат, карапайым калктын кызыкчылыгын көздөгөн идеяларды ишке ашыруу менин негизги максатым жана милдетим деп ойлойм. Ушул багытта жакшы пландарды ишке ашыруунун аракетиндемин. Элдин негизги көйгөйү болгон мектеп, бала бакча, оорукана, таза суу, жер тилкеси боюнча социалдык маселелерин чечип берсек, эл өзүн өзү эле багып алат.
- Кызмат, атак-данк, байлык түбөлүктүү эмес. Сиз үчүн бул жашоодо эмне маанилүү?
- Атам “уулум акчаң кетсе кетсин, абийириң кетпесин” деп көп айтчу эле. Атамдын ушул сөзү жадымдан кетпейт, бул жашоодо мен үчүн абийир, намыс маанилүү. Эл караган жүзүм жер карабаса дейм.
- Максаттарды ишке ашырууда негизги күч эмнеде?
- Максаттарды ишке ашырууда негизги күч–талыкпаган эмгек, аракет жана бешене тер мээнетте деп ойлойм. Иштеген тиштейт дегендей, эмгек кылсаң максатың ишке ашат, аракеттенсең ийгилик жаратасың.
- Энелер жашоо башаты экендигин эч ким тана албайт. Тарбия булагы болгон апаңыз тууралуу эмне айталасыз?
- Бул дүйнөдө менин азабымды тарткан бир гана адам бар, ал менин апам деп бир даанышман айткандай, апам башкалар үчүн жөнөкөй аялдыр, а бирок мен үчүн жаннат. Апакем бир уул, бир кызды жарык дүйнөгө алып келип, кастарлап багып, татыктуу тарбия берип, атам экөө келечек пайдубалыбызды түптөп, азыркы биз жеткен турмушка жетеледи. Апам өтө боорукер, берешен, кайрымдуу жан. Бизге такыр катуу айткан жок, жакшы кеби менен акырын сүйлөп, акылын айтып чоңойтту. Эне бар кезде балалыктан арылуу жок, азыр да баламын, апам бар үчүн дүйнөм түгөл, бактылуумун!
- Кыргызда атадан артык уул, атага тең уул, атадан кем уул деген жакшы сөз бар. Сиз кандай уул боло алдыңыз?
- Атам Базар-Коргондо көп жыл автобазада эмгектенип, эл кызматында жүргөн кадыр-барктуу адам. Кандай уул боло алганымды мен эмес, эл бааласын. Бирок атамды уят кылбаганга, атадан артык уул боло албасам да, атага тең уул болгонго аракет кылам.
- Ата болуп атаңыздын эмнесин түшүндүңүз?
- Атамдын кадыр баркын түшүндүм, атамдын тилегин, ниетин түшүндүм. Кудайга шүгүр, өзүм да беш баланын атасымын. Баланын ар бир ийгилиги ата үчүн сыймык экенин түшүндүм.
- Балдарыңызга мурас кылып эмне калтырсам дейсиз?
- Атамды тааныгандын баары “атаң жакшы адам эле” дешет, атамдын аты менен көп нерсеге жетиштим. Мен да балдарыма мурас кылып атаң жакшы адам эле деген сөз калтырсам дейм.