Назира Айтбекова: “Жүрөктө ыйлап турсам да, жашоодо жыргап турам…”

Назира Айтбекова: “Жүрөктө ыйлап турсам да, жашоодо жыргап турам…”

28.08.2019 Выкл. Автор bulut.kg

Белгилүү теле алыпбаруучу, актриса, блогер Назира Айтбекова жашоо, турмуш, сүйүү тууралуу маселелерди көркөмдөп жазып турат. Бул жолу да жан дүйнөсүндөгү жаңырыкты жазып, элге жарыялады.

“Күчтүү көрүнгүм келсе керек. Оош — кыйышымды сездирбей, көшөгөнүн артына катам. Кайгым жоктой, капам сиңип кеткендей күлүп турам, жайнап турам. Ийрелектеп, түйшүктү көтөрө албай баратсам да түз кармап бойду. Шылкыйтып башты түшүрбөй, шыпшынтып, байкуш дедирбей, ууртума жылмайуу бүтүрүп, жыргап турам. Жүлүндө уулуп турса да, жүзүмдө ырдап турам. Жүрөктө ыйлап турсам да, жашоодо жыргап турам. Кайгыны тыйып, капалыкты кыйып, топуракка түйүп алыс, эч ким жок жакка ыргытып, кубанычты чакырам, сүйүнүчтү жандайм. Кел, сүйүнүч! Муңайган жакпайт мага. Жан дүйнөм сүйбөйт аны. Сени айдайм. Жалгыздык мурун коркутчу. Жалгыздыктан жакшылыкты издөөдөмүн. Бакытты оош — кыйышта, күнүң тийип, түнүң уурданып келгенде да издесе, тапса болот дедим…»

P.s. Жан дүйнөм, чыныгы жүзүм күлүп, бет кабым гана кайгырсын.

БУЛАК: zaman.kg