Назира Айтбекова: Балам “Үйүбүздүн чачыгы кандай сонун?!!” — дейт
11.10.2021Бул тууралуу Назира Айтбекова өзүнүн социалдык баракчасына жазып чыкты. Эмесе, өзгөртүүсүз беребиз.
“Ии балам, качан үй жыйнайбыз?” — дейм тыбырчылап. Үстүнкү кошуна кырып — жышып эле үй жыйнай берет. Анан терезесинен тереземе бир нерсесин эле күбүйт. Кечинде эринен таяк жейт. Эмнеге эле ызы-чуу болуп, кырылышып жатканын ким билсин? Кайра эртеси дагы жышынат. Анын чаң соргучу күйгөндө эле жаным тыбырчылай баштайт. Анда балам “Үйүбүздүн чачыгы кандай сонун?!!” — дейт маашыркана бактылуу жылмайып. Кырынып — жышынып турган раматылык таежемди эстедим. Үйүнө кирсең, бир тал чач таппайсың. Баары орду менен. Крахмалдап жууп, зимилдетип үтүктөп, кырын чыгарып бүктөп, баарын орду ордуна салчу. Ушунча таза эле! Үйү жок, жолдошу жок, балдары жок көздөрү муңайым. “Жок дегенде өзүң үчүн төрөп ал!” дегендерге “Эл эмне дейт?” деп жүрүп жалгыз өттү, жарыктык. “Мен чоңойгондо үй алып берем, ээ?” деп сөөгүн агартчумун. Чын эле ишенчү. Анан аябай сүйүнчү. Энемдер “Кырынып — жышынып атып, ырыскысынын баарын жууп салган го!” деп калчу . Чын эле ошондой туюлчу. Ичинде ушунча толо таарыныч, өкүнүч, ыза болчу. Ичиндегисин иреттегиси келип жаткандай сыртында кырып — жышый берчү. Аларды көрүп, чоң сабак алдым. Сыртыңдын тазалыгы эмес, жан дүйнөңдүн иреттүүсү, тазасы, тынчтыгы артык экен! Балам экөөбүз үйдү чачып коюп , каткырык , шаңга бөлөп, каалаганыбызды жеп, кааласак секирип, куушуп жыргайбыз. Балам да эрежеден сырткары болсун. Жан дүйнөсү эркин, таза, ачык болушун ушунча кааладым. Чачык, бирок ушундай бактылуубуз!