Назарбаевдин мурдагы кеңешчиси Ертысбаев Бакиевдин эмнеге Белоруссияга качканын түшүндүрдү
25.10.2019Казакстандын президентинин мурдагы кеңешчиси жана Белоруссиядагы элчиси болуп иштеген Ермухамет Ертысбаев «Время» гезитине берген маегинде Курманбек Бакиев эмне себептен Белоруссияга баш калкалагандыгы тууралуу пикирин айтты. Ал бул туурасында: «Белоруссия президенти Бакиев өзү чалып жардам сураган деп айткан. Албетте, ортодо сүйлөшүүлөр болсо керек. Бирок бул Назарбаев, Путин жана Лукашенконун биргелешип кабыл алган чечими деп ойлойм», — деп билдирди. Дипломаттын айтымында, Казакстан анда Бакиевге башкалка бере алмак эмес. Анткени бул кадамды Бишкек душмандык катары кабыл алмак
Булак: Фабула