Мырзаларды кайырчыга айланта турган айымдардын бир мүчөсү
28.06.2019Мыкты кам көрүлгөн, келишимдүү буттар аялдын сулуулугунун бирден-бир маанилүү компоненти. Кылымдардан бери дененин дал ушул мүчөсү суктанууларды жаратып, канчалаган мырзаларды айымдардын алдында кайырчыга айлантып келет. Буттардын сулуулугун арттырган дагы бир нерсе – бул туура тандалган бут кийим. Тык-тык этип жамбашын чайпап басканда, көзүбүздү албай карап калат эмеспизби. Дене-мүчөбүздүн келишимдүү көрүнүшү үчүн ичке, бийик такалуу бут кийимдерди киебиз. Бирок, кыргый мүчө менен катар канчалаган кыйынчылыктарга кезигебиз. Биздин буттарыбыз жооруп, ооруп, чарчап калат. Ошондуктан дарттардын алдын алуу үчүн дайыма буттарга кам көрүп, ар дайыма кылдат көңүл буруп туруубуз керек. Ал үчүн бир нече сунуштарды, кеңештерди айтмакчыбыз.
Массаж
Бул жагымдуу процедура сөзсүз күндөлүк кайталануучу адатка айлануусу зарыл. Анткени массаж жан кыйнаган оорулардан арылтып, бир күн кечке басып жүрүп, чарчаган буттарды эс алдырууга гана жардам берип тим болбойт. Белгилүү болгондой таманда адам организминин көптөгөн органдары жана системалары менен тыгыз байланышкан биологиялык активдүү чекиттер орун алган. Демек, анча узак эмес, күндө кечкисин кайталануучу массаж чындап ден-соолукту чыңдоочу процедура боло алат.
Эгер сиз жумушка бийик такалуу бут кийим кийип келген болсоңуз, түшкө жакын буттарыңыз чарчап, оорута баштайт. Мындай учурга жумушка таманы жапыз бут кийим алып келип койгонуңуз оң! Адистердин пикиринде ар дайым бийик така кийип жүрүү зыяндуу, ал үчүн маал-маалы менен чечип, буттарды эс алдыруу керек.
Эгер сиз күн бою офисте олтуруп, аз кыймылдасаңыз, отургучтан бат-бат туруп, бутуңуздун учу менен туруп көрүңүз.
Пайдалуу ванналар.
Пайдалуу ванналар буттарга кам көрүүнүн дагы бир маанилүү ыкмасы. Өзгөчө жай мезгилинде магдыратып салкындатуучу касиетке ээ. Кошулмаларды пайдаланганыңызга жараша ар түрдүү маселелерди чечсеңиз болот.
Чарчаганыңызда сизге чалкандын, жалбыздын жана бака жалбырактын аралашмасы жардамга келет. Ушул чөптөрдүн баарынан бирдей өлчөмдө алып, үстүнө кайнак суу куюңуз. Качан суу 35-40 градус аралыгына келгенде, чарчаган буттарды салып ырахатка батыңыз.
Пилинг
Пилинг – жай мезгилинде көбүрөөк жасалуучу процедура. Бутка жасалуучу пилинг – тамандын алдында катуу болуп чогулуп калган катмарды жок кылуу. Бул кан айланууну жакшыртып, ал эле эмес адамдын таманында жайгашкан, жетимиштен ашык ички органдардын иштөөсүнө байланышкан нерв клеткаларына жакшы таасир берет.
Таманга ылайыкташкан деңиз тузунан жасалган скраб. Деңиз тузун жана оливка майынан коюу аралашма жасайбыз. Бир нече тамчы лимон кычкылын тамызабыз. Согончокторго сүйкөп, 10 мүнөттөн соң салкын суу менен чайкайбыз. Зарыл болсо «кыргыч пемза» же атайын щетка менен сүртөбүз
Маскалар
Буттардын териси кургак болсо, алманы майда бөлүктөргө бөлүп, аз өлчөмдөгү сүткө кайнатыңыз. Кайнаган соң майдалап эзип, буттарга сыйпаңыз. Жарым сааттан соң жылуу сууга чайкап, азыктандыруучу крем сыйпап коюңуз.
Тизенин териси катуу, кургак болсо 10:1 өлчөмдө өсүмдүк майы менен апельсиндин ширесин аралаштырып, тизенин терисине жеңил кыймылдар менен сыйпаңыз. Жарым сааттан соң жууп, крем сүйкөп коюңуз
Булак:barometr.kg
