Мынчалык кирешелүү экени оюма келбептир!

Мынчалык кирешелүү экени оюма келбептир!

27.05.2019 Выкл. Автор bulut.kg

Ак-Турпак айылынын тургундары көп убара тартпастан, жылына 5-6 миң доллар киреше алышат. Айылдыктар көп каражат, убакыт жана чоң күч талап кылбаган иштин ыгын таап алышкан. Бүгүн лимон өстүрүү боюнча кирешелүү иш менен кыштактын 30 түтүнү алектенет. 

Ак-Турпак айылы Баткендин борборунан бир нече чакырым ыраак. Аталган айыл өз өзгөчөлүгү менен белгилүү. Жергиликтүү тургундар дүңгүрөтүп той берүүдөн баш тартышкан, ошону менен бирге эле алар Кыргызстан боюнча мыкты агроном катары таанылышкандай. 

Дал ушул кыштактын жашоочулары өлкөдө алгачкылардан болуп лимон өстүрө баштаган. Ак-Турпакта Ибадулла Кенжебаев биринчи болуп цитрус дарагын отургузган. Жергиликтүү жашоочулар аны лимон бакчасын тиккен биринчи кыргызстандык деп эсептешет.

Фермер цитрус өсүмдүктөрүн өстүрүү өтө кирешелүү экенин жашырбайт. Көп убара тартпастан эле жыл сайын бир нече миң доллар табууга болор экенин айтат. 

«Бир топ жыл илгери Өзбекстандан келген досторум менин бакчамды көрүп чыгып, «Пайдалуу да, даамдуу да жашылча-жемишти көп өстүрүүгө боло турган жерди эмнеге мындай туура эмес пайдаласың?» – деп суроо салышкан. Ыңгайсыз боло түшкөм. Алар мага лимон өстүрүүгө кеңеш беришкен. Биздин Баткенде кантип лимон өссүн деп анча ынана бербедим. Кымбат да болсо керек, машакаты да көп чыгар, ансыз да ден соолугумду бузуп жаткан күрүч эгилген талааларым бар дегем өзүмчө», — деп эскерет бул ишинин башатын Кенжебаев. 

Бирок достору лимон бакчасын багуу ал ойлогондон алда канча жеңил экенин айтышкан. 

«Он жыл мурун лимон багын сатып алууга көндүрүштү. Аябай тобокел иштей туюлган. Күчүмдү да, акчамды да жөн эле короткум келбеди, андыктан, алардан башында жардам берүүсүн өтүндүм. Бир аз топтогон акчам бар эле, дароо 60 түп көчөттү ар бирин 500 сомдон алдым! Баш-аягы 700 долларга жакын сарптагам», — дейт ал. 

Достору көчөт тигүүгө жардамдашып, иштин негизги бөлүгү бүткөнүн, тигилген көчөттөрдүн өсүп кетишине көз салып турууну түшүндүрүшкөн. 

«Ллимон эмгекти өтө деле талап кылбайт дешти. Тек гана аларды сугарып, абанын температурасын байкап туруу зарыл экен. Цитрус өсүмдүктөрү үчүн эң төмөнкү температура +8 градус, бирок меникилер +1 градуска деле чыдап берди. Азыр лимон бактарым күнөсканада, бирок аларды мен башында жерге эле отургузгам. Лимондун түйшүгү жок, балким, ошондон да жакшы өсүп чыкты окшойт. Кышкысын, чилде түшкөндө көчөттөрдүн үстүн үйдө эмне болсо, ошонун баарын алып чыгып жылууладык», — дейт айылдык багбан. 

Эки жылдан кийин бакчанын тегерегине самандан күнөскана курган. Аракетинин берекети көп зарыктырбады. Андан эки жыл өтпөй багбандын маңдайы жарыла кубанганын айтпаңыз! Лимон бактары бир нече тонна түшүм берген. 

«Бактар төртүнчү жыл түшүм бере баштады. Бир топ жылдан бери жылына төрт-беш тонна лимон чогултабыз. Баарын жергиликтүү базарда сатабыз. Элге кыргыз лимону жагат. Алардын артыкчылыгы арбын, өстүрүүдө эч кандай химия сеппейбиз, сугарган суубуз да арашан. Натыйжада ден соолукка пайдалуу өсүмдүк, анан да жыты буркурайт», — дейт ишкер. 

Фермердин айтымында, Ак-Турпактын лимону Кыргызстан боюнча килосу 80-90 сомдон сатылат. Бүгүн Ак-Турпак кыштагындагы үйлөрдө бул цитрус жемиши тамак-ашка кошулчу негизги азык. Айылда лимондон аябай даамдуу кыям да жасалат. 

«Эң башкысы, бул ден соолукка аябагандай пайдалуу! Көпчүлүк биздин жемиштин сапатын да баалап калышты, бул бизди кубандырбай койбойт. «Кыргызстанда өндүрүлгөн» деген белги биздин сатып алуучулардын ишенимине киргени да сүйүнтөт. Биздин лимондор Тажикстан же Өзбекстандан келгендерге караганда 10 сомго кымбат сатылат. Ошентсе да сатып алуучулардын көбү баары бир биздин, Баткенде өстүрүлгөн жемишти тандашат», — деди Ибадулла мырза. 

Ал лимонду организмден зыяндуу токсин жана шлактарды сүрүп чыгарган, салмакты жөнгө салуучу, ошондой эле иммунитетти бекемдеген «тазалоочу каражат» деп коет тамашалай. Каарманыбыз бизге лимон өскөн күнөсканалардын бирин көрсөттү. Бишкектеги батирлерде өскөн бактардан алда канча бийик. Жыты аңкыйт, шактуу да келет экен! Агроном жакында эле бактар гүл ачканын, дал ушул себептен күнөсканада гүл, цитрус жыты буркурап турганын айтты. 

«Жолдуу экенсиздер, аябай жакшы убакка туш келдиңиздер. Эгер жакшылап байкасаңар, лимондун бууланганын көрө аласыңар. Мындай абадан дем алуу абдан пайдалуу, ал кычкылтекке бай, күнөсканадан улам нымдуулугу жогору. Витаминге бай, химиялык же зыяндуу заттары жок жакшы лимонду кантип айырмалоого болорун билесиздерби? Нагыз, пайдалуусунун сырты бодуракай, анча кооз көрүнбөйт. Цитрусту цитрус кылган жыты баарынан маанилүү, ал каңылжаарды жара тургандай эмес, аябай жумшак, таза болушу керек», — деп түшүндүрдү ал. 

Ибадулла Кенжебаев бул иштин кирешелүү экенин билген коңшулары да бул өсүмдүктү өстүрө баштаганын айтат. 

«Ушул тапта айылда 30дай түтүндүн цитрус бакчасы бар. Кошуналарыбыз эр экен, дароо эле жакшы күнөсканаларды курушту. Натыйжада алардын бактары мөмөсүн меникине караганда бир нече апта эрте түйөт. Атаандаштык тууралуу ой деле жок. Коңшуларымдын бул иш менен алектенгени кайра мага жакшы», —деди багбан. 

Фермердин айтымында, лимон бакчасын канчалык көп адам өстүрсө, бул бизнестин кирешелүүлүгү ошончолук артат. 

«Өмүр бою күрүч, өрүк өстүрүп келгем. Жакшы түшүм алуу үчүн көп күч коротуп, күн сайын талыкпай эмгектенесиң. Мында бак тигесиң, бир аз күтөсүң, анан товарды сатууга кардар издейсиң. Болгону ушул! Маселен, бул тажрыйбам айылдаштарымды да лимон менен алектенүүгө шыктандырганы мени кубандырат. Бул керемет нерсе да, үй-бүлө көп күч жумшабастан эле жыл сайын беш миңден жогору киреше алышат!» — деди ал. 

Анын айтымында, лимондон мындан да көп пайда алууга болмок, бирок жалкоолуктун айынан анте албай жатышканына күйөт.. 

«Лимон багынын бир көчөтү бүгүн 250 сомдон сатылат, аларды бизге Өзбекстандан ташып келишет. Көчөттү өзүбүз деле өстүрсөк болот, жалкообуз да. Ишибиздин илгерилеши үчүн дагы көп эмгектенүү керек», — деп түшүндүрдү ал. 

Фермер баткендиктердин лимон бизнесин аз жерден бузуп коё жаздаган көйгөйлөрүн да ачык айтты. Кыргызстанга аткезчилик жол менен жүк келип, өтө арзан сатылган экен. 

«Бул жакка аткезчилик менен начар лимон, гилас жана башка азыктарды ташып келип, төмөн баада өткөрүшөт. Сатуучу арзандыгына азгырылат. Аларды жеген да кооптуу, эл болгону баасына карайт. Аткезчиликтин айынан Кыргызстанда эки көйгөй жаралууда: элдин саламаттыгы жабыркайт, ишкерлердин ишине бөгөт коюлат», — деди фермер. 

Анын айтымында, өлкө аймагына сапаттуу азыктарды ташуу маселесин мамлекет чечүүгө тийиш, бирок бул иш ордунан козголо элек. Андыктан рыноктогу атаандаштыкка туруштук берүү үчүн фермерлер бааны төмөндөтүүгө аргасыз.

Булак: sputnik.kg