Мына сага, Абылгазиев аткаминерлерди жазалады
29.10.2019Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев министрдин жана мекеме жетекчилеринин 16 орун басарына, статс-катчысына эскертүү берип, сөгүш жарыялагандыгы өкмөттүн 15-октябрда чыккан токтомунда жазылган.
Алар «жүктөлгөн милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн» жаза алышканы айтылат.
Эскертүү берилген аткаминерлердин тизмесине көз чаптырыңыз:
- Экономика министрлигинин статс-катчысы Айдин Шаршеев;
- Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Камалдин Токтосартов;
- Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Ализа Солтонбекова;
- Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жаңыл Алыбаева;
- Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Кайрат Иманалиев;
- Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Миргүл Айдарова;
- Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун статс-катчысы Илияз Ташбаев;
- Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасынын орун басары Токтогул Туманов;
- Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасынын орун басары Бекболот Алиев.
- Сөгүш берилген аткаминерлер:
- Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадаминжан Каратаев;
- Саламаттык сактоо министринин орун басары Эркин Чечейбаев;
- Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин статс-катчысы Каныбек Адиев;
- Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Айтмамат Кадырбаев;
- Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Карыбек Ибраев;
- Мамлекеттик салык кызматынын статс-катчысы Жакып Карагул уулу;
- Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасынын биринчи орун басары Калиман Маматова.