Мыктыны мыкты деш керек!
20.08.2021«Жакшы адам жаныңызда» деген рубрикабыздын каарманы катары бүгүн Төрөбай Зулпукаров жөнүндө жазгым келди…

Эркин мамлекет болгонубузга 30 жыл толсо да стабилдүү боло албай, өнүгүү жолун таба албай келебиз. Ал арада канча революция болуп кетти. Саясатта да өзгөрүүлөр көп, башаламандык… Буга чейин канча саясатчылар камалды. Атагы таш жарган саясатчылар камалса деле башында жердештери, жакшы санаалаштары жол тосуп, митинг кылып он күн, бир ай дегенде ал кишини унутуп калчубуз. Бирок, Төрөбай Закировичтин камалганына эки айдын жүзү болсо да боштондук сураган элдин үнү тыйыла элек. Эмне үчүн, себеби, элим-жерим дегенде ичкен ашын жерге койгон эл өкүлү. Ар дайым эл арасында, элдин кандай көйгөйү болбосун чечүүгө аракет жасачу. Мыкты депутат экендигинин далили.

Бир гезитте иштеп жүрүп “атактуунун арзуусу” деген рубрикага маек алганы барып таанышканбыз. Өтө жөнөкөй, кичи пейил, ар бир сөздү орду менен сүйлөгөн мыкты эл өкүлү экенин байкадым. Саясатка келгенге чейин эмне жумуш жасаганын, саясатка келгендеги максатын айтып агынан жарыла деги эле көп суроого эркин жооп берди. Биздин тааныштык ошентип башталды. Кийинки маегибиз апа тууралуу болду. Апасы жөнүндө маек берип жатып, ыйлаган эркекти биринчи көрдүм. “Мен анда Орусияда иштечү элем, айылга барып кайра шаарга кайтып атканда апам коңшу айылга чейин биз менен келип машинеден түшүп калды. Апамдын кол булгалап аткан карааны көрүнбөй калганга чейин машиненин күзгүсүнөн карап келдим. Ошол акыркы көрүшүм болду. Ишенесиңби, ошол күндөн ушул күнгө чейин качан, кай жерден машиненин рулуна олтурсам, апам карап кол булгалап жаткандай элестейт” деди. Бул жалган дүйнөгө адам баласы бир ирет эле жаралат экен. Өмүрдүн, жакындардын баркын билбей калат экенбиз го чиркин… Ата-эненин көзү тирүүсүндө сыйлай билиш керек! “Мен деле сыйладым, бирок азыр болгондо алтынга ороп коймокмун. Азырчы, алтындан эстелик койгонго чамам жетет, бирок, ал нерсенин апама кереги эмне, пайдасы жок да” деди көзүнө келген жашты аарчып.

Ошондуктан ата-энең тирүү кезинде бат-баттан жолук деп кебин улады. Көңүлүн ал. Колуңдан келген белегиңди бер. Алар кичине белекке деле кубана берет. Баркын бил, кийин өкүнбөгөндөй бол! Ушул нерсени ишке ашыр деген кеңешин берди. Мен ал кеңешти турмушумда ишке ашырып келе жатам. Чын эле ата-апама чоң белек деле керек эмес. Эң негизгиси, алар үчүн көңүл буруу маанилүү экенин сездим. Мындан башка да көп кеңештерин турмушта колдонуп келем.

Бир жолу мугалимдер күнүнө карата ардак грамота, дипломдорду даярдап калдык. Буларды эмне кылат экен деп таң калгам. Көрсө, ар бир кесип ээлерин майрамы менен жыл сайын куттуктаганын кийин билдим. Төрөбай Закирович аркылуу Ноокаттык жердештери менен жакындан тааныштым. Меймандос, тил билги, адамдын кадырын жайына койгон инсандар Ноокатта көп болорун байкадым.
Достукка бекем инсан экенин Мырза Добутов ага каза болгондо билдим. Ошондо көрдүм, доско достун күйүтүн. Азыркы күнгө чейин Мырза дегенде көзүнө жаш айланат…

Төрөбай Зулпукаровдун мыкты сапаттарын санай берсем оголе көп. Ноокатка Төрөбай Зулпукаров курулуш курдурбаган айыл калган деле жок болсо керек го. Мектеп, бала бакча, спорт аянтчалары, спорт клубдар, мечит, медпункт, жол, таза суу — деги койчу мен билгенден социалдык обьектилер бир катар эле курулду. Ноокатка эле эмес өлкөнүн көп аймактарына курулуш жагынан жардам берди.
Жардам демекчи, мен өзүм жеке, көптөгөн жетим-жесирге, оорулууга жардам алып бердим. Жардам алып жаткан киши менин бергенимди билбесин деп суранчу. Анан эч жерге жарыя кылба деп эскертчү. Жөн гана мусулмандык, жигиттик милдеттен кутулуп атам деп койчу. Бүгүн ошол жардамдар тууралуу жөн гана айткым келди.
Адамдык сапаты бийик, патриот мырза, татыктуу эл өкүлү Төрөбай Зулпукаров акталып чыгып, элине далай кызмат кыларына ишенем. Батар күндүн атаар таңы бар дегендей, бүгүн караңгылык болсо эртең сөзсүз күн чыгарын күтө туралы…
Альбина Шадыбекова