Мыктыбек Тургунов Кардио-реаниматолог “Адамдын ден соолугу жана өмүрү баарынан кымбат”
29.04.2019Учурда жүрөк, кан тамыр ооруларынан жабыр тарткан бейтаптардын улам көбөйүп бара жаткандыгы баарыңыздарга эле маалым болсо керек. Андыктан жалпы окурмандарга бул оору боюнчакеңири маалымат берүү үчүн биз “Кардиоцентр” жеке медициналык борборунда кардио-реаниматолог,
1-категориядагы дарыгер Мыктыбек Тургунов менен маектешкен элек. Мыктыбек мырза кеп кезегинде
өз ишинин устаты экендигин бекем далилдеп буларды айтып берди.
—Мыктыбек мырза, медициналык билимди
кайсы окуу жайдан алдыңыз эле жана алгачкы эмгек
жолуңузду кайсы ооруканадан баштадыңыз?
—Мен 2001-жылы Кыргыз-Орус Славян университе-
тинин медициналык факультетине тапшырып, бул окуу
жайды 2008-жылы бүтүргөм. Андан соң ушул эле жылы
М.Миррахимов атындагы улуттук кардиология жана
терапия борборунда кардиология тармагын тандап
ординатурага тапшыргам. Ординатурада окуп жүргөн
учурда эле алгачкы эмгек жолумду кардиология ин-
ститутунда баштагам. Бул институттун өнөкөт жүрөк
оорулар, ургеттик кардиология жана реанимация
бөлүмүндө жалпысынан 8 жыл эмгектендим. 2014-жылы
1-категориядагы дарыгер катары ишимди уланта баш-
тадым. 2017-жылы августтан баштап “Кардиоцентр”
жеке медициналык борборунда кардио-реаниматолог
жана ошол эле учурда реанимация бөлүмүнүн жетекчи-
си болуп иштеп жатам.
—Эмесе аталган борбор тууралуу кыскача
маалымат берсеңиз?
—Учурда бул медициналык борбордо жалпысы-
нан 8 дарыгер кардио-реаниматолог болуп иштешет.
Алардын үчөө күндүзү дайыма иштешет. Ал эми калган
бешөө кечинде кезекке туруп реаниматолог катары өз
ишмердүүлүктөрүн жүргүзүшөт. Булардан сырткары
да медайымдарыбыз бар. Биздин борбордо жүрөктүн
өнөкөт кемтик оорусуна байланыштуу АКШ кардио-
хирургиялык операциялар жасалат. Бүгүнкү күндө
дүйнөдөгү алдынкы өлкөлөрдө жетишип жасалган опе-
рациялар буюрса биздин Кыргызстанда бул жеке ме-
дициналык борбордо жогорку деңгээлде жасалып, да-
рылоолор жүргүзүлүп жатат. Биздин борбор заманбап
медициналык жабдуулар менен камсыз болгон жана
дүйнөлүк стандарттарга жооп бере тургандыгын баса
белгилеп кетмекчимин.
—Сиз жогоруда мамлекетке караштуу
улуттук кардиология жана терапия борборунда
иштегениңизди айтып өтпөдүңүзбү. Учурда жеке
медициналык борбордо өз ишмердүүлүгүңүздү
улантып жаткандан улам мурункуга
салыштырмалуу жоопкерчилигиңиз күчөсө керек?__
—Дегеле мамлекеттик ооруканада болобу же жеке
медициналык ооруканадабы биринчи орунга адамдын
ден соолугу коюлуп, ошол эле учурда адамдын ден со-
олугу баарынан жогору турушу керек. Ошондуктан
мамлекеттик ооруканада канчалык жоопкерчилик
болсо, жеке медициналык борбордо андан да бир канча
жогорку деңгээлде жоопкерчилик болот. Анткени бул
жакта көбүнчө бир топ маселелерди жеке керт башың
менен чечүүгө туура келет.
—Бул борборго кайрылган бейтаптарга алгач
кандай кызмат көрсөтөсүздөр?
—Бейтаптардын мүмкүнчүлүгүнө жараша
өзүбүздүн шартыбызды айтабыз. Андан соң өз каалоо-
су менен макул болгон бейтаптарды жаткырып дары-
лай баштайбыз. Ал эми башка жактан дарылана турган
болушса анда кеп-кеңешибизди айтып, кандай дары-
ларды ичип, кимдин
көзөмөлүндө боло тур-
ганын түшүндүрөбүз.
Эгер шашылыш түрдө
жаткызууга туура келе
турган болсо, биринчи
медициналык жардам-
ды көрсөтүп, андан соң
бул жакка медициналык
“Тез жардамды” чакыр-
гандан кийин тиешелүү
ооруканаларга жолдо-
мо берип жөнөтөбүз.
—Жалпысынан
жүрөк кан тамыр
ооруларына кайсылар
кирет жана
башка ооруларга
салыштырмалуу
канчалык көп
кездешет?
—Мунун бир нече
түрү бар. Бул оорулар-
га: инфаркт, инсульт,
гипертония, жүрөктүн
кемтик оорулары жана
башка оорулар кирет.
Жүрөк, кан тамыр оо-
рулары дүйнөдө жана
биздин өлкөдө жайы-
лышы боюнча биринчи
орунда турат. Жалпы
көз жумгандардын 50
пайызын жүрөк кан тамыр оорулары түзөт.
—Оорунун пайда болушунун негизги себеби
эмнеде?
—Акыркы мезгилдерде биздин жарандарыбыз
өздөрүнүн ден соолугуна кайдыгер мамиле жасаган-
дан улам өнөкөт ооруларга кабылып жатышат. Таме-
ки тартуу, спорт менен алек болбостон аз кыймылда
болуу, туура эмес тамактануу, кант диабет оорулары,
холестериндин көбөйүшү, стресске кабылуу жүрөк, кан
тамыр ооруларынын пайда болушунун бирден-бир се-
бептери болуп эсептелинет.
—Бул борбордо бейтапка кандай учурда операция
жасалат? —Ар бир оорунун өзүнүн дүйнөлүк кабыл алынган
жалпы стандарттары болот. Ошого жараша бейтаптар-
дын абалдары маалым болот. Андан соң кийинки дары-
лоо жүргүзүүнүн шарттары аныкталат. Эгер операция
жасалуунун көрсөткүчтөрү туура келип жана ошол эле
учурда операция жасаларда жүрөк көтөрсє, организм-
дин башка органдарында кошумча болгон оорулардын
баары биригип туура келе турган деңгээлде болсо, анда
ал бейтапка операция жасалат.
—Кесибиўиз тууралуу кыскача эмне айта аласыз?
—“Ар бир кесип ардактуу” деген сөз бекеринен ай-
тылбаса керек. Биздин кесип сыймыктуу жана ошол эле
учурда түйшүктүү болуп эсептелинет. Бизге кайрылган
бейтаптарга жардамыбыз тийип алар айыгып кетишсе
жана алар биз көрсөткөн көрсөтмөлөрдү так жана туу-
ра аткарса, анда абдан сыймыктанабыз.
—Дүйнөдө азыркы кезде
кайсы гана илим болбосун
жаңы ачылыштар болуп
жатпайбы. Сиздер дагы
медицина тармагында
мезгилден артта калбай
эмне менен алек болуп
жатасыздар?
—Бүгүнкү күндө медицина-
дан тышкары башка тармак-
тарда да жаңы илимий жетиш-
кендиктер болуп жатат. Ошон
үчүн биз дагы жалпы дүйнөлүк
рекомондациялардан артта
калбаш үчүн жаңы медицина-
лык текшерүүлөрдүн түрлөрүн
өздөштүрүп жатабыз.