Мухаммед Салах “Ливерпулдан” кетеби?
22.08.2019Египеттик футболчу, англиялыктардын “Ливерпуль” футбол клубунун жарым коргоочусу Мухаммед Салах жакынкы 12 ай ичинде “Ливерпулдан” кетет. Бул тууралуу “Манчестер Юнайтед” командасынын мурдагы коргоочусу Гари Невилл айтып чыккандыгын батыштын ЖМК жазууда.
Гари Невилл “Салах жакынкы 12 ай ичинде “Ливерпулдан” кетет. Мен ага кепилдик бере” алам деп айткан.
26 жаштагы египеттик футболчунун “Ливерпулдан ” кетүү себеби башкы машыктыруучу Юрген Клопп менен келишпестиги мурдатан бери айтылууда.
Эсиңиздерге сала кетсек, египеттик атактуу футболчу Англиянын Премьер-лигасынын жылдын мыкты футболчусу аталган. Былтыркы сезондо Салах “Ливерпуль” командасы менен 52 матчка катышып, 44 гол жана 15 натыйжалуу жыйынтык көргөзө алган. Ал эми быйылкы сезондо 45 беттешүүгө катышып, 22 гол киргизген. Буга кошумча Европа чемпионатынын эң мыкты футболчуларына бериле турган «Алтын бутса» сыйлыгына татыктуу болгон.
Булак: zaman.kg